Халифалыкты кайрадан тикелөө үчүн уюшуунун важибдиги

29
0

(«Исламий жашоону кайрадан баштоонун шаръий тарыйкаты» китебинен).

Халифалыкты кайрадан тикелөө үчүн

уюшуунун важибдиги

Мына ушул – шаръий далилдерден, анын ичинде Пайгамбарыбыз Мухаммад с.а.в.дын сийраттарынан түшүнүлгөн Исламий жашоону кайрадан баштоонун шаръий тарыйкаты. Халифалык мамлекетин кайрадан тикелөө үчүн мына ушул тарыйкатты ээрчүү важиб. Ошондуктан, мусулмандар ушул тарыйкат негизинде жүрүү үчүн уюшуусу керек. Себеби, Халифалыкты кайрадан тикелөө үчүн уюшуу шаръий важиб эле эмес, шаръий важибаттардын эң улууларынан.

Албетте, Халифалык мамлекети кулатылгандан кийин мусулмандардын башынан өткөн окуялар көрсөткөндөй, мусулмандардын башына түшкөн жана бүгүнкү күндө да түшүп жаткан мусибаттардын негизги себеби мусулмандар турмуштун бардык тармактарында Исламды толук өкүмдар кылбай жатышында. Мусулмандардын Ислам түзүмүн жашоого кайтаруу үчүн кылган иш-аракеттери көрсөтүп тургандай, Халифалыкты кайрадан тикелөө намаз, ажылык, зекет сыяктуу ибадаттарды аткаруу менен, жыйын жана конфренцияларды уюштуруу, Ислам өкүмдөрүн үйрөнүү, мечиттерди куруу, Куръан жарышын уюштуруу, исламий мурасты кайрадан тирилтүү, аларды басып чыгаруу менен ишке ашпайт. Халифалыкты кайрадан тикелөө капиталисттик түзүм негизине курулган парламент жана өкмөттөрдө катышуу менен жүзөгө чыкпайт. Шаръий далил, эч кандай тарыйкат жана васита менен мындай иштер Халифалык мамлекетин тикелөө үчүн жол кылынгандыгына далалат кылбайт. Себеби, Аллах Таала Исламды акыйда жана турмуштук түзүм катары жөнөтүп, акыйда пикирлерин жана муалажалар өкүмдөрүн баян кылгандай эле, акыйданы сактоо жана аны жеткирүү тарыйкатын да баян кылды. О.э. муалажалардын тарыйкатын, анын катарында Ислам мамлекетин куруу тарыйкатын да баяндады. Бул тарыйкат Аллахтын Расулу Мухаммад с.а.в. Мединада Ислам мамлекетин куруу үчүн карманган тарыйкат. Расулуллах с.а.в. негиз салган ал мамлекет 13 кылымдан көбүрөөк убакыт турду. Акыры мусулмандар алсыраганы себептүү, кафирлер жана алардын малайлары1924-жылы аны кулатышты.

Халифалык мамлекетин кайрадан тикелөө үчүн, Аллах Таала өкүмдөрүн о.э. анын важибдигин Куръанда жана сүннөттө баян кылган мына ушул шаръий тарыйкатты бекем кармануу зарыл.

 Ал эми, Куръанда баян кылынган тарыйкат өкүмдөрүнө токтоло турган болсок,  Аллах Таала айтат:

وَلْتَكُن مِّنكُمْ أُمَّةٌ يَدْعُونَ إِلَى الْخَيْرِ وَيَأْمُرُونَ بِالْمَعْرُوفِ وَيَنْهَوْنَ عَنِ الْمُنكَرِ ۚ وَأُولَٰئِكَ هُمُ الْمُفْلِحُونَ

Араңарда жакшылыкка даъват кылган, маъруфка буйруп, мункардан кайтарган бир үммөт-жамаат болсун, дал ошолор ийгилик табуучулар”.[3:104].

Демек, Аллах Таала мусулмандарды өздөрүнүн арасынан жакшылыкка т.а. Исламга даъват кыл кыла турган, маъруфка т.а. Аллах буйруган важиб жана мандубга буюра турган о.э. мункардан т.а. Аллах Таала кайтарган арамдан кайтара турган жамаат чыгарууга амр кылды. Эгер муну кылышса, алар нажат табышат, Аллахтын сообу жана ыраазылыгы менен сыйланышат. Бул болсо, ушул амр важиб экендигине далил болот. Себеби, ушул амалды аткаруунун артынан нажат келүүдө. Аллахтын сөзүндөгү бул амр ушул иштерди жеке адам сыпатында эмес, тескерисинче, жамаат сыпатында, хизб сыпатында аткаруу үчүн жамаат түзүүгө т.а. жеке адамдардын уюшуусуна каратылган. Ушул аяттагы амр төмөнкү аят жана хадистердеги амрлардан айырмаланат, Аллах Таала айтат:

كُنتُمْ خَيْرَ أُمَّةٍ أُخْرِجَتْ لِلنَّاسِ تَأْمُرُونَ بِالْمَعْرُوفِ وَتَنْهَوْنَ عَنِ الْمُنكَرِ وَتُؤْمِنُونَ بِاللَّهِ

Силер адамдар үчүн чыгарылган үммөттөрдүн эң жакшысы болдуңар: маъруфка буюрасыңар, мункардан кайтарасыңар жана Аллахка ыйман келтиресиңер”.[3:110].

Расулуллах с.а.в. айтат:

لتَأمُرنَّ بالمعروفِ، ولتَنهونَّ عَنِ المنكرِ

“Албетте силер жакшылыкка буюрасыңар жана мункардан кайтарасыңар”. Термизий риваяты. Дагы төмөнкү хадистерди айткан:

من رأى منكم منكراً فليغيره

“Силерден ким мункарды көрсө, аны өзгөртсүн…”. Муслим риваяты.

Ушул нусустардагы амрлар мусулмандардын жеке адам, хизб же мамлекет болушуна карабастан, алардын бардыгы үчүн маъруфка буюруу жана мункардан кайтарууга каратылган. Ал эми:

وَلْتَكُن مِّنكُمْ أُمَّة…

 “Силерден бир үммөт-жамаат болсун”…,   аяты болсо, Аллах Таала тарабынан мусулмандар арасынан чыккан жеке адамдар жакшылыкка даъват кыла турган, маъруфка буюруп, мункардан кайтара турган бир же бир нече жамааттарда уюшуусуна катъий талап болуп эсептелет. Бул алардын бир жамаат же бир нече жамааттар болуп уюшуусуна каратылган катъий талап. Аяттагы “Жакшылыкка даъват кылуу” Исламга даъват кылууну түшүндүрөт. Исламга даъват кылуу болсо, Исламий жашоону кайрадан баштоого даъват кылууну да камтыйт. Себеби, Исламдын зохирдеги феълий вужуду, амалда бар болушу Ислам мамлекети көлөкөсүндө исламий жашоо бар болушу менен гана жүзөгө чыгат. Себеби, Ислам адамдардын зээндериндеги, китептердеги, Куръан аяттарындагы же хадистердеги пикирлер сыпатында эч качан бул жашоодон жоголуп кетпейт. Себеби, аны бул тараптан Аллах Тааланын өзү сактайт. Аллах Таала айтат:

إِنَّا نَحْنُ نَزَّلْنَا الذِّكْرَ وَإِنَّا لَهُ لَحَافِظُونَ

Албетте бул эскертмени (Куръанды) Биз Өзүбүз түшүрдүк жана шексиз Өзүбүз аны сактоочубуз”.[15:9].

Ал эми, инсаний сулуктагы, адамдардын жашоо таризиндеги жана адамзаттык жашоодогу Ислам пикирлеринин феълий вужуду т.а. Ислам пикирлери амалда бар болушу өзгөрүп, кыйроого жүздөнгөн. Халифалык мамлекетин кайрадан тикелөөгө болгон даъват мына ушул феълий вужудду – Исламдын амалда бар болушун жашоого кайтаруунун шаръий тарыйкаты болуп эсептелет.

Ал эми сүннөттө келген тарыйкат өкүмдөрүнө келсек, Расулуллах с.а.в.дын Мединада мамлекет куруудан мурунку сийратын жакшылап үйрөнүп чыккан киши  Расулуллах с.а.в. сахабаларын Ислам негизинде уюштургандыгына күбө болот. Албетте, алар даъват иштеринин ар биринде Расулуллах с.а.в.дын амрларын аткара турган бир жамаат болушкан. Ибн Касирдин айтымында, сахабалар чогулган кезде – алардын саны 38 болчу – Абу Бакр р.а. Расулуллах с.а.в.дан ашкере чыгууну катъий талап кылды. Ошондо Расулуллах с.а.в.:

يا أبا بكر إنّا قليل

“Эй Абу Бакр, албетте биз азчылыкпыз”, – деди. Расулуллах с.а.в. сахабалары менен Аркамдын короосунда чогулушат эле.  Расулуллах с.а.в. аларга Куръан окуп берет эле жана Исламды үйрөтөт эле. Умар ибн Хаттаб Исламга киргенден кийин эки сап болуп чыгып Байтуллахты таваф кылышты. Бир саптын башында Хамза, иккинчи саптын башында Умар турду. Ошентип, алар амири Расулуллах с.а.в. болгон бир жамаат, бир хизб эле. Расулуллах с.а.в. амр кылат эле, алар болсо, итаат кылышчу. Мунун мисалдарын мусулмандардын алгач Хабашистанга, кийин Мединага кылган хижраттары, Мусъаб ибн Умайрды Мединага, Туфайл ибн Амр ад-Давсийди өз коомуна жөнөтүү жана мамлекет куруу үчүн нусрат талап кылуу иштеринде көрүүгө болот. Чындыгында, Аллах Таала Куръанда баян кылгандай, Расулуллах с.а.в. даъватты жеткирүүдө белгилүү бир тарыйкат негизинде жүргөн жана мусулмандар да ошол тарыйкатты ээрчүүгө буюрулушкан. Аллах Таала айтат:

قُلْ هَٰذِهِ سَبِيلِي أَدْعُو إِلَى اللَّهِ ۚ عَلَىٰ بَصِيرَةٍ أَنَا وَمَنِ اتَّبَعَنِي ۖ وَسُبْحَانَ اللَّهِ وَمَا أَنَا مِنَ الْمُشْرِكِينَ

Айткын: Менин жолум ушул. Мен Аллахка даъват кыламын. Мен жана мага ээрчиген кишилер анык хужжатка-ишенимге ээбиз. Аллахты аруулаймын. Мен мушриктерден эмесмин”.[12:108].

Демек, бул Расулуллах с.а.в. га жана ал затты ээрчиген мусулмандарга: “мен мушриктерден эмесмен”, – деген аяттын каринасы менен тээ кыяматка чейин ээрчүү важиб болгон тарыйкат. Расулуллах с.а.в.дын ушул тарыйкатына мусулмандар да тээ кыяматка чейин ээрчиши важиб экендигине дагы бир карина төмөнкү аят:

وَمَا آتَاكُمُ الرَّسُولُ فَخُذُوهُ وَمَا نَهَاكُمْ عَنْهُ فَانتَهُوا ۚ وَاتَّقُوا اللَّهَ ۖ إِنَّ اللَّهَ شَدِيدُ الْعِقَابِ

Расулуллах силерге тартуу кылган нерсени алгыла, ал зат силерди кайтарган нерседен кайткыла жана Аллахтан корккула, албетте Аллахтын жазасы катуу”.[59:7].

Албетте, Халифалык мамлекетин куруу фарзи кифая. Ушул фарзи кифая менен алектенүү көбүнчө бүтүндөй Ислам Үммөтүнө лазым. Халифалыкты куруу өзгөчө мааниге ээ болгондуктан Аллах Таала эркек жана аялдардан турган бардык мусулмандарга хытаб кылып, алардан ушул фарзды аткаруу үчүн бир же бир нече жамааттарды түзүүнү талап кылды. Эгер алардын айрымдары бул фарзды талап кылынган көрүнүштө өтөшсө, ошондо гана башкалардан күнөө сакыт болот. Эгер бул фарзды бирер киши өтөбөсө же аны өтөө менен алектенип жаткандар кифая даражасына жетпесе, бул фарзды өтөө, качан ал жүзөгө чыкмайынча, бардык мусулмандарга важиб бойдон тура берет.

Халифалыкты тикелөө үчүн даъват жүгүн көтөрүү мусулман эркекке важиб болгону сыяктуу эле муслима аялга да фарз. Себеби, Аллах Таала Расулубуз Мухаммад с.а.в.ды эркек жана аялдан турган бүтүндөй адамзатка элчи кылып жиберди. Ал Расулуна кайрылып мындай деди:

قُلْ يَا أَيُّهَا النَّاسُ إِنِّي رَسُولُ اللَّهِ إِلَيْكُمْ جَمِيعًا

Айткын (эй Мухаммад): «Эй адамдар, албетте мен силердин баарыңарга Аллах (жиберген) элчимин”.[7:158].

يَا أَيُّهَا النَّاسُ اتَّقُوا رَبَّكُمُ الَّذِي خَلَقَكُم مِّن نَّفْسٍ وَاحِدَةٍ

“Эй инсандар! Силерди бир жандан жараткан Аллахтан таква кылгыла.[4:1].

Шаръий таклифтер инсандык сыпаты менен инсанга тиешелүү болуп келген кезде бул таклифтер эркекке да, аялга да бирдей келген. Мисалы Аллах айтат:

وَمَا كَانَ لِمُؤْمِنٍ وَلَا مُؤْمِنَةٍ إِذَا قَضَى اللَّهُ وَرَسُولُهُ أَمْرًا أَن يَكُونَ لَهُمُ الْخِيَرَةُ مِنْ أَمْرِهِمْ

Аллах жана Анын пайгамбары бир ишти буюрган убакта бирер мумин жана мумина үчүн (Аллахтын хукмун коюп) өз иштеринде ыхтыяр кылуулары жаиз эмес”.[33:36].

وَأَقِيمُوا الصَّلَاةَ وَآتُوا الزَّكَاةَ

Намазды толук аткаргыла жана зекет бергиле”.[2:110].

Расулуллах с.а.в. айтат:

من رأى منكم منكراً فليغيره

  “Силерден ким мункарды көрсө, аны өзгөртсүн”. Муслим риваяты.

كلكم راع وكلكم مسؤول عن رعيته

“Силердин ар бириңер башчы жана ал өз карамагындагы нерседен жоопкер”. Бухарий риваяты.

Ал эми шаръий таклифтер аялдык сыпаты менен жалаң аялга же эркектик сыпаты менен жалаң эркекке тиешелүү болгон кезде бул таклифтер ар түрдүү болот. Себеби, мындай таклифтер бүтүндөй инсанга эмес, инсан фарддарынын болгон эки карама-каршы вакиънин муалажасы үчүн келген болот. Мисалы, шаръий өкүмдөр көбүрөөк эркектер жамаатында боло турган иштерде эки аялдын күбөлүгүн бир эркектин күбөлүгүнө тең кылды. Аялдардын гана жамаатында жүз бере турган, эркектер катышпай турган иштерде болсо, жалгыз аялдын  күбөлүгүн кабыл кылды. Разоаттагы (бала эмизүү) күбөлүк сыяктуу жалаң аялдар гана катыша турган иштерде бир гана аялдын күбөлүгү менен чектелди. Ислам мураста – көптөгөн абалдарда – аялдын үлүшүн эркектикинин жарымына тең кылды. Ошол эле убакта нафаканы эркектин мойнуна жүктөдү. Нафаканы аялга фарз эмес, мубах кылды. Аллах айтат:

الرِّجَالُ قَوَّامُونَ عَلَى النِّسَاءِ بِمَا فَضَّلَ اللَّهُ بَعْضَهُمْ عَلَىٰ بَعْضٍ وَبِمَا أَنفَقُوا مِنْ أَمْوَالِهِمْ

Эркектер өз аялдары үстүндө жетекчи. Буга себеп Аллах алардын бирөөлөрүн-бирөөлөрүнөн (эркектерди аялдардан) артык кылганы Аллах Таала баъзиларини баъзилари устидан афзал кылганлиги жана эркектер (аялдары жана үй-бүлөлөрү үчүн) өз мал-мүлктөрүнөн сарп-каражат кылгандыктары”.[4:34].

Ошентип, Ислам инсанга инсан сыпатында тиешелүү болгон орундарда эркектерге да, аялдарга да бирдей болгон өкүмдөрдү алып келди. О.э. ал бирдей эмес, ар түрдүү болгон өкүмдөрдү да алып келип, алардын айрымдарын эркектерге, айрымдарын аялдарга хостоду о.э. эки тарапты тең Аллах хостогон өкүмгө ыраазы болууга амр кылды жана бири-бирине хасад кылуудан, бири-биринин артыкчылыгын арзуу кылуудан кайтарды. Аллах Таала айтат:

وَلَا تَتَمَنَّوْا مَا فَضَّلَ اللَّهُ بِهِ بَعْضَكُمْ عَلَىٰ بَعْضٍ ۚ لِّلرِّجَالِ نَصِيبٌ مِّمَّا اكْتَسَبُوا ۖ وَلِلنِّسَاءِ نَصِيبٌ مِّمَّا اكْتَسَبْنَ

“Аллах бир себеп менен бирөөңөрдөн бирөөңөрдү артык кылып койгон болсо, силер аны (көрө албастык менен) арзуу кылбагыла. Эркектер да өз эмгегинен үлүш-насип алышат, аялдар да өз эмгегинен үлүш алышат”.[4:32].

 Ислам алардын ар бирин, өзүн башкасына окшотуудан катуу кайтарды. Расулуллах с.а.в. айтат:

لَعَنَ رَسُولُ اللَّهِ – صلى الله عليه وسلم – الْمُتَشَبِّهِينَ مِنَ الرِّجَالِ بِالنِّسَاءِ ، وَالْمُتَشَبِّهَاتِ مِنَ النِّسَاءِ بِالرِّجَالِ

“Аллах аялдарга окшомокчу болгон эркектерди да, эркектерге окшомокчу болгон аялдарды да наалаттады”. Бухарий риваяты.

Айрым өкүмдөрдөгү бул ар түрдүүлүк аял кишини даъватты жеткирүудөн да, бүгүн, миладий 21-кылымда мусулмандар жашап жаткан бузук вакиъни өзгөртүү жоопкерчилигинен азат кылбайт. Ошондуктан, аял киши ушул амр каршысында эркек сыяктуу эле хытаб кылынган. Аллах айтат:

إِنَّ اللَّهَ لَا يُغَيِّرُ مَا بِقَوْمٍ حَتَّىٰ يُغَيِّرُوا مَا بِأَنفُسِهِمْ

Аныгында бир коом өздөрүн өзгөртүшмөйүнчө Аллах алардын абалын өзгөртпөйт”.[13:11].

Аяттагы “коом” лафзы эркектерди да, аялдарды да бирдей өз ичине алат.  “Силерден бир үммөт-жамаат болсун”, аятындагы “үммөт” лафзы эркекти да, аялды да өз ичине алат. Даъватты таштап коюуга о.э. бузук вакиъни өзгөртүүнү таштап коюуга белгиленген жаза өтө катуу. Аллах айтат:

وَاتَّقُوا فِتْنَةً لَّا تُصِيبَنَّ الَّذِينَ ظَلَمُوا مِنكُمْ خَاصَّةً ۖ وَاعْلَمُوا أَنَّ اللَّهَ شَدِيدُ الْعِقَابِ

Силерден жалаң залим кимселердин өзүнө гана жетпей (балким, баарына жете турган) балээден сактангыла жана билип койгула, албетте Аллахтын азабы катуу”. [8:25].

  Расулуллах с.а.в. айтат:

وَمَن مَاتَ وَليسَ في عُنُقِهِ بَيْعَةٌ، مَاتَ مِيتَةً جَاهِلِيَّةً

  “Киме-ким мойнунда халифага байъат болбогон абалда өлсө, ал жахилият өлүмү менен өлүптүр”. Муслим риваяты.

  Чындыгында, арабдардын эркектери да, аялдары да ушул далилдерди түшүнүп жетишкен о.э. эркектер сыяктуу эле аялдар да ыйман келтиришкен. Эркектер сыяктуу эле аялдар да даъватты жеткирүү милдетин аткарышкан.  Расулуллах с.а.в. га биринчи ыйман келтирген адам анын жубайы Хадижа бинти Хувайлид р.а. энебиз болгон. Хадижа энебиз ар дайым Расулуллах с.а.в.дын жанында болуп, ал кишини колдоп-кубаттап, ага тирек болуп турган. Бирер жаман сөз укса же бирер азарга дуушар болсо, албетте энебиз Расулуллах с.а.в.дын жанында болуп, ага тирек-жөлөк болуп, дартын жеңилдеткен. Алгачкы жолу вахий түшкөн маалда Пайгамбарыбыз с.а.в. калтырак баскан абалда Хадижа энебиздин жанына “Мени ороп койгула, мени ороп койгула” деп келген. Ошондо энебиз мындай деп ал затты жубаткан:

فَوَاللَّهِ لا يُخْزِيكَ اللَّهُ أبَدًا؛ إنَّكَ لَتَصِلُ الرَّحِمَ، وتَصْدُقُ الحَدِيثَ، وتَحْمِلُ الكَلَّ، وتَقْرِي الضَّيْفَ، وتُعِينُ علَى نَوَائِبِ الحَقِّ

  “Аллахка касам, Ал эч качан сизди капа кылып койбойт. Албетте сиз туугандар менен катташасыз, чын сүйлөйсүз, жетимдин башын сылайсыз, кембагалга жардам бересиз, конок күтөсүз, акыйкат жолдо кыйынчылык тарткандарга көмөктөшөсүз”.

  Андан соң дагы мындай деп ал затты тынчтандырган:

أَبْشِرْ يَا بن عمّ واثبت، فو الّذي نَفْسُ خَدِيجَةَ بِيَدِهِ إنِّي لَأَرْجُو أَنْ تَكُونَ نَبِيَّ هَذِهِ الْأُمَّةِ المنتظر

  “Курсант болуңуз, эй абамдын уулу жана кадамыңыз бекем болсун. Хадижанын жаны Анын колунда болгон Затка ант болсун, мен сиздин ушул Үммөттүн күтүлүп жаткан пайгамбары болушуңуздан үмүттөнөм”.

  Ошондон кийин Хадижа энебиз абасы Варака ибн Навфалга барды. Варака насроний дининде болчу. Андан Пайгамбарыбыз с.а.в.дын иштери жөнүндө түшүндүрүп берүүнү суранды.

  Курайш Расулуллах с.а.в.ды жана ага ыйман келтирген мусулмандарды камалга алып, алар менен бардык мамилени үзүү тууралуу чечим кабыл алган убакта Хадижа энебиз Расулуллах с.а.в.дын жанында болду. Колунан келишинче ал затты колдоду. Өзүнүн ыңгайлуу үйүн таштап, кайнаган чөлдө Расулуллах с.а.в. менен бирге болду. Жашы улгайып, алсырап калганына карабастан бардык кыйынчылыктарды Расулуллах с.а.в. менен бирге көтөрдү. Хадижа энебиз каза болгондо Расулуллах с.а.в. катуу кайгырып:

خيرُ نساءِ العالمينَ أربعٌ : مريمُ بنتُ عمرانَ ، وآسيةُ بنتُ مزاحمٍ امرأةُ فرعونَ ، وخديجةُ بنتُ خويلدٍ ، وفاطمةُ بنتُ محمدٍ

  “Дүйнөдөгү эң жакшы аялдар; Марям бинти Имран, Асия бинти Музохим – “Фиръавндын аялы”, Хадижа бинти Хувайлид жана Фатима бинти Мухаммад”, – деди. Бухарий жана Муслим риваяты.

  Ушул аялдарды бириктирип турган нерсе, алар Аллахка жана анын элчилерине ыйман келтиришкендиги жана бул жолдогу ар түрдүү азап-кыйынчылыктарды көтөрүшкөндүгү болду. Расулуллах с.а.в. Хадижа энебизди мактоо менен эскерет эле. Күндөрдүн биринде Аиша энебиз: “Аллах Таала сизге андан да жакшыраагын берди го”, – дегенде, раддия билдирип:

ما أبدَلَني اللهُعزَّ وجلَّ خَيرًا منها، قد آمَنَتْ بي إذ كفَرَ بي الناسُ، وصدَّقَتْني إذ كذَّبَني الناسُ، وواسَتْني بمالِها إذ حرَمَني الناسُ،…،

“Аллахка ант болсун, Аллах андан жакшыраагын мага бербеди. Адамдар кафир болгондо ал ыйман келтирди, адамдар мени жалганчыга чыгарышканда ал мени тастыктады о.э. адамдар мени махрум кылганда ал өзүнүн малы менен мага жардам берди”, – деген. Ахмад жана Хофиз “Ал-фатх”та чыгарышкан.(уландысы бар).

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here