Украина кризисинин акыйкаты, анын көлөмү жана мотивдери

43
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيم

Суроожооб

Украина кризисинин акыйкаты, анын көлөмү жана мотивдери

Суроо:

“Аль-Жазира” 2021-жылы 20-декабрда өз сайтында жарыялаган кабар: “Украина армиясы менен москвачыл жикчилдер ок атышып, натыйжада эки тараптан тең каза болгондор болду… Бул окуялар – Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргоо кеңешинин катчысы Алексей Даниловдун айтуусунда – Россия тараптан ар кандай басып кирүүгө каршы, анын өлкөсү өлкө тарыхында биринчи жолу армиянын бардык мекемелери жана секторлору катыша турган деталдуу иш-аракеттер планын даярдаганын жарыялагандан бир күндөн кийин болду. Украина келерки январдын аягында кол салууга даярдануу үчүн анын чек араларына жакын жерде 100 миңге чейин аскер топтоду деп Россияны айыптады. Бирок, Россия Украинага басып кирүүнү пландаганын четке какты…”. (“Аль-Жазира”, 20.12.21).

Жооб:

Жооб ачык-айкын болушу үчүн ушуларды карап чыгуу керек:

1 –  Падышалык Россия XVI кылымда Украинанын аймагын көзөмөлгө алган. Андан кийин Украинанын эли орустар менен бирге калган аймактарды колониялаштырууга катыша баштады жана башка элдерди колониялаштырууга жардам берди. Жада калса, колониядагы элдер орустар менен украиндерди айырмалай алышчу эмес, айрыкча экөө тең славян улутунан болгон. 1991-жылы СССР тарады. Андан кийин Украина 1991-жылы эгемендүүлүккө ээ болуп, ал Кара деңиздин түндүгүндө уникалдуу жайгашкан, 40 миллион калкы бар «Советтер Союзу» мейкиндигинде экинчи ири өлкө болуп калды. Украина Россиядан кем эмес өнөр жай түзүмү жана Советтик мурастын үчтөн бир бөлүгүн түзгөн өзөктүк арсенал менен калды. Бул абал Украинанын аймактык бүтүндүгүн жана көз карандысыздыгын сактоо боюнча АКШ-Россия убадасынын акысына – Украина-АКШ-Россия келишими боюнча – Украина андан ажыратылганга чейин болгон. Украина “Советтик” Кара деңиз флоту боюнча Россия менен узак жана татаал сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келген, бул флоттун көбү Россияга мураска калган жана ижара келишими боюнча Украина аймагында Крымдагы Севастополь портунда жайгаштырылган.

2 –  Россиянын күчү Украина менен болгон ар бир жаңжалда Украинаны кайра өз колуна ала албай жаткан. Россия 90-жылдардын башында Кара деңиз флотун бөлүү маселесинде болсун, же Советтер Союзу Россиянын аймагынан Европага газ ташуу үчүн Украинанын ичинде курган узун жана кенен газ түтүктөрү маселесинде болсун, айырмасыз, Украинаны колго ала албай келет. Россиянын Кара деңиз аркылуу өткөн “Түрк агымы” же Балтика деңизи аркылуу Германияга өтүүчү “Түндүк агым” сыяктуу альтернативалык линияларга муктаждыгы да бул маселеден кийин пайда болгон. Россия базары Украинанын асыл жерлеринен чыгарылган кант жана майларга абдан муктаж болгон коммерциялык маселелерде, же мурдагы Советтик системадагы мамлекеттер үчүн Россия тарабынан түзүлгөн ар кандай уюмдарга Украинанын мүчө болушу жөнүндө маселелерде, же андан кийин Украинанын Европа Биримдигине жана НАТОго карата ориентациясынын пайда болушу маселесинде Россиянын Украина менен болгон бул чыр-чатактарынын баары – Россиянын аскердик артыкчылыгына карабастан – акыркы отуз жылдагы Украина үстүнөн үстөмдүгүн калыбына келтирүүгө мүмкүнчүлүк берген жок…

3 –  Украина Россиянын алдыңкы короосу. Россия үчүн Украина жайгашкан жери, улуттук өз ара көз карандылыгы, дини жана тарыхы боюнча арткы короосу катары эсептелген Борбор Азияга окшобойт. Украина Россиянын бет маңдайы жана анын эл аралык абалда алдыңкы бөлүгү. Украина Кара деңизге чыгат жана Россия тарых бою аннексиялап алган Кавказ ислам аймактарынын жогору жагын көзөмөлдөй алат. Россия Батыш менен болгон мамилесинин олку-солкулугу себебинен келип чыккан азык-түлүк маселесинде Россия өзүнүн азык-түлүк коопсуздугун коргогон негизги продукцияларды Украинанын түшүмдүү жерлеринен таба алат. Россия Украина аркылуу газ түтүктөрү менен болобу, башка жол менен болобу, Чыгыш Европага чыгат. Баарынан маанилүүсү, Украина бүгүнкү күндө Россияга карата эки жолу баскынчылык кылган (Наполеон жана Гитлер) Европадан коркуу баскычында Россиянын тарыхый түйүнүн чечкен акыркы буфердик аймак экенин билдирет. Ал эми, Советтик мамлекеттин алсыздыгы Россияны Чыгыш Европадан буфердик аймак катары таштап кетүүгө аргасыз кылган болсо, Россия НАТОнун Чыгыш Европага илгерилешинин алдында жок дегенде коңшулары Украина менен Беларус аны НАТО коркунучтарынан обочолонтуп жана НАТО согуштук машинасын чыгышка карай илгерилетпей турган аймак катары камсыз кылуусун каалайт… Россия бүгүн Украинанын Түндүк Атлантикалык Келишим Уюмуна (НАТО) кирүүсүнө же аны колдоосуна жол бербөөнү каалайт. “Россия тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков АКШнын Украинаны аскерий жактан колдоосун “Россиянын коопсуздугуна олуттуу чакырык” деп баалады”. (“Аль-Айн Аль-Ахбария”, 13.04.21).

4 –  Батыш, өзгөчө Америка, орус саясатындагы бул Украина түйүнүнүн чындыгын түшүндү. Ал эми, Украина Россиянын эң алсыз тарабын көрсөтөт, айрыкча Украинада улутчулдук кыймылдар кайра жанданып жана анын Россияга душмандыгы тамыр жайгандан кийин. Ошондуктан, Украина жыйырма жылдан бери Америка жана Европанын Россия менен тирешүүсүнүн чордонуна айланды. 2014-жылы Украинанын орусчул президенти Януковичти кулаткан ыңкылаптан кийин Москва ошол эле жылы жооп кылып, түштүктөгү Крым жарым аралын Украинадан бөлүп, аралды стратегиялык жана эбегейсиз аскерий базалары менен өзүнө кошуп алган. Россия муну менен гана чектелип калган жок, балким, ал Украинадагы орус сепаратисттерди Украинанын чыгыш аймактарында тутандырып “Кичи Россия” деп атаган эки провинциянын (Донецк жана Луганск) эгемендүүлүгүн жарыялоого түрттү, аларга аскердик колдоо көрсөтүү. Мунун баары Украинаны Батыштын кучагына түрттү. Ошондон кийин Украина Россиянын агрессиясынан коргойт деген үмүт менен НАТОго кирүүнү көшөрүп талап кыла баштады. Батыш аны өзүнө жакындатып, анын коргоочусу катары көрүндү. Украина өзгөчө Европа Биримдигине же НАТОго мүчө болбой жатып эле Россия менен болгон кризистер күчөгөндө Европа жана НАТО жыйындарына чакырыла баштады. Америка аны куралдантып, миллиарддаган долларлык аскердик жардам берип, эми армиясын машыктыра баштады…

5 –  Россия Крымды аннексиялап алгандан бери Батыштын (Европа жана Америка) катаал санкцияларына кабылды. Россия анын ордун Кытай менен экономикалык алакасын арттыруу менен толтурууга аракет кылды. Мунай жана газ ташуу үчүн Кытайга куурларды төшөдү. Кытай товарларын Европага түз алып өтүү үчүн Кытайга кургактык коридорун (темир жол) ачты. Башкача айтканда, ал Кытайдын «Жибек жолу» улуу долбоору алкагында жардамдашты. Мындан тышкары, Россия өзүндөгү АКШ облигацияларын жана доллар запастарын азайта баштады жана негизинен соодада ири көлөмдө доллардан баш тарты. Россия Европа же Кытайдай соода алпы болбосо да, Америка Россия анын экономикалык гегемониясына каршы чыгып, ага башка өлкөлөрдү да доллардан баш тартууга тайманбай тукуруп жатканын көрдү. Бул нерсе россиялык коммерциялык келишимдердин көбү, айрыкча Кытай менен болгон соода долларга альтернатива катары жергиликтүү валюталарды кабыл алуу менен жүрүп жатканында ачык көрүнүп турат. Бул Америка үчүн коркунуч болуп эсептелет, буга жакында эле Россия газдын баасын көтөрдү деп айыпталып, Европа үчүн жаңы экономикалык дилеммага (карама-каршы оорчулукка) айланганы да кошумча болду.

6 –  Россия Украинанын тарых, гегемония, экономика жана коопсуздук жагынан чоң көлөмдөрүн жана артыкчылыктарын эске алууда, башкача айтканда, НАТОнун буфердик аймагы катары кароодо. Ошондуктан, Россия Украинаны кызыл сызык деп эсептейт. “Путин НАТОну Украинага өз күчтөрүн жана курал-жарактарын жайгаштырбоо тууралуу эскертип мындай деди: “НАТОнун Украинада аскерий инфраструктурасын кеңейтүү Россия үчүн кызыл сызык болуп саналат жана катуу жооп кайтарууга алып келет”. Бирок, АКШ президенти Жо Байден Украина боюнча эч бир тараптын кызыл сызыктарын сыйлабай турганын билдирди”. (“Нун пост”, 04.12.21). Россия азыркы Украина кризисин башкарып жатып Украинадан баш тартып, аны АКШ менен НАТОго калтыргысы келбейт, айрыкча Батыштын санкцияларына туруштук бергенден кийин. Мындан тышкары, Россия Американын бүгүнкү күндөгү негизги ташбиши Кытайга каршы туруу деп эсептейт. Башкача айтканда, Россия Америка Украинаны коргоо үчүн аны НАТОго мүчө кылууда Америка ресурстарынын керектелишинен келип чыккан оорчулуктан улам ал кадамга эч качан барбайт деп эсептейт. Анткени, бул нерсе Американын Ыраакы Чыгыштагы Кытайга каршы даярдыгын начарлатат… Ошондой эле, Россия аскердик жактан алсызыраак жана энергия менен камсыздоо маселесинде Россияга көбүрөөк көз каранды болгон Европаны баалабайт. Тактап айтканда, Россия Украинада ийгиликке жетүү үчүн эл аралык кырдаал ага ыңгайлуу деп эсептейт. Ошондуктан, Россия тышкы иштер министри Сергей Лавров америкалык кесиптеши Энтони Блинкенге Москва Түндүк Атлантикалык Келишим Уюмунун (НАТОнун) чыгышка кеңейүүсүн токтото турган узак мөөнөттүү коопсуздук кепилдиктерине муктаж экенин айтты… “бул императивдүү (аткарылууга тийиш) талап катары каралышы керек”, – деп кошумчалады”. (“Libyan Al-Wasat Gateway” кабар агентиги, 02.12.21).

7 –  Украина  кризисинин артында турган орус тараптын талаптарынын акыйкаты ушул. Россия Батыш Украинаны куралдантып жатат деп эсептейт жана Батыш Украинанын чыгышындагы орус жикчилдерин жок кылуу үчүн Украина армиясын күчөткөндөн кийин Украинаны ага түртүшү мүмкүн деп билет. Анан, андан ары Крымда да согушка түртүшү мүмкүн деп ойлойт. Мунун баары Россия үчүн коркунучтуу. Бул тууралуу Россиянын Башкы штабынын башчысы Валерий Герасимов билдирди. “Украинаны учактар, дрондор жана тик учактар ​​менен камсыз кылуу Киевди кооптуу кадамдарга түртөт… Бирок, Донбасстагы кырдаалды күч менен жөнгө салуу үчүн Киевдин ар кандай провокациялары ордунда басылат”. (“RT”, 09.12.21). Ошондуктан, азыркы кризис Россиянын биринчи максаты – Крым анын бир бөлүгү катары сакталып калышына шек жаралышын эмес, тескерисинче, бул эл аралык жактан Америка менен Европа тарабынан таанылышы менен ишке ашкан нерсе катары каалап жатканын көрсөтүүдө. Экинчи максат – Чыгыш Украина Украинанын бийлигинен бөлүнүп Россиянын бир бөлүгү катары калышы. Үчүнчү жана эң эффективдүү максат – Украинанын НАТОго кирүүсүн алдын алуу жана ал үчүн кепилдик алуу керек. Айрыкча, НАТО менен Украинанын Кара деңиздеги биргелешкен аскердик машыгууларынан кийин Россия президенти Владимир Путин “Түндүк Атлантикалык Келишим Уюму (НАТО) Кара деңизде жакында өткөргөн маневрлар ар кандай чектен чыкканын билдирди. Путин Батыш анын өлкөсүнүн эскертүүлөрүнө олуттуу маани бербей жатканын сезди. Россия президенти Москвада тышкы саясат өкүлдөрүнүн алдында сүйлөгөн сөзүндө НАТОнун стратегиялык бомбалоочу учактарынын анын өлкөсүнүн чек араларынан 20 чакырым алыстыкта ​​учушу бардык уруксат берилген чектен чыкканын баса белгиледи. Ал: “Биздин Батыштагы өнөктөштөрүбүз Киевди заманбап куралдар менен камсыздоо жана чагымчыл аскердик машыгууларды өткөрүү менен кырдаалды курчутуп жатышат”, – деди. (“Аль-Жазира”, 11.18.21).

8 –  Россия президенти Путиндин саммит өткөрүү талабына Байден жооп берди. Саммит 2021-жылы 7-декабрь күнү өттү жана Украина кризиси анын негизги темасы болду, бирок, бул жалгыз маселе эмес. Ал эми, саммит учурунда Россия Америкадан Украинада сызган кызыл сызыктарды таанууну суранганы көрүндү. Ошондой эле, Америка, эгер Россия Украинага кол салса, ага карата экономикалык санкцияларды эскертип жатканы да көрүндү. Америкада мындан башка эч нерсе жок. АКШ президенти саммиттин эртеси Россия Украинага басып кирген учурда АКШнын аскерий кийлигишүүсү мүмкүн эмес экенин баса белгиледи. Саммитке чейин Америка көптөгөн аткаминерлеринин сөздөрү аркылуу Россияга буга чейин болуп көрбөгөн санкциялар киргизилип калуусу мүмкүн деп коркуткан. АКШ “Түндүк Агым” линиясы аркылуу Россия газынын Германияга өтүшүнө жол берилбестиги тууралуу да айтты. Америка бул жаатта Германия менен да өзүнчө сүйлөштү. Американын колундагы эң негизгиси нерсе – Россияны жана анын башкы банкын чет өлкөдөн акча которуу системасынан ажыратып салуу. Ал тургай, Россиянын соодасынын көп бөлүгү доллар менен жүргүзүлбөй калды.

9 –  Талдоо аркылуу Россия өзүн кесепети өзүнө тийип кала турган кризиске киргизип жатканын көрүп жатабыз. Америка Украина президентин Россия Украинага басып кирүүдөн башка аргасы калбаган провокацияга түртүшү мүмкүн, анын натыйжасында ал Украина кагылыштарына аралашып, Европа менен аралашып кетет. Украина Америка аны коргошу керек болгон НАТОнун мүчөсү эмес. Ал эми, Россия ката кетирип, Украинага басып кирсе, Америкага Европа өлкөлөрүн баш ийдирүүгө жана Россиянын агрессиясына каршы турууну шылтоолоп аларды Америка чапаны астына кайра алып келүүгө бардык негиздерди берет. Бул жагдай Россия үгүттөгөн эл аралык көп полярдуулукка (уюлдуулукка) туура келбейт. Россия көрбөгөн горизонт дагы бар. Россия Украинага басып кирген учурда Америка Россияга кысым көрсөтүү аркылуу Россия менен Кытайдын ортосунда пайда болгон союзду бузуу үчүн жаңы куралга ээ болот. Америка Украинага каршы агрессор болгон Россиядан алыс болуусу үчүн Кытай менен болгон соода аркылуу Кытайга кысым көрсөтүп, аны коркутуп-үркүтүшү мүмкүн: Кытай бул кысымга моюн сунуп, Россиядан алыс болсо, анда Америка чоң максатына жеткен болот. Россия Украинага баскынчылык кылгандан кийин түрдүү санкцияларга дуушар болуп, Украинадан чыгып кетсе, Американын талаптары Украинанын чыгышына жетет, ал тургай, Крымга да жетип Россияны Украинага басып кирүүдөгү кандайдыр бир пайдалардан куру жалак калтырат. Тескерисинче, Россиянын башына кырсыктар келет. Бул Америка Чыгыш Европа өлкөлөрүн кыжырдантып, аларды Украинада Россияга сокку уруу үчүн эффективдүү жана таасирдүү аскердик колдоо көрсөтүүгө мажбурлашынан тышкары иштер. Мүмкүн Россиянын Ооганстандагы чарчаган тажрыйбасы эсибизден алыс эместир. Ушунун баары Россия Украинанын айланасында кооптуу оюнду ойноп жаткандыгын билдирет, бул Россия үчүн чоң тузакка айланып, анын кесепети өзүнө тийиши мүмкүн б.а. өзүнүн ишинин кесепеттерин түшүнбөгөн келесоо сыяктуу болот!

10 – Ал эми, кырдаал кайда баратат деген суроонун маселеси төмөнкүчө:

А – Европа өлкөлөрү кырдаалды жөнгө салууга жана Россиянын Украинага басып киришине жол бербөөнү көздөп жатышат. Ал Россия менен болгон мамилени оңдоп, анын тобокелдиктерин азайтууну жана Россиянын энергетикалык ресурстары Европага акылга сыярлык баада агымын улантууну каалайт. Франция, Германия жана Италия кризисти чечүү үчүн Россияны Украина менен сүйлөшүүгө чакырышууда. «Германия тышкы иштер министри Хайко Маас анын өлкөсү Россия менен мамилени жакшыртууну кааларын билдирди. Министр бул нерсеге жетишүү үчүн Донбасстагы жаңжалды жөнгө салууда прогресс керектигин баса белгиледи”. (“RT”, 23.11.21). Бирок, Британия өзү чыгып кеткен Евросоюзга саясий каршылык көрсөтүп, кырдаалды курчутууга аракет кылды! Британия армиясынын башкы штабынын башчысы, генерал Николас Картер бул жерде Кансыз согуштан берки ар кандай учурдагыдан да чоң коркунучтар бар экенин жана Батыш менен Россиянын ортосунда согуш чыгып кетишинен кабар берерин айтты. (“Аль-Жазира”, 13.11.21). “Ошондой эле ал: “Биз этият болушубуз керек. Аймакта чыр-чатактын чыгышы мүмкүн” – деп айтты. Генерал Ник Картер Би-Би-Сиге Россия менен согуш болбойт деп үмүттөнөрүн айтты, бирок НАТО мындай мүмкүнчүлүккө даяр болушу керек деп кошумчалады”. (“BBC”, 05.12.21). Англиянын мындай билдирүүлөрү чыныгы согуш кабарына караганда алда канча тынчсыздандырат.

Б – Бирок, эң чечүүчү фактор – бул Американын позициясы. Анткени, ал Украина өкмөтүнүн көп тарабын көзөмөлдөйт. Ошон үчүн, Россия коопсуздук кепилдиги жөнүндөгү кайрылуу катын – башка өлкөлөргө эмес, балким НАТО союзундагы өлкөлөр Америка кадамдарын ээрчийт деген таризде – Америкага жөнөттү. Америка коопсуздук кепилдигине, өзгөчө Украинанын альянска кирүү маселесине жоопту создуктурду. Бул кечигүү Россияны тынчсыздандырды. “Москвада Россия тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков АКШ Москванын сунуштарына тез арада жооп бериши керектигин, анткени кырдаал татаал жана курчуп кетиши мүмкүн экенин айтты…”. (“Аль-Жазира”, 20.12.21). Мына ушундай:

– Эгер, Америка Кытай боюнча Россия менен макулдашпай туруп, Россияга Украинада коопсуздук кепилдигин берүүнү чечсе, анда, бул кризисте Россия үстөмдүк кылган болот жана бул кепилдиктерди берүү Америка позициясынын алсыздыгын көрсөтөт, анткени Америка Россиянын кырдаалды солгундатуу талаптарына моюн сунуп, анын талаптарын уккан болот. Андай болушу күмөндүү, Россия Американын кызыкчылыгы үчүн Кытай менен болгон мамилесин солгундатуу аркылуу гана болушу басымдуу.

– Бирок, Америка Россияны аралаштырып, аны Украинадагы согушка түртүүнү чечсе, анда, Россия утулат же Америка планынын тузагына түшүп калат.

– Бул нерселер жөнүндө ой жүгүртсөк, жаңы жагдайлар жүз берип Россия жаңылышып согуш баштап жибермейинче Россия менен Украинанын ортосунда согуштун болушу күтүлбөйт! Согуш болушунун күтүлбөстүгү Украинанын чыгышында маал-маалы менен боло турган ок атышууларды жокко чыгарбайт…

Ошондой эле, Россиянын Кытай менен болгон мамилесин толук үзүшү да күтүлбөйт… Анын акысына Россия үч максатына жете албайт. Тескерисинче, капиталисттердин компромисс ыкмасына ылайык, Россиянын Кытай менен алакасын жумшартуу акысына Америка Россиянын үч максатына карата позициясын жумшартышы мүмкүн. Анан Россия Украина чек арасына чогулган аскерин артка кайтарып алган олжолосуна чектелет!

                                                                                                   18-жумаадил уула, 1443-х.

22-декабрь, 2021-ж.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here