Түрк лирасынын кризисине капиталистик куфр түзүмү себепкер

195
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Түрк лирасынын кризисине капиталистик куфр түзүмү себепкер

Түркия президенти Эрдоган 2023-жылы өткөрүлүшү белгиленген шайлоонун алдынан Түркия экономикасынын абалы жакшырат деп убада берип: «Бүгүндөн баштап кийинки шайлоого чейин пайыздык ставканын төмөндөтүлүшү натыйжасында түрк лирасынын тикеленишине жана инфляциянын төмөндөшүнө күбө болобуз», – деди. Эрдаган Түркиянын расмий телевидениесинде сүйлөгөн сөзүндө: «Биз пайыз жана валюта чайкоочулугуна туш келип жатабыз жана ушул учурда бул чайкоочулукка биз гана чекит коё алабыз», – деп кошумчалады. Түрк лирасы тарыхтагы эң жаман бешинчи айды бүтүрдү. Лира АКШ долларына жана еврого карата 50 пайызга төмөндөп, жаңы рекордду көрсөттү. Башкача айтканда, бир доллар 14 лираны түзүп, кийин 13,5ке кайтты.

Бул жөнүндө Хизб-ут-Тахрир–Түркия вилаятынын маалымат бөлүмү жарыялаган билдирүүдө мындай делет: «Валюта курсунун көтөрүлүшү керектөө жөндөмүнүн төмөндөшүнүн натыйжасында экономикага түздөн-түз таасир кылат. Бирок, Эрдаган Түркиядагы экономикалык жана финансылык кризисти «экономикалык көз карандысыздык согушу» деп чечмелеп, ушул аркылуу негизги проблема кафир капиталисттик түзүмдө экенине атайын көз жумуп жатат. Ал эми, дүйнөлүк колонизатордук бүткүл дүйнөнү мына ушул капиталисттик түзүм аркылуу кул кылууда. Түркия да ушул түзүмдүн бир бөлүгү болгон соң, кантип экономикалык согуш жөнүндө сөз болушу мүмкүн?!».

Билдирүүдө дагы мындай делет: «Республика президенти өлкө капиталисттик түзүм менен бекем байланып, финансылык каражаттар, пайыздар, чет элдик валюталар, инфляция, жашоонун кымбатташы жана жумушсуздук сыяктуу проблемалар ириминде турганда жана бир чөйрө ичинде айланып турганда Батыштан импорт кылынган мындай колонизатордук түзүмү бузгунчу экенин эч качан моюнга албайт».

Билдирүү ушуларга басым жасалуу аяктады: «Капиталисттик башкаруу түзүмү түп тамырынан кулатылып, рошид Халифалык мамлекети тикеленбесе, мусулман калктар куфр түзүмүнүн таштандыларынан эч качан кутула алышпайт. Себеби, чыныгы нажат – исламий жашоону кайрадан баштоо. Бүгүнкү залим диктаторлор көз жана кулактарын жаап алып, жүрөктөрүн карайткан жана акылдарын кожоюндарына сатышкан соң, кризистер эч качан токтобойт».

 Роя гезити, №368, 2021-жыл, 8-декабрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here