ЖККУ алкагында мусулмандардын Казакстанга аскер киргизиши жайиз эмес

288
0

ЖККУ алкагында мусулмандардын Казакстанга аскер киргизиши жайиз эмес

Учурда Казакстанда болуп жаткан окуялар дүйнө коомчулугунун назарын өзүнө бурууда. Чындыгында, Казакстан калкы залим режимдин зулумуна каршы көтөрүлдү. Көп жылдардан бери толгон “бочка” жарылды. Бирок, ушундай болушуна карабастан, Казакстандагы окуялардан эл аралык оюнчулардын колония талашуу оюну даана көрүнүп турат. Алар элдик нааразылыктардан өз кызыкчылыктары жолунда пайдаланып жатышат. Окуялар өнүгүшүндө Казакстанга ЖККУ (ОДКБ) аскерлери киргизилиши мунун бир далили болуп калды.

Казакстан президенти 5-январда ЖККУга жардам сурап кайрылды. Белгилүү болгондой, ЖККУ Россия тарабынан СССРден “мураска” калган колонияларында аскерий таасирин сактап калуу максатында түзүлгөн. Мындан көрүнүп тургандай, башка үчүнчү дүйнө мамлекеттеринин акимдериндей эле, Казакстан бийлиги да өз таажы-тактыларын сактап калууда колонизатор кожоюндарына сүйөнөт.

ЖККУ ичинен бир гана Кыргызстандын аскерлери Казакстанга киргизилиши кечеңдеп жаткан. Себеби, Кыргызстандын конституциясы боюнча, буга парламенттин макулдугу керек болчу. Негизи, Казакстанга аскерлер жөнөтүлүшүнө Кыргызстан бийлиги абдан кызыкдар болууда. Бийлик муну “Уюмга киргенден кийин анын уставына кыңк этпей баш ийишибиз керек” деген шылтоо менен аргументтеп жатат. Туура, бул уюм малайларды кыңк эттирбей баш ийдирүү үчун түзүлгөн, а бирок, ушул иштин үстүндө бийликтин буйтап кетүү мүмкүнчүлүктөрү бар эле. Лекин бийлик аларды ишке салбай, тескерисин кылды. Анткени, эртең Кыргызстан бийлиги да ЖККУдан өз элине каршы жардам сурап калышы ыхтымал. Ошондуктан, маселени парламентке макулдатып, президент ага кол койду.

Мунун тушунда түрдүү тараптардан ар түркүн позициялар билдирилүүдө. Биз бул орунда – мусулман катары – мусулман боордошторго шаръий өкүмдү эстете кетебиз.

Шарият боюнча, мусулмандардын кафирлерди үстөм кылуучу уюмдарда катышуусу жайиз эмес.

Аллах Таала айтат: Аллах кафирлер үчун муминдер үстүнөн жол бербейт

﴿وَلَن يَجْعَلَ اللَّهُ لِلْكَافِرِينَ عَلَى الْمُؤْمِنِينَ سَبِيلًا﴾

«Аллах момундар үстүнөн кафирлерге эч качан жол бербейт»     [4:141]

Демек, Кыргызстан аскерлерин ЖККУ алкагында Казакстанга жөнөтүү жайиз эмес.

Урматтуу мусулман бир туугандар. Мындай тополоңдор Казакстандан башка да өлкөлөрдө болуп келүүдө. Бирок, алардын нааразылыктары колонизатор кафирлердин жетегинен чыга албай келет. Колонизаторлор өлкөлөрүбүзгө малайларын орнотуп, аларды бекемдешет. Эл алардан тажаганда бирин кетирип, экинчисин алып келишет. Өз ара таасир талаштарында жарандык согуштарды келтирип чыгарышат. Өкүнүчтүүсү, алардын азабын тарткан мусулмандар кайра эле ООН, ОДКБ сыяктуу ал “карышкырлардан” жардам сурап кайрылышууда. Анткени, алар залим режимдердин артында колонизатор кафирлер турганын, ал кафирлер үстүбүзгө империалисттик-капиталисттик системаны колдонуп жатканын – мына ушулар бардык балээлердин башы экенин биле албай жатышат. Бирок, ошентсе да, капиталисттик идеология (демократия) кризиске учурап, дүйнөдө идеологиялык боштук пайда болду. Дүйнөдөгү бардык элдер капиталисттик түзүмдүн зулумунан тажап, дүйнө боюнча саясий боштук пайда болду. ИншАллах, бул идеологиялык боштукту Ислам толтурат, саясий боштукту Халифалык толтурат. Андыктан, азиз бурадарлар, Исламыңыздарды үйрөнүп, Халифалыгыңыздарды алып келүүгө аракет кылыңыздар.

Аллах Таала айтат:

﴿وَأَنَّ هَـذَا صِرَاطِي مُسْتَقِيماً فَاتَّبِعُوهُ وَلاَ تَتَّبِعُواْ السُّبُلَ فَتَفَرَّقَ بِكُمْ عَن سَبِيلِهِ ذَلِكُمْ وَصَّاكُم بِهِ لَعَلَّكُمْ تَتَّقُونَ

«Албетте мына ушул Менин Туура Жолум. Демек, ушул жолго ээрчигиле, (башка) жолдорго ээрчибегиле, (эгер башка жолдорго ээрчисеңер) алар силерди Анын жолунан үзүп коёт, балким таква кылаарсыңар, деп силерди мына ушул нерселерге буюрду» [6:153]

Туркистон

  1. 01. 2022

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here