Бириккен Улуттар Уюму өзүн мээримдүү кылып көрсөтүп, афгандарга душмандык кылууда!

25
0

Басма сөз баянаты

Бириккен Улуттар Уюму өзүн мээримдүү кылып көрсөтүп, афгандарга душмандык кылууда!

БУУнун Өнүгүү Программасы Афганистандын банк системасы накталай акча кризисине учурап жатканын, бул финансылык системаны бир нече ай ичинде талкалашы мүмкүн экенин эскертти. Мындан тышкары, БУУнун башкы катчысынын Афганистан боюнча атайын өкүлү Дебора Лайонс БУУнун Коопсуздук Кеңешинде мындай деди: «Мурун ИШИМ Афганистандын бир нече аймагында жана Кабулда бар эле. Учурда, Афганистандын дээрлик бардык жеринде бар жана улам активдешүүдө».

Америка жана НАТО Афганистандан шерменде болуп чыгып кеткенден кийин бүгүнкү күнгө келип Бириккен Улуттар Уюмунун платформаларында өз миссияларын тартиптештирип мамлекетте фитна чыгарууга аракет кылууда. Ошондуктан, БУУ Батыш мамлекеттеринин кызыкчылыгына ылайык келе турган жалган отчётторду чыгарууда. Муну менен Афганистандын азыркы башчыларына басым өткөрүү үчүн афган калкынын арасында тартипсиздик жана тынчсызданууларды күчөтүүдө. Эл аралык коомчулук Афганистан Исламий Амирлигин исламий түзүмдөн алыстатуу үчүн төмөнкү үч варианттан басым өткөрүү катары пайдаланууда:

1)   Аны тааныбоо;

2)   Ага экономикалык санкциялар колдонуп, финансылык активдерин тоңдуруу;

3)   ИШИМди үгүттөө.

Мына ушул үч варианттын тушунда Батыш өздөрүнүн кайрыисламий шарттарына Афганистан Исламий Амирлигин көндүрүүнү көздөшкөн.

Бирок, шек-күмөнсүз, ИШИМ Афганистандын бардык аймактарында активдүү эмес. БУУ жана Батыштын массалык маалымат каражаттары болсо маалымат кампаниясын уюштуруп, ИШИМдин Афганистандагы аракетин ашыра көрсөтүүдө.

БУУ афган калкына карата эки жүздүү оюн алып барууда. Бир тараптан, гуманитардык кризис, жакырчылык, жумушсуздук, кургакчылык туурасында сүйлөп, жалгандан көз жашын төгүп жаткан болсо, башка тараптан, өлкөнүн финансы жана банк системалары туурасында терс натыйжалуу отчётторду чыгарып, бул системалардын ишеничтүү экенигине күмөн ойготууга, анын аракетин бүтүндөй токтотууга урунууда. Учурда Афганистан банктары накталай акча кризисин башынан өткөрүп жатканда бул сыяктуу терс натыйжалуу отчёттор жаман акыбеттерге себеп болууда, адамдардын банктарга карап агылып барышына үндөөдө… финансы жана банк системасынын келечегине эле кооп туудурбастан, гуманитардык кризисти дагы да оорчундатууда.

Афганистандын мусулман калкы БУУнун максаты АКШ жана НАТО кызыкчылыктарын камсыздоо жана Батыштын жоголгон ишенимин кайра тикелөөгө аракет кылуу экенин түшүнүшү керек. Ошондуктан, экономика жана коопсуздукту талкалап, афган калкына каршы санкцияларды колдонууда. Батыш өз ишенимин Афганистанда эле эмес, бүткүл дүйнөдө жоготту. Бирок, бул сыяктуу күчтүү ишеничсиздик кайра тикелениши мүмкүн эмес.

Афганистан Исламий Амирликтин жетекчилери акыйкатты түшүнүүлөрү зарыл. Бул акыйкат – БУУ эч качан бейтарап жана ырайымдуу уюм болгон эмес. БУУнун ири мамлекеттер тарабынан түзүлүшү жана милдеттендирилиши ошолордун гана кызыкчылыктарын түздөн-түз жана кыйыр түрдө жүзөгө чыгаруу үчүн болгон. Бул жана башка уюмдардын аракети сыртынан гуманитардык болуп көрүнсө да, түпкүлүгүндө батыштык колонизатор шайтандардын аракети болуп, башка өлкөлөрдөгү Батыштын пайдасына жана максаттарына кызмат кылат. Ошондуктан, БУУ жана башка эл аралык уюмдар менен мамиле кылуу, же аларга оптимисттик назарда кароо, же болбосо аларга мүчө болуу оңдолгус ката.

﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا لاَ تَتَّخِذُوا بِطَانَةً مِنْ دُونِكُمْ لاَ يَأْلُونَكُمْ خَبَالاً وَدُّوا مَا عَنِتُّمْ قَدْ بَدَتِ الْبَغْضَاءُ مِنْ أَفْوَاهِهِمْ وَمَا تُخْفِي صُدُورُهُمْ أَكْبَرُ

«Эй момундар, өзүңөрдү коюп, (мунафыктарды) сырдаш дос тутпагыла! Алар силерге зыян жеткирүүдө күчтөрүн аябайт жана жаман абалга түшүүңөрдү арзуу кылышат. Алардын силерди жаман көрүүсү ооздорунан ашкере болду. Жүрөктөрүндөгү душмандыктары болсо андан да чоңураак»                                                                                                                     [3:118]

 

Хизб-ут-Тахрирдин Афганистандагы маалымат бөлүмү

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here