Суроо жооп майданы

Кош келиңиз гость 

Көрсөтүү/Жашыруу Теманы

Кош келиңиз мейман! Бул форумда суроо калтыруу үчүн каттоодон өтүү талап кылынат.





Беттер: [1]
Автор Тема: Аял киши намахрамдар менен чогуу иштесе болобу?
Alek
Про
Сур-Жоо: 160
Permalink
Сообщение Аял киши намахрамдар менен чогуу иштесе болобу?
        September 19, 2018, 12:32
Цитата

Ассаламу алейкум.

Аял киши на махрам эркектер менен бир жерде иштесе болобу? Мисалы: кафеде же курулушта повар болуу сыяктуу.

turkistonk-
g
Администратор
Сур-Жоо: 170
Permalink
Сообщение Сур: Аял киши намахрамдар менен чогуу иштесе болобу?
        September 19, 2018, 12:34
Цитата

Ва алайкум ассалам ва рахматуллохи ва баракатух

Жооп: Исламий турмуш - мусулмандардын бардык абалдагы жашоо көрүнүшү болуп, бул темада келген Куръан жана сүннөттөгү шаръий нусустар жеке турмушта да, көчө-базар сыяктуу жалпы турмушта да эркектер аялдардан ажыратылат. Мындан тышкары, Куръан аялдарга аял сыпатында, эркектерге эркек сыпатында кылган кайрылуусунда да айтылган. Маселен, Аллах Таала айтат:

“...Садака кылуучу эркектер жана садака кылууучу аялдар, орозо тутуучу эркектер жана орозо тутуучу аялдар, авраттарын (арамдан) сактоочу эркектер жана (авраттарын арамдан) сактоочу аялдар, Аллахты көп зикир кылуучу эркектер жана Аллахты көп зикир кылуучу аялдар – алар үчүн Аллах кечирим жана улуу сыйлык (бейиш) даярдап койгон”. [33:35]

Ошондуктан, Расулуллах (с.а.в)дын доорунан баштап бардык Ислам кылымдарында эркектер менен аялдарды бири-биринен ажыратуу амалда да, коомдо да аткарылган.

Далилдерди дыкаттык менен карап чыксак, Шарият аялга үйдөн тышкарыга чыгууну каалаганда жилбаб кийүүнү буюрду. Аялдын жүзү жана колунун манжаларынан башка бардык денесин аврат кылып койду. Зыйнаттарын намахрамдарга көрсөтүүнү арам кылды. Аялдын авратына, а түгүл чачына да кароону эркекке арам кылды. Аялга махрамсыз сапарга чыгууга, а түгүл ажылыкка махрамсыз барууга тыюу салды. Ошондой эле шарият үйлөргө уруксатсыз кирүүнү арам кылды. Жамаат болуп намаз окууну, жума намазын, жихадды эркекке фарз кылып, буларды аялга фарз кылбады. Тиричилик кылуу үчүн аракет кылууну эркекке важиб кылып, аялга важиб кылбады. Булар менен катар Расулуллах (с.а.в) эркектерди аялдардан ажыраткан. Мечитте жана намазда аялдар сабын эркектердин аркасына койгон. Бухарий Анас ибн Маликтен риваят кылышынча, «Ал кишинин апасы Расулуллах (с.а.в)ды тамакка чакырды.
Расулуллах (с.а.в) тамактанды, кийин айтты:

«قُومُوا فَلأُصَلِّ لَكُمْ»
«Тургула, намаз окуйбуз». Анас айтты: Мен жана бир жетим бала Расулуллах (с.а.в)дын артына турдук. Апам биздин артыбызга турду».

Аялдар эркектерден ажыралып туруулары үчүн мечиттен алгач аялдарды, андан кийин болсо эркектерди чыгууга буюрган. Бухарий Хинд бинт Харистен риваят кылат, ал айтты: «Пайгамбар (с.а.в)дын аялы Умму Салама р.а нын айтышынча, Расулуллах (с.а.в) доорунда аялдар фарз намазда салам бергенден кийин туруп кетишкен. Расулуллах (с.а.в) жана ал киши менен бирге намаз окуган эркектер Аллах каалаганча күтүп турушкан. Расулуллах (с.а.в) күтүп турганда башкалар да күтүп турушкан».

Ал заттын мечиттеги дарстарында аялдар айтышкан: «Эй Расулуллах, бизге караганда эркектерге көбүрөөк дарс берип жатасыз. Бизге да бир күндү ажыратыңыз». Бул жана ушул сыяктуу өкүмдөр Исламий турмушту, анда эркектер аялдардан ажыратылышын, бул ажыратуу жалпы да, жеке да жашоону өз ичине алышын көрсөтүп турат. Расулуллах (с.а.в)дын доорунда Исламий турмушка, тагыраагы жеке да жалпы да жашоодо эркектер аялдардан ажыратылган эле. Жеке жашоодо же жалпы турмушта шарият уруксат берген абалдар мындан тышкары. Маселен шарият аялга ажылык кылууну важиб кылып, соода-сатык, алды-берди кылууга, жамаат намазына катышууга, кафирлерге каршы жихад кылууга, мал-мүлккө ээ болуу жана аны көбөйтүүгө жана башка иштерге уруксат берди.

Ошондуктан Шарият аялга важиб кылган же уруксат берген иштерге каралат. Эгер бул иш эркек менен чогуу болууну шарттаса, мындай абалда шариат өкүмдөрү алкагында иш кылуу мүмкүн. Соода-сатык, ижара, таалим-тарбия, табипчилик, дыйканчылык сыяктуу иштер буга мисал болот. Анткени бул иштерди важиб кылган же аларга уруксат берген далил ушул иштер себептүү жамдалууга да уруксат берилгенин өз ичине алат. Эгер иштер эркек менен жамдалууну шарттабаса, мындай абалда аял эркек менен жамдалышы мүмкүн эмес. Буга мисал: мечитке же базарга же туугандарыңа бара жатканда жолдо басуу, сейилдегени чыгуу, тамактануу жана ушуга окшош иштер. Анткени эркектердин аялдардан ажыралышынын далили умумий болуп, мындай иштерди аткарууда, тагыраагы, жамдалууга уруксат берген далил келбеген. Ошондуктан мындай иштерди аткаруу үчүн – жалпы турмуш болсо да – жамдалуу күнөө болуп эсептелет.

Жыйынтыктап айтканда, Исламий турмушта эркектер аялдардан ажыратылышы фарз. Жеке турмушта шариат уруксат берген абалдан тышкары учурда толук ажыратылат. Жалпы турмушта болсо ажыратылышы негизги абал болуп, эркектер аялдар менен жамдалышы мүмкүн эмес.

Ал эми Шариат аялга важиб кылган же уруксат берген же мандуб кылган иштер жамдалууну шарттаса анда мүмкүн. Бул жамдалуу мечиттеги же ажылык же соода сатык сыяктуу аралашуу менен чектелиши керек.

Суроо-жооп майданы үчүн (Муттакий).

Беттер: [1]
Автор turkiston.info
Версиясы: 1.0.34; Страница загружена за 0.088 секунд.