Суроо жооп майданы

Кош келиңиз гость 

Көрсөтүү/Жашыруу Теманы

Кош келиңиз мейман! Бул форумда суроо калтыруу үчүн каттоодон өтүү талап кылынат.





Беттер: [1]
Автор Тема: Ваъйи амма деген эмне?
Alek
Про
Сур-Жоо: 160
Permalink
Сообщение Ваъйи амма деген эмне?
        December 20, 2018, 09:18
Цитата

Ассалому алайкум.

Ваъйи амма деген эмне?

turkistonk-
g
Администратор
Сур-Жоо: 170
Permalink
Сообщение Сур: Ваъйи амма деген эмне?
        December 20, 2018, 09:20
Цитата

Ва алайкум ассалам ва рахматуллахи ва баракатух.

Ваъй(الوعي) арабча сөз болуп – аң сезим деген мааниде. “Аң-сезим”, “акл” деген мааниде да иштейт: адам – аң-сезимдүү зат, т.а. акылдуу, тирүү зат. Бирок суроодо келген “аң-сезим” – дүйнөдөгү бардык нерселерге бир бурчтан туруп кароо, баа берүү деген мааниде. Маселен, чыныгы комунисттерге карата бул нукта – материалдык өнүгүү. Т.а. табигый өнүгүү жана адамдар тарабынан болгон өнүгүү. Алар бул өнүгүүнү мамлекет эң жогорку деңгээлде ашырат деп билет. Б.а. мамлекет ыйыктыгы деген негизден туруп карашкан. Бул негиз боюнча жалаң мамлекет кабыл кылган мыйзамдар гана ар кандай иштерге өлчөө болушу керек. Бирок СССРдин акыркы жылдарында мыйзам үстөмдүгү да, мамлекет ыйыктыгы да экинчи даражалуу нерсеге айланды. Комунисттер өздөрүнүн мыйзамдарына тескери таризде, өздөрү кабылдаган негиздерге каршы түрдө мүлк ээлерине айланышты. Натыйжада СССР кулады.

Чыныгы капиталисттер болсо эркиндик деген нуктадан т.а. итикад, пикир, шахс, мүлк эркиндиги деген негизден туруп карашат. Капиталисттик мамлекеттер ушул негизден туруп дүйнөгө караган. Бирок Исламий саясий күч майданда көрүнгөндө өздөрүнүн бул дүйнө карашын өздөрү бырчалашты. Азыр бул кепти т.а. “демократия” – эл бийлиги, деген беткапты акыл-ээси соо бирер адам айта албайт. Болгону биздеги эки жүздүү депутаттар жакындарына, чөйрөсүндөгүлөргө калкты алдоо максатында бул негизди: “демократия” – эл бийлиги, деген кепти иштетип келишүүдө.

Ал эми Исламий нукта “ла илаха иллаллах” болуп, ар бир чоң жана майда нерсеге шаръий хукм негизинен туруп кароо аң-сезим эсептелет. Мужтахид жана факихтерсиз, таклиддин өзү менен биз аң-сезимдүү боло албайбыз. Мужтахиддер ушул негизден – Куран жана хадистен – туруп ар бир иш-аракет, амалдарга, нерсе жана окуяларга өз караштарын баян кылып бергендер. Ар бир нерсеге ушул хукмдар жана райлардан келип чыгып жандашпасак, биз эч качан исламий аң-сезимге ээ боло албайбыз. Өзүбүз аң-сезимдүү болушубуз үчүн алгач өзүбүздүн жашоо образыбызды фикх негизинде ар бир сөзүбүздү аныктап, үйрөнүп алышыбыз керек. Ошондо ар бирибиз дүйнөгө Исламдан туруп караган жана исламий аң-сезимдүү адамдар, чыныгы мусулмандар болобуз.

“амма” сөзү кыргызчада бул контекстке карата “жалпы” деп иштетилет. Мисалы, “жер” деген сөз жалпы. Кээ бир нерселер жалпы болбостон, хос болот. Мисалы, ысымдар: Ахмад, Абдуррахман, Фатима, Зайнаб сыяктуу. Же кээ бир хукмдар хос: хижаб-аялдарга хос, динден кайткандарга (муртад)дын жазасы Исламдан кайтууга хос сыяктуу.

Эми “ваъй амманы” вужудга келтирүүнүн биринчи кадамы -“Дусия” аттуу китебибизде келгениндей: «Ислам дарагынын тамырынан зыянкечтерди кетирүү – фикр жана өкүмдөрдү Ислам акыйдасына байлоо жана буларды Куран жана сүннөттөн келип чыккандыгын баян кылуу менен ишке ашат. Ушул фикр жана өкүмдөрдү Куран жана сүннөттөн келип чыккандыгы ар бир фикр жана ар бир хукмдун шарий далилин келтирип берүү менен болот. Т.а. ар бир нерсеге – мейли ал Ислам же Исламдан деп саналышы үчүн – далил келтирүү зарыл»… “Ушуну менен мабда – анын фикрат жана тарыйкаты – жөнүндө жалпы аң-сезим (ваъй амма) пайда болгондон кийин, райи ааммада (жалпы элдин райында) революция болсун.(“Хизб ут тахрир түшүнүктөрү” китебинен).

Бул болсо мужтахиддерди, факихтерди өстүрүп чыгаруу Үммөттүн аң-сезимдүү болушунун алгачкы кадамдарынан экенин түшүндүрөт. Ушул орунда шайхыбыз Набаханий (р.) өмүрүнүн акыркы жылдарында, аныгыраагы 1973-жылы жазган “Тафкир” китебинен ушул темага байланыштуу бир-эки абзацты келтиремин:

««…Шаръий хукмдарга чектелип, жашоо майданына жогорку деңгээлде кирип барууга болгон чечимибиз болгон соң, таклидден истинбат кылуу даражасына көтөрүлүшүбүз жана турмуш иштерибиздин баарын жалаң гана шаръий хукмдар менен түзөтүүбүз шарт. Бул болсо бизге истинбат үчүн керектүү сакофатты алуудан башка чарабыз жок экендигин түшүндүрөт. (Шайх бул сөздөрдү биз үчүн айтууда, ал өзү андан 20 жыл мурун эле мужтахиди мутлак болгон)

Туура, шарий хукмду билүү фарзи айн, шарий хукмдарды истинбат кылуу болсо фарзи кифая. Бирок вакиъ жана окуялардын жаңылануусу бар болгондуктан о.э. шаръий хукмдан башка ар кандай хукмду алууну Ислам арам кылгандыгы (ушул эки нерсе) себептүү мыну ушул фарзи кифаяны АЪЙНдай зарыл кылып койот (маани бериңиз, мужтахиддикти фарз айндай деген жыйынтыка келген экен:... жаңылануу болгондугу... башка хукмду алууну Ислам арам кылгандыгы... АЪЙНдай зарыл кылып койот... эмне үчүн айъндай?..). Ошон үчүн Үммөттө истинбат кылуучулар жана мужтахиддердин көп болушу зарыл».

Муттакий.

Беттер: [1]
Автор turkiston.info
Версиясы: 1.0.34; Страница загружена за 0.043 секунд.