Суроо жооп майданы

Кош келиңиз гость 

Көрсөтүү/Жашыруу Теманы

Кош келиңиз мейман! Бул форумда суроо калтыруу үчүн каттоодон өтүү талап кылынат.





Беттер: [1]
Автор Тема: Фатх кылынган жер тууралуу
Alek
Про
Сур-Жоо: 160
Permalink
Сообщение Фатх кылынган жер тууралуу
        September 26, 2018, 05:05
Цитата

Ассаламу алейкум.

Фатхтын шарий аныктамасы кандай болот. Жихад эмес, тынчтык жол же сулх келишимдер менен алынган жерлер да фатх деп аталабы?

turkistonk-
g
Администратор
Сур-Жоо: 170
Permalink
Сообщение Сур: Фатх кылынган жер тууралуу
        September 26, 2018, 05:06
Цитата

Ва алайкум ассалам ва рахматуллохи ва баракатух.

Фатх (فتح-فتوح) – арабча сөз болуп, ачуу, жеңиш маанилерин билдирет. Демек, куфр диярларынан алардын таасири чыгарылып, ордуна Ислам өкүмдөрүнүн орнотулушу фатх деп аталат. Бул фатх, тагыраагы куфр өкүмдөрүнүн ордуна Ислам өкүмдөрүнүн келиши Мекке фатхына окшоп күч менен болобу, же Индонезияга окшоп калктын өз ыктыяры менен Ислам өкүмдөрүн кабыл алуусу аркылуу болобу айырмасы жок. Баары фатх деп аталат.

Абу Убайд р.а мындай деди: «Расулуллах (с.а.в)дан жана ал кишиден кийин халифалардан риваят кылынган асарларда жерлерди фатх кылынышы тууралуу ушул үч өкүм келген:

1-Калкы Исламга кирген жер болуп, ал калктын жери Исламдын мүлкү болгон. Алар ушрдан башка эч нерсе төлөшпөйт.

2-Маалым бир өлчөмдө хирож төлөө шарты коюлуп, сулх менен фатх кылынган жер. Мындай жердин калкы менен сулхта эмнеге келишилген болсо алар ошол нерсени төлөшөт. Андан ашыгын төлөшпөйт.

3-Күч менен алынган жер. Мындай жер тууралуу аалымдар ихтилаф кылышкан. Айрымдары мындай жерди ганимет деп эсептеп, бешке бөлүшкөн. Бештен төрт бөлүгү аны фатх кылган кишилерге жеке мүлк катары бөлүнгөн. Калган бештен бир бөлүгү Аллах Таала айткан кишилерге тийиштүү болот деген пикир билдиришкен. Айрымдары бул жерлер тууралуу өкүмдү имам чыгарат. Имам эгер бул жерлерди кудум Расулуллах (с.а.в) Хайбарда кылгандай ганимет кылып бешке бөлүп берүү өкүмүн чыгарса бул анын укугу. Эгер имам бул жерди кудум Умар р.а Савад жеринде кылгандай бөлүп, аны бешке бөлбөө жана үлүш кылбоо шарты менен жалпы мусулман калкына тиешелүү болот деген пикирге келсе ушундай бөлүштүрүлөт дешкен. Фатх кылынган жерлер тууралуу өкүмдөр мына ушулар.
Суроо-жооп майданы үчүн (Муттакий).

Беттер: [1]
Автор turkiston.info
Версиясы: 1.0.34; Страница загружена за 0.023 секунд.