Эрдаган чагылгандай чартылдайт, бирок, иш жүзүндө эч нерсе кылбайт

189
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Эрдаган чагылгандай чартылдайт, бирок, иш жүзүндө эч нерсе кылбайт

«Анадолу» маалымат агенттиги хижрий 1443-жылы 6-жумадулаввал, миладий 2021-жылы 10-декабрь күнү жарыялаган кабарда  мындай делет:

«Түркия президенти Ражаб Таййиб Эрдаган: «Бекем туруктуулукту жана тынчтыкты орнотуунун жолу – 1967-жылдагы чегараларга ылайык борбору Куддус болгон эгемендүү жана суверендүү Фалестин мамлекетин тикелөө», – деди.

Бул жөнүндө ал жума күнү Истамбулда Ислам Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин 16-конференциясынын ачылышында сүйлөгөн сөзүндө айтты.

Эрдаган Чыгыш Куддустун макамы жана Акса мечитинин Куддуска таандыктыгы жаатында Түркия өз позициясын катъий улантышын баса белгиледи.

Ал: «Биз Куддусту 400 жыл адилет менен башкарган ата-бабалардын неберелери болуп туруп, Фалестинде кан, көз жаш жана зулумдарды көрүүнү каалабайбыз», – деди.

О.э. Куддус мубарек шаар экендигин жана Мухаммад Расулуллахтан Умматына аманат экенин баса белгиледи.

Эрдаган: «Биз, беш кылым мурун Испаниядан качып келген яхудийлерге өз эшиктерин ачкан Уммат катары, эң чоң максатыбыз – тынчтык жана туруктуулук», – деди.

Анын айтымында, тынчтык жана туруктуулукка жетишүүнүн жолу – 1967-жылдагы чегараларга ылайык борбору Куддус болгон эгемендүү жана суверендүү Фалестин мамлекетин куруу».

Роя:

Эрдагандын бул аракеттери ушул суроолорду берүүгө мажбур кылат:

Эй Эрдаган! Сен Фалестинде мужахиддердин жана шейиттердин каны менен сугарылбаган бир сөөм жерди да таба албайсың. Андыктан, ал жердеги Расулуллах ﷺдын Исра жана Миъраж жайын жана мусулмандар илгертен коргоп келген Акса мечитин 80 пайызы яхудийлерге бериле турган «эки мамлекет» чечими менен коргоо мүмкүнбү?! Бул нерсе төгүлгөн пакиза канга кыянаттык кылуу эмеспи?! Бул нерсе сен алардын небереси экениңди айтып мактанган улуу султандар заманына саткындык эмеспи?! Деги, алардын бири султан Абдулхамид II рахимахуллах бардык соодалашууларга жана алдоолорго макул болбой, бул мубарек жерге көз салган ач көз яхудийлерге бардык эшиктерди жаппаган беле?!

Яхудийлер Куддуста, Акса мечитинде жана Фалестиндин бардык шаарларында күнү-түнү мусулмандардын канын төгүп жатканын көрбөй жатасыңбы, же көзүңдү май басып калганбы, кулагың дүлөй болуп калганбы?! Же кулагың яхудийлердин «холокост» деген жомок жана азгырууларын гана угабы?!

Биз сөздөрүңдүн кайсы бирине ишенели, көрүп турганыбыздай, түрк армиясы Афганистан, Ливия, Шам, Азербайжан, Яман сыяктуу жер жүзүнүн батышы-чыгышында жүргөн болсо да, бирок ал жерлерде мусулмандардын канын токтотуп, намыстарын коргобой жатат. Тескерисинче, Американын долбоорлоруна жана кызыкчылыктарына кызмат кылууда! Сенин Фалестинди жана анын калкын кызганам деген сөзүңө кантип ишенели, акыйкатта болсо, армияны Фалестинди кылмышкер жана айлакер яхудийлерден азат кылууга аракеттендирбей жаткан болсоң?!

Сенин Фалестин маселеси жалаң эр жүрөк фалестиндиктердин маселеси эмес, бардык мусулмандардын маселеси деген сөзүңө келсек, бул сөз туура! Биз ушул сөзүңдү тилиңе байлап, жоопкерчиликти мойнуңа милдеттендиребиз. Бул акыйкат бардык мусулмандарды сен жана сага окшогон башчылардын Фалестин маселесине саткындык кылып, ага каршы тил бириктирип жатканыңды түшүнүп жетүүгө алып келет о.э. бул мубарек жерди азат кылууга, Акса мечитин жана ыйык жайларды яхудийлердин ыпластыгынан тазалоого армиялар аракетке келиши үчүн аларга басым өткөрүүгө буюрат. Ошондо гана Пайгамбарлыктын сыймыктуу аманатын сактоо болот. Ошондо гана биз Умматты урмат-сый чокусуна алып чыккан солихтер жана улуу жетекчилердин неберелери экендигибиз менен сыймыктансак арзыйт. Бул – Аллахтын уруксаты менен – жакындашып келе жаткан Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкта ишке ашат.

 Роя гезити, №369, 2021-жыл, 15-декабрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here