Суроо жооп майданы

Кош келиңиз гость 

Көрсөтүү/Жашыруу Теманы

Кош келиңиз мейман! Бул форумда суроо калтыруу үчүн каттоодон өтүү талап кылынат.





Беттер: [1]
Автор Тема: Хизб жамаатындагы бурадарлардын милиция кызматкерлери камап койуусу казабы же ыктыярий амалбы?
Alek
Про
Сур-Жоо: 160
Permalink
Сообщение Хизб жамаатындагы бурадарлардын милиция кызматкерлери камап койуусу казабы же ыктыярий амалбы?
        November 29, 2018, 01:45
Цитата

Ассаламу алейкум!

Хизб жамаатындагы бурадарлардын үйүнө милиция кызматкерлери келип кандай жол менен болбосун алып барып камап койуусу казабы же ыктыярий амалбы?

turkistonk-
g
Администратор
Сур-Жоо: 170
Permalink
Сообщение Сур: Хизб жамаатындагы бурадарлардын милиция кызматкерлери камап койуусу казабы же ыктыярий амалбы?
        November 29, 2018, 01:46
Цитата

Ва алайкум ассалом ва рахматуллахи ва барокатух.

Сиздин суроодо эки тема бар; биринчиси орган кызматкерлеринин хизб жигиттерин камашы. Экинчиси жигиттердин камалып калуулары.

1. Орган кызматкерлери камоо үчүн кылган иштери өз жетекчилери тарабынан тапшырылган буйрукту аткаруу болсо да – т.а. өздөрү айтып аткандай “буйрукту аткаруу”су – каза эмес. Бул ыктыярий иш болуп бул дүйнөдө шерменделик, акыретте болсо катуу азап. Ар бир камалган бала үчүн, перзенттеринен, жакындарынан, бул дүйнө неъматтарынан ажыраткандар болуп эсептелет. Буйрук бергендер эле эмес, буйрукту аткаргандар да камалгандардын(адилетсиз, бейкүнөө) ар бир күнү үчүн жооп беришет. Абу Хурайра(р.а.) Расулуллах(с.а.в)дан риваят кылат:

لو أن أهل السماء والأرض اشتركوا في دم مؤمن، لأكبَّهم الله في النار
“Эгер асман жана жер калкы бир момундун канына (канын төгүү) шерик болушса, Аллах аларды тозокко таштайт”. Термизий риваяты.

2. Бейкүнөө камалган бурадарларыбыз үчүн бул каза болот. Камалып калгандыктары үчүн жоопкер эмес. Анткени ал иш камалгандарга карата Аллах Тааланын казасы.

Мунун тафсилаты төмөндөгүчө: Куфр тарабынан (ишке ашуусу талап кылынып аткан иштерди амалга ашыруу үчүн) болгон буйруктарды бажарбай коюуу – мыйзамда көрсөтүлгөндөй буйруктарды сөзсүз бажаруу талап кылынган болсо да - андан баш тартуу, кылбай коюуу, ошол ишти четке кагуу алардын ыктыярында. Иштен айдалышы, жазаланышы мүмкүн, лекин өлүм менен коркутулса (шаръан үзүрлүү болуп калса) да баш тартып, саткындар тарабынан болгон буйруктарды кылбай коюуулары абзел иштерден. Т.а. Аллах Тааланы, Расулу (с.а.в.)ды, о.э. момундарды курсант кыла турган, бардыгын чыныгы баатырларга айландыра турган иш: Канадалыктар кендерибизди талап-тоноп атканда, Россия өз экономикасын өнүктүрүү үчүн биздин саясатыбызга аралашып атканда же Кытай аста-секин өлкөлөрүбүздү басып алуу үчүн аракеттерин жасап атат. Ушундай абалда президентибиз, өкмөтүбүз бейкүнөө, таза инсандарды, өз калкы үчүн, келечеги үчүн кайдыгер карабаган жигиттерибизди куугунтука алып, аларга каршы саясат жүргүзүп, чечим чыгаруулары, камоо үчүн күч-каражат жумшоолору чыныгы акмакчылык жана шерменделик. Бул иштерди каапырлар жана алардын малайлары ишке ашырат. Себеби бул иштер куфр планы боюнча, алардын талабы, колдоосу менен болууда. Карыздарды берип болсо да өз максаттарына жетүү үчүн бардыгын: президентти, өкмөттү, депутаттарды, имамдарды, журналисттерди ишке салууда. Берген карыздарын өз пландары ишке ашуусу үчүн ар кандай шарттарды коюп беришет. Биздеги экономиканын өнүгүүсү үчүн, элдин кызыкчылыгы үчүн сарптообузга уруксат бербейт. Бирок карыздарды төлөө мөөнөтү келгенде жерлерибизди берүүбүздү талап кылышат. Куфрдун бул планына өз салымын кошкон ар бир адам өз калкына саткын жана каапырга малай болот. Бизге чыныгы коркунуч Россия, Кытай сыяктуу каапыр колонизаторлор. Бул жалпыга ачык көрүнүп турган акыйкат.

Эми каапыр планынын бир бөлүгү катарында бир жигиттин камалышы ага карата Аллах Тааланын казасы. Анткени ал дал ушул иште(камалуу ишинде) эч кандай ыктыярга ээ эмес. Камалууну бир нече күнгө же аптага жылдырууга же токтотуп калуу анын мүмкүнчүлүгүндө эмес. Буга чейинки кылган иштери: хизб мүчөсү болуу, саткын өкмөттүн бетин ачуу, үммөткө акыйкатты, туура жолду көрсөтүү сыяктуу иштери ыктыярдуу иштердин болсо да, бул иштери камалуунун алдын алууга алакасы жок. Камалуу башка иш, куфрга, зулумдарга, акыйкатсыздыктарга каршы чыгуу башка. Камалуу же камалбай калуу инсандын ыктыярында болбогон КАЗА иш. Казага сабыр кылуу болсо анын күнөөлөрүнө каффарат болуп, каталарын өчүрүүгө о.э. улуу соопторго ээ болууга себеп болот. Буга далилдер көп. Аллах Таала айтат:

إِنَّمَا يُوَفَّى الصَّابِرُونَ أَجْرَهُمْ بِغَيْرِ حِسَابٍ
Эч шек-күмөнсүз, сабыр-такаат кылуучуларга ажр-сооптор эсепсиз, көп кылып берилет. [39:10]
Абдуллахтын муттафакун алайх хадисинде Пайгамбар (с.а.в) мындай дейт.

«… مَا مِنْ مُسْلِمٍ يُصِيبُهُ أَذًى شَوْكَةٌ فَمَا فَوْقَهَا إِلاَّ كَفَّرَ اللَّهُ بِهَا سَيِّئَاتِهِ كَمَا تَحُطُّ الشَّجَرَةُ وَرَقَهَا»
«... Кайсы бир мусулманга бир тикенчелик же андан көбүрөөк азар жетсе, дарактын жалбырактары күүлгөндөй Аллах анын күнөөлөрүнө каффарат кылат».

Абу Хурайра жана Абу Саиддин муттафакун алайх хадистеринде Пайгамбарыбыз (с.а.в) мындай дейт:

«مَا يُصِيبُ الْمُؤْمِنَ مِنْ وَصَبٍ وَلاَ نَصَبٍ وَلاَ هَمٍّ وَلاَ حَزَنٍ وَلاَ أَذًى وَلاَ غَمٍّ, حَتَّى الشَّوْكَةُ يُشَاكُهَا, إِلاَّ كَفَّرَ اللَّهُ بِهَا مِنْ خَطَايَاهُ»
«Кайсы бир момунга чарчоо, оору, кайгы-капа жетсе жада калса бир тикен кирсе да Аллах алардын күнөөлөрүнө каффарат кылат.

Мункарга каршы күрөшүү болсо Аллах Тааланын фарзы. Бул ишти кылгандар ажр-соопторго ээ болушат. Тескерисинче, кылбагандар болсо Аллах Тааланын азабына дуушар болушат. Анткени бул ишти кылуу-кылбоодо толук түрдө ыктыярлары бар.
Муттакий.

Беттер: [1]
Автор turkiston.info
Версиясы: 1.0.34; Страница загружена за 0.056 секунд.