Мусулманмын деген киши Расулуллах ﷺды акаараттагандар менен кызматташуусу мүмкүнбү?!

184
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Мусулманмын деген киши Расулуллах ﷺды акаараттагандар менен кызматташуусу мүмкүнбү?!

Хизб-ут-Тахрир–Бангладеш вилаятынын маалымат бөлүмү жарыялаган билдирүүдө шайха Хасинанын кресттүү жана колонизатор Франция мамлекети менен аскерий кызматташтык боюнча келишим түзүшү караланды. Билдирүүдө ушул суроо ортого салынды: мусулманмын деген башчы Расулуллах ﷺды акаараттагандарды колдоп-кубаттагандар менен кызматташуусу мүмкүнбү, кресттүүлөрдү дос туткан мусулмандын ыйманы саламат болушу мүмкүнбү?!

Билдирүүдө ушулар баса белгиленген: «Хасинанын Франция менен минтип жакындашуусу жана келишимге кол коюшу колонизатор кафирлерди дос тутуп, Ислам жана мусулмандардан болсо баш тартып жатканын көрсөтүүдө. Бангладеш түрдүү колонизатор күчтөр ортосунда геосаясий атаандаштыктын борборуна айланды. Франция менен келишим түзүү Британиянын колонизаторлук кызыкчылыгына кызмат кылат. Т.а. Британия – кудум Мьянмадагы малайы болгон аскерий кеңешти Кытай менен жакындашууга, Ливияда Муаммар Каддафийди жана Иракта Саддам Хусайнды Советтер Союзу менен жакындашууга үндөгөнү сыяктуу – Хасинаны Франция жана Евросоюзга жакын болууга үндөп, АКШнын таасиринен жана коргоосунан алыстатмакчы. Ушул жактан алганда бул иш-аракеттер Британиянын кызыкчылыгына кызмат кылат. Кызыгы, Британия Ливия жана Ирак ага муктаж болуп турганда алардан баш тарткан!».

Билдирүүдө армиядагы калыс офицерлерге кайрылуу жасалды: «Силердин реалдуу кубатка ээ болуп туруп, бул сыяктуу кылмыштарга унчукпай карап турушуңар жана аракетке келбешиңер чоң жаңылыштык болот. Андыктан, мындай илманий акимдерден колуңарды тартып, Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкты тикелөө үчүн аракет кылып жаткан кишилерге колуңарды сунгула. Франциянын дагы кайра талкаланышына – Аллахтын уруксаты менен – аз калды.

 Роя гезити, №367, 2021-жыл, 1-декабрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here