АКШ КОНГРЕССИНЕ СИРИЯ ОППОЗИЦИЯСЫНА КУРАЛ ЖЕТКИРИП БЕРҮҮ ЖӨНҮНДӨ МЫЙЗАМ ДОЛБООРУ СУНУШТАЛДЫ

342
0

Дүйшөмбү күнү АКШ конгрессине Сирия оппозициясына курал жеткирип берүү мүмкүнчүлүгүн берген мыйзам долбоору сунушталды. Бул долбоордун демилгечиси – тышкы иштер боюнча сенат комитетинин өкүлү Роберт Менендес.

Ал мындай деди: «Асад режими «кызыл сызыкты» басып өттү, мындан улам биз бардык варианттарды карап чыгууга мажбурбуз. Сирия жана анын тегерегинде оор гуманитардык кризис жаралууда, ошондуктан абал Сириядагы оппозициячыл топтордун тарабына оң чечилиши үчүн АКШ жардам көрсөтүүсү зарыл».

«Сирияны турукташтыруу жөнүндөгү акты» деп аталган бул мыйзам долбоору «Сирия куралдуу оппозициясына» аскерий жактан жардам берүүнү өзүнө камтыйт. Бул жардамга «адам укуктары жана терроризмге каршы күрөш жаатында белгилүү бир сыпаттарга ылайык келген» коңголоңчу күчтөр гана татыктуу болот. Мына ошондо да оппозиция күчтөрүнө зениттик-ракеталык комплекстер жеткирилип берилиши тыюу салынган.

«Адам укуктары жана терроризмге каршы күрөш жаатында белгилүү бир сыпаттарга ылайык келген» дегени – бул Америкага малайлык кылууга жарактуу дегени. Демек, Америка бул малайларына өз элин аткандан башка эч нерсеге жарабаган эскирген куралдарын “жардам” катары бермекчи.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here