Назарбаев отставкага кетти

42
0

Назарбаев отставкага кетти

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев мамлекеттеги башаламандык фонунда казакстандыктарга кайрылуу жолдоду.

Президент Токаев элге кайрылуусунда Коопсуздук кеңешинин башчылыгын колуна алганын жарыялады. Казакстанды 30 жылдай башкарган Назарбаев 2019-жылдын март айында президенттиктен кеткен. Коопсуздук кеңешине көзү өткөнчө мүчө болуу укугуна ээ болчу.

 “Мен президент катары жарандардын коопсуздугу жана тынчтыгын, Казакстандын бүтүндүгүн коргошум керек. Мен кабыл алган чаралар көп улуттуу Казакстандын бакубаттуулугуна багытталган”, – деди Токаев.

О.э. ал  эмне болгон күндө да борбор калаадан кетпестигин билдирип: “ Кандай болбосун мен борбордо кала берем. Калк менен бир болуу менин конституциялык милдетим. Казакстандын тарыхындагы кара такты чогуу жеңебиз. Тез арада саясий трансформация боюнча сунуштар менен чыгам”, – деди.

Казакстан президенти эми каршылык акцияларына катуу чара көрүлөрүн эскертти.

2-январда Жаңы-Өзөн, Актауда газдын кымбатташына каршы акция башталып, өлкөнүн башка аймактарына да тарады. Алгач газдын баасын арзандатууну талап кылган митингчилер кийинчерээк саясий талаптарды да көтөрүп чыга башташты. Алар өкмөттү отставкага кетирүүнү жана Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевди саясаттан биротоло четтетүүнү талап кылышууда.

 4-январда Токаев өлкөдөгү ири шаарлар Алматы менен Мангыстауда өзгөчө кырдаал жарыялады.

 5-январда Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев өкмөттү отставкага кетирип, премьер-министрдин биринчи орунбасары Алихан Смаилов премьер-министрдин милдетин аткаруучу кылып дайындады.  Ушул эле күнү Нур-Султанда да өзгөчө кырдаал жарыяланды жана Назарбаев отставкага кеткени кабарланды…

Казак эли көптөгөн жылдардан бери Назарбаевдин диктатордук режими астында жашап келди. Назарбаев расмий түрдө президенттикти Токаевге тапшырганы менен, иш жүзүндө ушул кезге чейин Казакстанды башкарып келди. Токаев болгону бир куурчак болуп, казак калкынын бышып жетилип келе жаткан нааразылык маанайын бастыруу үчүн сахнага чыгарылган бир актёр болчу.

 А бирок казак эли унутпашы керек болгон нерсе, бийликтеги адамдар канчалык алмашпасын, алардын биздин үстүбүздөн өкүм жүргүзүшүнө жол ачып берип жаткан бузуку капиталисттик түзүм кулатылмайынча элге жакшылык болбойт. Кыргызстанда бир эмес үч жолу ишке ашырылган мамлекеттик төңкөрүштөр буга мисал боло алат. Ошол төңкөрүштөрдө да бийликтеги адамдар гана алмашты, түзүм болсо мурда кандай болсо ошол бойдон калды. Бул төңкөрүштөрдөн элдин абалы жакшырып калбады, тескерисинче мамекет күн өткөн сайын саясий жана экономикалык кризистерге батып барууда. Ушундай болгон соң, казак эли да бийликтеги адамдаралмашуусуна алданып калбай, чыныгы өзгөрүш жана ынкылапты көздөй аракет кылышы зарыл. Чыныгы өзгөрүштүн жолу – бул казак мусулмандары кабыл алган акыйдадан келип чыккан исламий жашоону кайрадан баштоодо.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here