Суроо жооп майданы

Кош келиңиз гость 

Көрсөтүү/Жашыруу Теманы

Кош келиңиз мейман! Бул форумда суроо калтыруу үчүн каттоодон өтүү талап кылынат.





Беттер: [1]
Автор Тема: Арафа күндөгү орозо тууралуу
Alek
Про
Сур-Жоо: 160
Permalink
Сообщение Арафа күндөгү орозо тууралуу
        September 19, 2018, 12:38
Цитата

Ассаламу алейкум.

Курбан айттан бир күн мурун орозо тутса бир жылдык ибадат кылгандын сообун берет, дагы бир варианттарда бир жылдык нафил орозо туткандын сообу берилет, 80 жылдык ибадаттын сообун алат деп элдер айтып жүрүшөт. Ушул хадистердин туурасы кайсы? Сахих хадиспи же заифпи?

turkistonk-
g
Администратор
Сур-Жоо: 170
Permalink
Сообщение Сур: Арафа күндөгү орозо тууралуу
        September 19, 2018, 12:39
Цитата

Ва алайкум ассалам ва рахматуллохи ва баракатух.

Курбан айттан бир күн мурун, тагыраагы, Арафа күнү орозо тутуу мустахап амал. Расулуллах (с.а.в):

«صِيَامُ يَوْمِ عَرَفَةَ، أَحْتَسِبُ عَلَى اللَّهِ أَنْ يُكَفِّرَ السَّنَةَ الَّتِي قَبْلَهُ وَالسَّنَةَ الَّتِي بَعْدَهُ».
“Аллах арафа күндөгү орозо аркылуу өтүп кеткен бир жылды жана келе жаткан бир жылдык күнөөлөргө кафарат кылат” - деген. Муслим риваяты. Ал эми бул күнөөлөр майда күнөөлөр экени төмөнкү аятта баяндалган:

إِنْ تَجْتَنِبُوا كَبَائِرَ مَا تُنْهَوْنَ عَنْهُ نُكَفِّرْ عَنْكُمْ سَيِّئَاتِكُمْ وَنُدْخِلْكُمْ مُدْخَلًا كَرِيمًا
“Эгер силер тыюу салынган күнөөлөрдүн чоңдорунан сактансаңар, кылган кичине күнөөлөрүңөрдү өчүрөбүз жана силерди улук жай-Бейишке киргизебиз”. [4:31]

Арафа күнүндө кылынган ибадаттар башка күндөрдөгүдөн абзелдиги туурасында аяттар да бар. Бул тууралуу “Фажр” сүрөсүнүн 1-2-аяттарында, “Бакара” сүрөсүнүн 203-аятында, “Хаж” сүрөсүнүн 27,28-аяттарында айтылган. Ошондой эле хадистерде да бар. Бирок суроодо келген хадистерди таба албадык. Алар заиф болушу мүмкүн.

Суроо-жооп майданы үчүн (Муттакий).

Беттер: [1]
Автор turkiston.info
Версиясы: 1.0.34; Страница загружена за 0.032 секунд.