Аскерий төңкөрүштөр жана армияларды өз ролунан ажыратуу

177
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Аскерий төңкөрүштөр жана армияларды өз ролунан ажыратуу

Устаз Хасбуллах Нур

Бийликтин структурасы мамлекеттин негизги жана тышкы жактарын белгилейт. Бул инфраструктура көп замандардан бери бекем жана туруктуу болуп келген болсо, саясаттар өзгөрбөйт, өзгөрсө да өтө сейрек өзгөрөт. Биз тарыхка кайрыла турган болсок, ушуга күбө болобуз, Америка тзүлгөн алгачкы күндөн эле башка калктарга өкүмдар болуу жана таасирин кеңейтүү каражаты катары аскерий төңкөрүштөрдөн пайдаланып келген. Ал барган сайын ач көздөнүп, жеп тойгус болуп кетти жана экинчи дүйнөлүк согуштан кийин аракет алкагын кеңейтти. Анын аракети дүйнөнүн үч континентин (Азия, Африка жана Түштүк Америка) өз ичине алды. Мисалы, 1952-жылы Америка Мисирде Азат Офицерлер уюмун колдоп, падыша Фарукту тактыдан кулатты. 1953-жылы Иранда «Аякс» (Иран ыңкылабы) деп аталган операцияда англис разведкасы менен кызматташып, эл шайлаган Мухаммад Мусаддыкты кулатты. 1954-жылы Түштүк Америкада эң белгилүү деп эсептелген төңкөрүшүн ишке ашырды… Анын Борбордук Разведка Башкармалыгы Гватемалада жашыруун операцияны ишке ашырып, демократиялык шайлоо аркылуу бийликке келген президент Хакобо Арбенсти кулатты. Кийин АКШ ал жердеги президент Карлос Кастильондун аскерий диктаторлук башкаруусун бекемдеп, аны жакын союздаш кылып алды. Мына ушундай аскерий төңкөрүштөр Американын таасирин континенттер аралык даражада кеңейтти жана аскерий төңкөрүштү ондогон режимдерди кулатуу үчүн башталгыч чекити кылып алды. Ушул таризде аскерий төңкөрүш саясаты бекем өзгөргүс негизге айланды, ыкма жана каражаттарында гана бир аз өзгөрүүлөр болду.

Америка өз пландарын ийгиликтүү аткаруу үчүн бир катар иш-чараларды колдонуу менен бара-бара майданды тегиздеп, тартипке салып, ыңкылапка даярдап алды… Бул иш-чаралар аскерий төңкөрүштөрдү адамдар үчүн эң алгылыктуу вариантка айлантты. 2021-жылы 25-октябрдагы Судан ыңкылабында да ушуну көрдүк. Ошондо Эл аралык Валюта Фонду тарабынан Суданга зордоп тыгыштырылган ырайымсыз иш-чаралар да майданды ыңкылапка даярдаган маанилүү фактор болду. Себеби, бул иш-чаралар Инказ өкмөтүн кулаткан жаштардын үмүттөрүн жокко чыгарды, ал тургай, өлкөдөгү коопсуздукту болуп көрбөгөн даражада хаоско айлантты. Судандын көпчүлүк аймактары башаламандыкка батышына, Судан чыгышынын жабылышына, Эфиопия менен чектеш аймактагы «Фашака району согушу» башталышына себеп болду. Бүткүл Судан бойлоп пайда болгон уруучулук жана тарапкечтик чакырыктары мамлекеттик төңкөрүш үчүн ыңгайлуу чөйрө жаратууда негизги фактор болуп кызмат кылды. Америка өлкөдө бекем орношуп алды жана 2021-жылы 25-октябрдагы «Бурхан ыңкылабынын» ар бир баскычында дайыма аралашып турду. Муну АКШнын мурунку дипломаты Мартин Индыктын сөздөрү да ачык көрсөтүп турат. Ал Фельтманды мактап, мен: «Американын Судандагы-Африка мүйүзүндөгү өкүлү Жеффри Фельтман тарабынан ишке ашырылган максаттуу АКШ дипломатиясына өз саламымды жана ыраазычылыгымды билдирем», – деген.

Бурхан өзгөчө кырдаал чараларын колдонуп, АКШнын өкүлү Фельтмандын Судандан чыгып кеткенден бир нече саат өтүп өз шериктеши жарандык башкарууну кулатты. «Вашингтон Пост» гезити кабарлашынча, Фельтман Суданга сапары учурунда жарандык жана аскерий башкаруулардын жетекчилери менен жолугушкан. Ушул этибардан алганда, көптөгөн саясий серепчилер бул чаралардын артында Американын турганын айтышууда. «Axios» веб-сайты маалымдашынча, Судан армиясынын командачысы Бурхан америкалыктарга «армиябыз ичинде жарандык башкарууга каршы чараларды көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ аскерийлер бар» деген кабарды жеткирген. Бурхан бул кабарды мамлекеттик төңкөрүлүштөн болгону 48 саат мурда жеткирген.

Америка Судан ыңкылабын туруктуу колдоо позициясында турган болсо да, бирок, Суданда жүз берген окуяны ыңкылап деп атоодон тыйылды. Коопсуздук Кеңеши да ушундай кылды. Ушул көз караштан алганда, АКШ мамлекеттик катчысы Найробидеги сүйлөгөн сөзүндө премьер-министр Хамдукту өз кызматына кайтарууга чакырып, Судандагы бардык кризис Хамдукта гана болбогонун баса белгиледи. Хамдук өз кызматына кайтарылгандан кийин Америка ал жердеги абалды тааныды. БУУ да аны ээрчип, Бурхан көргөн чараларды тааныды. Кийин бул чараларды тааныган бир катар билдирүүлөр айтылды. Ушул жосунда Судан ыңкылабы ийгиликке жетишип, эл аралык жактан таанылууга жетишти. Кийин Америка Судандагы 25 жылдан бери дипломатиялык өкүлдүк болуп келген мекемесин элчиликке айлантуу аркылуу Бурханды ийгиликтери үчүн куттуктады. Судандагы ички абалга келсек, демонстрациялар болгону саналуу күндөрдө уланып, кийин токтоп жатканына жана баары жаңы абалга көнүп жатканына күбө болуп жатабыз.

Ошентип, Америка үчүнчү дүйнө мамлекеттеринин байлыктарына ээ болуу максатында аларга өкүмдар болуу үчүн аскерий төңкөрүш ыкмасын тандап алды. Калган колонизатор мамлекеттер да ушул жолдон барышууда. Ал тургай, өткөн кылымдын жарымынан ушул күнгө чейинки аскерий төңкөрүштөр абдан көп болгон, бир эле Африканын өзүндө 199дан ашуун төңкөрүш болду. Бул болсо үчүнчү дүйнө мамлекеттериндеги, алардын катарында мусулман өлкөлөрүндөгү армиялардын ролу өзгөртүлгөнүн жана пайда болушуна себеп болгон өз милдетинин алкагынан чыгарылып, колонизаторлорго кызмат кылуу үчүн тогут акимдердин тактысын коргогон ролго айлантылганын түшүндүрөт. Бул башчылар республика президенти, король, амир жана султан сыяктуу аталышынын айырмасы жок, маанилүү эмес. Маанилүсү, бул армиялардын негизги милдети өзгөрдү жана аларды армия катары көрбөй жатабыз, тескерисинче, ырасымдарда жана мамлекеттин расмий майрамдарында аскерий параддарда гана көрүп калдык. Ал тургай, бүгүн Африкада кеңири жайылган согуштарда болуп жаткандай, алардын милдети адамдарды бастыруу болуп калганына күбө болуп жатабыз.

Армия – бул ар кандай калктын даңкынын, күч-кубатынын, улуулугунун белгиси, барлыгынын коргоочусу жана кол тийбестигинин сакчысы. Демек, армияга аскерий манёврлар өткөрүү, тажрыйба өркүндөтүү жана курал-жарак менен камсыздоо аркылуу өзгөчө көңүл буруу шарт. Аскерийлер аскерий болушуна себеп болгон өз милдетин аткарышы үчүн аларга камкордук кылуу зарыл. Жер жүзүндө өткөн умматтардын ар бири өкүмдарлык жана даңкка кубаттуу армиясы менен гана жетишкен. Себеби, Умматтын айбаты кошуундарынын айбаты менен болот. Умматтын калктар жана улуттар ортосундагы ар-намысы анын армия-кошуунунун ар-намысы аркылуу көрүнөт. Чындыгында, Ислам Умматынын жетекчилигине анын армиясы жеңилгис армия болгону этибарынан күбө болдук. Ошондо ал Ислам байрагын Араб жарым аралынан көтөрүп чыгып, жер жүзүн чар тарабына, чыгыштан Азербайжан жана батыштан Араб Мароккосуна чейин жеткирди жана муну Мадинаи Мунавварада Ислам мамлекети тикеленгенден кийин болгону жыйырма жыл ичинде эле ишке ашырды. Кийин Исламды жаюуга киришип, хидаят жана нур рисаласын Вена дарбазаларына чейин жеткирип барды. Кресттүүлүк жүрүштөрү канчалык көп болушуна жана саны-жабдыктары үлкөндүгүнө карабастан, ар дайым аларга каршы күрөшүп келди.

Демек, армияларыбызга өз улуулугун, Умматка өз күч-кубатын жана атак-даңкын кайра алып бере турган жана биз байъат бере турган эр жүрөк киши барбы?!

 

Роя гезити, №369, 2021-жыл, 15-декабр.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here