Улутчулдук капитализмдин жемиши

207
0

Улутчулдук капитализмдин жемиши

Капитализм хазаратындагы “табигый укук” жана “социалдык дарвинизм” теориясы боюнча улутчулдук жана расачылык адаттагы көрүнүш болуп эсептелет. Т.а. капитализмдин жашоого болгон көз карашынан расачылык, улутчулдук сыяктуу илдеттер о.э. социалдык согуш жана жаңжалдар табигый түрдө келип чыгат. Ошондуктан, Батыштын бардык жерлеринде улутчулдук бар экендигин көрөбүз. Мисалы, демократияны бүт дүйнөгө жайылтабыз деп жаткан жана адам укуктары жөнүндө тынымсыз жар салып жаткан Америкада кара түстүүлөргө карата расизм проблемасы уланып келе жатканына 100 жылдан ашты жана бүгүнкү күндө да АКШнын ар жеринде расачылык проблемасы бар. Европада да кудум ушундай, ал тургай мамлекеттик жооптуулар жана расмийлер арасынан чыккан кээ бир ашынган улутчулдар өзүнүн улутчулдугу менен сыймыктанышат. Голландияда Герт Вилдерс, Россияда Владимир Жириновский, Бразилияда Антонио Борсанаро жана башка ушул сыяктуу улутчулдар партия түзүп, парламенттен орун алышы о.э. Түркия парламентинде да улутчул партия бар экендиги капитализмдин табигый натыйжасы болуп эсептелет.

Капитализм кирип барган бардык жерлерде, айрыкча Халифалык мамлекети кулатылгандан кийин элүүдөн ашуун мамлекетчелерге бөлүнгөн Исламий өлкөлөрдө улутчулдук, расачылык жана мекенчилдик илдеттери атайылап пайда кылынды. Себеби, алар мусулмандарды аскерий жол менен жеңүү таптакыр мүмкүн эместигин, андан көрө мусулмандарды ичинен жемире турган улутчулдук, уруучулдук туйгуларын козгоо пайдалуураак экендигин түшүнүп жетишти. Мындан көздөлгөн максат, мусулмандар өлкөлөрүндө бөлүнүп-жарылууну күчөтүү жана кайрадан биригип кетишине жол бербөө. Башкача айтканда, колонизатор Батыш мекенчилдик жана улутчулдук себептүү мусулмандар бири-бирин кыргын кылышын каалайт.

Батыш өзүнө малай болгон акимдер менен маалымат каражаттары жардамында Үммөткө улутчулдук жана мекенчилдик сыяктуу бузуку пикирлерди тыгыштырууга жетишти. Бул илдеттер жогоруда күбө болгонубуздай, маал-маалы менен жемишин берип келүүдө. Негизи, Расулуллах да бул тууралуу:

«لَيْسَ مِنَّا مَنْ دَعَا إِلَى عَصَبِيَّةٍ»

«Ким асабиятка (расачылык, улутчулдук, тарапкечтик) чакырса, ал бизден эмес»,

«دَعُوهَا، فَإِنَّهَا مُنْتِنَةٌ»

«Аны таштагыла, себеби ал жийиркеничтүү», – деген.

Мындай илдеттен кутулуунун бирден-бир жолу – бул бүтүндөй Ислам Үммөтүн Халифалык мамлекети алдына бириктирүү. Халифалык мамлекети расачылык, улутчулдук, мекенчилдик сыяктуу жахилий илдеттерге чек коёт. Буга эч кандай шек-күмөн жок. Анткени, Исламда аймактарга бөлүнүү, расачылык, улутчулдук, дененин түсүнө карап ажыратуу, тайпачылык, ич ара чек аралар деген нерсеге таптакыр орун жок.

 Киямуддин Шариф

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here