Инказ өкмөтү козголоңго жана козголоңчуларга каршы жасаган кезектеги кылмыш

182
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Инказ өкмөтү козголоңго жана козголоңчуларга каршы жасаган кезектеги кылмыш

Хизб-ут-Тахрир–Сирия вилаятынын маалымат бөлүмүнүн мүчөсү устаз Насир Шайх Абдулхай мындай дейт: «Хаят Тахрир Шамга караштуу «Инказ өкмөтү» козголоң жана козголоңчуларга каршы дагы кылмыш жасашты. Т.а. бул өкмөт Дүйнөлүк азык-түлүк программасына караштуу БУУнун жардамдары азат кылынган райондорго канкор режимдин көзөмөлүндөгү аймактар аркылуу (Идлибдеги Тарнаба айылы аркылуу) кирип келишине уруксат берди. Бул кадам адамдардын кайратын сындырууна жана алардын ыңкылаптык туйгуларын өлтүрүүгө о.э. аларды кыргын кылган, үй-жайларын ойрон кылып качкынга айланткан канкор режим менен нормалдуу мамиле кылууга көндүрүүгө багытталган кезектеги аракет болду. О.э. бул аракет режим менен мамилелерди нормалдаштырууга урунуу болуп, Америка ушуга буйрууда, өз кезегинде, башка зыянкеч режимдерди да Араб Мамлекеттеринин Лигасы сыяктуу уюмдар аркылуу Шамдагы тогут малайы менен мамилени кайра жолго коюуга үндөп жатат».

Устаз Абдулхай ушуларга көңүл бурду: «Бул кадам Хаят Тахрир Шам жана ага караштуу Инказ өкмөтүнүн адамдарды уурдоо, коркутуу жана экономикалык чектөөлөрдү колдонуу кылмыштары менен бир убакта болууда. Бул кылмыштардан максат – адамдарды моюн сундуруу жана үмүтсүздүккө түшүрүп, Американын саясий чечимине ыраазы кылуу. Американын чечими Асад режимин бекемдейт, козголоңчулардын курмандыктарын текке кетирет.

Бирок, ырас Шам мусулмандарынын каны кайнап, тирүү турган соң, бул Аллахтын уруксаты менен эч качан ишке ашпайт. Мусулмандар кылмышкерлер каалашпаса да, режимди кулатууга, аны түп тамыры менен жок кылууга жана адамдарды анын жамандыгынан куткарууга ант беришкен».

 

Роя гезити, №370, 2021-жыл, 22-декабрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here