Украина маселесинде Батыш менен Орусия мунасага келе алган жок

24
0

Украина маселесинде Батыш менен Орусия мунасага келе алган жок

Украина маселеси боюнча Европа кызматташтык жана коопсуздук уюму (ЕККУ) менен Орусиянын өкүлдөрүнүн 13-январда Венадагы жолугушуусунда тараптар бир пикирге келе алышкан жок. Бул аталган темага байланыштуу сүйлөшүүлөрдүн үчүнчү айлампасы болуп саналат. Алгач 9-10-январда Орусия менен АКШнын өкүлдөрү Женевада эки тараптуу жолугушуу өткөрүшкөн. 12-январда Брюсселде Орусия-НАТО кеңешинин жыйыны болду. Экинчи айлампага НАТОго мүчө 30 мамлекеттин мүчөлөрү жана АКШнын өкүлдөрү катышкан.

Жолугушууларда орус тарап койгон “коопсуздук кепилдиги” тууралуу талаптар топтому каралды. Москва аскердик альянска “НАТО чыгышка карай кеңейбеши керек”, “Орусиянын чек арасына жакын аймактарда ракеталарды жайгаштырбайт” жана “1997-жылкы чек арасынан сырткары аймактарда эч кандай машыгууларды, чалгындоо операцияларын өткөрбөшү керек” деген талаптарды койгон.

Сүйлөшүүлөрдүн негизги маңызы Женевада талкууланган. Ал эми, кийинки жолугушуулар АКШ өз союздаштарын ыраазы кылуу үчүн кылган маневр болуп калды. Анткени, тараптардын позициясы биринчи жолугушууда эле аныкталды. Маселен, Москванын делегациясын жетектеп келген Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков 13-январда RTVI каналына “бул сүйлөшүүлөрдөн жыйынтык болбогондон кийин Батыш менен жаңы сүйлөшүүлөр раундун белгилештин зарылдыгы жоктугун” айтты.

АКШнын мамкатчысынын орун басары Венди Шерман НАТО мүчөлөрү уюм кеңейбесин дегенге макул эместигин, 1997-жылдагы келишимге кайтпай турганын Брюсселдеги сүйлөшүүлөрдөн кийин болгон басма сөз жыйында билдирди. Ал биргелешип иштей турган башка жагдайлар бар экенин кошумчалады.

Ал эми, Украинанын Европа жана Евроатлантика интеграциясы боюнча вице-премьери Ольга Стефанишина дүйшөмбүдө Киев альянстарга кирүү жолун өз алдынча чечүүгө укугу бар экенин жана бул НАТО менен Россиянын сүйлөшүүлөрүнүн темасы болбош керек деп билдирди. Сырттан караганда, Украина өзүнүн позициясын айтып жатса да, бирок анын билдирүүсү АКШ кызыкчылыгына ылайык жасалганы көрүнүп турат.

Буга чейин АКШ баштаган 30дай мамлекет Украинаны НАТОго кошуу маселесин караган. Мындан көп өтпөй, 2021-жылдын күз айларында Украинанын чек арасына жакын аймакта Орусия аскерлерин машыгуудан өткөргөн. Мындан улам, АКШ сенатындагы демократтар Орусиянын президенти Владимир Путин баштаган орус аткаминерлерине жана Орусиянын банк түзүмүнө санкциялар топтому боюнча мыйзамдын долбоорун даярдашкан.

Жыйынтыктап айтканда, жолугушуулардын натыйжасында АКШ менен Орусия Украина маселесинде өз позицияларында калышты. Анткени, Украина Орусиянын тагдырий маселеси т.а Батыш менен бетме-бет келген чек арасы болуп эсептелет. Украинаны колдон чыгаруусу, Батыштын таасири Орусиянын чек арасына кирип келет дегенди түшүндүрөт. Ал эми, АКШ Орусиянын айланасындагы таасирин сындырып, эл аралык майданда ага атаандаша албаган алсыз өлкөгө айлануусун каалайт. Мындан улам, Украинаны НАТОго мүчө болбосо да жыйындарга чакырып, аскердик кызматташтыкты күчөтүп жатат.

Ал эми, Батыштын Орусияга карата санкциялары аны Кытай менен кызматташууга мажбур кылды. Бүгүнкү күндө АКШнын эл аралык майдандагы негизги атаандашы Кытай болгондуктан, Орусияны өзү тарапка бурууга аракет кылмакчы. Жогорудагы Женевада өткөн сүйлөшүүдө Украина маселесинде тараптар келише албаганы менен башка эл аралык маселелерди талкуулаганга эшик ача алышты. Бул АКШга Орусияны өзү тарапка бурууга мүмкүнчүлүк берет. Эгер бул багыттагы аракеттери өз жемишин бербесе, АКШ Украинаны Чыгыштагы аймактарын ээлөөгө тукурат. Бул өз кезегинде Орусиянын аскерий аралашуусун шарттайт. Натыйжада Батыш Орусияны санкциялар бутасына алуу Кытай менен соодалашуу аркылуу Орусияны алсыратканга аракет кылат. Демек, Батыш менен Орусиянын алакасы капитализмдин табияты талап кылган абалда кала берет.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here