Судандын премьер-министри Абдулла Хамдук кызматтан кетти

253
0

Судандын премьер-министри Абдулла Хамдук кызматтан кетти

Судандын премьер-министри Абдулла Хамдук саясий кризиске каршы көчө жүрүштөрүнөн улам кызматтан кеткенин жарыялады. Соңку төңкөрүштөн кийин ал кызматка кайра келген болчу.

“Мен жоопкерчиликти өз моюнума алып, премьер-министрлик кызматтан кеткенимди жарыялайм. Бул асыл өлкөнү өткөөл мезгилден алып өтүүгө жардам берүү мүмкүнчүлүгүн берүүнү чечтим”.

2021-жылдын октябрь айында Суданда кезектеги төңкөрүш болуп, аскерлер өлкөдө өзгөчө кырдаал киргизилгенин, министрлер кабинетин жана эгемендүү кеңешти таратканын жарыялашкан.

Өткөөл өкмөттүн бир нече мүчөсү, анын ичинде Хамдук да кармалган болчу. Бир айдан соң өлкөнүн иш жүзүндөгү лидери генерал Абдел Фаттах ал-Бурхан менен биргеликте премьер-министр Хамдук кайра кызматына кайтып келген. Экөөнүн ортосунда саясий келишимге кол коюлган. Бирок Хамдук армия тараткан мурдагы өкмөттүн ордуна жаңысын түзө алган эмес.

2021-жылдын октябрынан бери Судандагы каршылык акцияларында жалпысынан 57 адамдын өмүрү кыйылган. Ага чейинки аскердик төңкөрүш Суданда 2019-жылдын апрель айында болгон. Өлкөнү 30 жыл башкарган президент Омар ал-Башир отставкага кетип, аскерлер өлкөдөгү бийлик алар түзгөн кеңешке өткөнүн жарыялашкан.

Исламий өлкөлөр колонизатор кафирлер Исламды жана мусулмандарды кыйратуу үчүн күрөшө турган майданга айланып калды. Маселен, Суданда бир тарапта Америка колдогон Судан армиясын жетектеген Бурхан жана анын жардамчылары, экинчи тарапта Европа, өзгөчө Британия жана анын министрликтеги Хамдук баштаган малайлары эки жылдан бери өкүмдарлык үчүн өз ара күрөшүштү. Шек-күмөнсүз, бул аракеттерден мамлекеттин ресурстарын талап-тоноо о.э. анын стратегиялык ордун жана байлыгын колго алуу көздөлгөн.

Негизи, алар 2019-жылы 21-августта 39 айга созулган конституциялык декларация келишимин түзүшкөн эле. Келишимде Бурхан жана анын жардамчылары 21 ай, Хамдук жана анын айланасындагылар болсо 18 ай өкүмдарлык кылышы белгиленген. Келишимде жарандык өкмөттөгүлөр башкарууну 2021-жылдын май айында колго алышы көрсөтүлгөн. Бирок, 2020-жылы 3-октябрда түзүлгөн Жуба келишиминде конституциялык декларация келишимине өзгөртүү киргизилип, 39 айлык мөөнөт болжол менен 53 айга өзгөртүлдү. Ошентип, жарандык өкмөттөгүлөр башкарууну 2021-жылдын ноябрь айында ала турган болду. Аскерийлер бул абалга такыр ыраазы болбошу жана келишимди бузуп, жарандык өкмөттөгү жетекчилердин ушул жылы ноябрь айында башкарууну колго алуусуна мүмкүнчүлүк бербеши анык эле.

Америка менен Британия кызыкчылыктары ар башка болгондуктан, бирдиктүү өкмөт курушу мүмкүн эмес болчу. Ошондуктан, Америка баштаган армия кээ бир абалдарды жасалма түрдө пайда кылып, Бурхандын өзгөчө абал жарыя кылышына чөйрө жаратып берди. О.э. алар колонизатор кафир кожоюндарына кызмат кылуу үчүн Судан калкынын жакырчылыгын, зулум жана мусибаттарын дагы да күчөттү!

Ислам душмандары мамлекетти жана элди алсыратуу үчүн күрөшүп жатканына таң калбасак да болот. Бирок, таң калычтуусу жана өкүнүчтүүсү, бул иштер Ислам жана мусулмандарга таандык малайлардын колу менен ишке ашырылып жатканы жана мусулмандар бул иштерди көрүп-угуп туруп унчукпай жатышканы! Алар турмуштун жана тиричиликтин оордугуна наалышууда, кудум Аллах Субханаху ва Тааланын бул аятын билишпегендей:

«Ким Менин эскертмемден баш тартса, анда, албетте ал үчүн бактысыз турмуш болот жана Биз аны Кыямат күнүндө сокур абалда тирилтебиз». Ал: «Роббим, эмнеге мени көр кылып тирилттиң, мурун мен көрчү элем го», деди, (Аллах) айтты: «Ошондой. Сага Биздин аят-муъжизаларыбыз келгенде аларды унуттуң. Бүгүн сен да ошондой «унутуласың»» [20:124-126]

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here