Кытай Кыргызстанга кайтарымсыз түрдө 13 миллиард сом берет

241
0

Кытай Кыргызстанга кайтарымсыз түрдө 13 миллиард сом берет

Кабар: Кытай Кыргызстанга кайтарымсыз түрдө 13 млрд сом бөлөт. 31-декабрда министр Данияр Амангелдиев менен Кытайдын элчиси Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь ушундай келишимге кол коюшкандыгын Экономика жана комммерция министрлиги кабарлады.

 “Биринчи келишимдин алкагында 350 миллион юань, экинчиси боюнча 650 миллион юань берүүсү каралууда. Жалпысынан Кытай Кыргызстанга 1 миллиард юань бөлөт. Ал каражат буга чейин тараптар сүйлөшкөн социалдык-экономикалык жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга жумшалат”, – деп айтылган министрликтин кабарында.

Комментарий: Кытай акыркы бир жылдын ичинде Кыргызстанга тынымсыз экономикалык жардамдарды берип келди. Былтыр июнь айында Кытай Кыргызстанга жардам катары 40 миң тонна ун, 20 миң тонна кумшекер, 20 миң тонна өсүмдүк майын жана грант катары 350 миллион юань (54 миллион АКШ доллары) берген эле. Мындан тышкары, гуманитардык жардам катары коронавируска каршы “Sinopharm” вакцинасынан 150 миң доза берген. О.э. октябрь айында да Кытай өкмөтү Кыргызстанга 1150 тонна ун, 75 тонна кумшекер жана 50 тонна соя майынан турган гуманитардык жардам бергени кабарланган.

Кытай өкмөтү кайтарымсыз берип жаткан каражаттар эки тараптуу долбоорлорду ишке ашырууга жумшаларын эсепке алсак, бул каражат элдин катуу каршылыгы себептүү токтоп калган долбоорлорду кайрадан ишке түшүрүүгө жумшалат. Мисалы, кытайлык компания тендерден утуп алган “Коопсуз шаар” долбоору эмдиги жылдын жаз мезгилинен баштап ишке ашырыла турган болду. Мындан тышкары, бир кездерде калктын катуу каршылыгы себептүү токтоп калган Кадамжайдагы Шамбесай, Нарындагы Солтон-Сары алтын кендеринде, андан кийин Жетим-Тоо темир кенинде кытайлык компаниялардын ишин жандандыруу маселеси да күн тартибинде турат. Демек адаттагыдай эле, Кытай өкмөтү Кыргызстанга кайтарымсыз жардам берип жаткандай болуп көрүнүү менен жерлерибизди жана кен-байлыктарыбызды ээлеп алууга умтулууда. Муну ун, кумшекер жана өсүмдүк майы, кайтарымсыз жардам берүү пардасы артына жашырууда. Бул кудайсыз коммунисттердин “ашказанды тузак кылып” элди башкаруу ыкмасы болуп, Кытай ушул аркылуу экономикалык кыйынчылыктар кысымында калган элди алдоого жана ушунча жылдан бери калыптанып калган Кытайга каршы маанайды жок кылууга аракет кылып жатат.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here