Алжир менен Марокко ортосунда мамилелердин чыңалуусу

413
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيم

Суроожооб

Алжир менен Марокко ортосунда мамилелердин чыңалуусу

Суроо:

Акыркы убакта Алжир менен Марокконун ортосундагы мамилелерде чыңалуу күч алды. Алжир Мароккону токойлорду өрттөөдө жана сепаратисттик кыймылдарды колдоп жатат деп айыптап, дипломатиялык мамилелерди үзүп, аны менен болгон чек арасын жаап салды. Алжир Марокко аркылуу Испанияга жаратылыш газын жеткирүү келишиминин узартпастыгын жарыялап, аны үч алжирликти өлтүрдү деп айыптады. Бул экөө бир тарапка – Британияга берилгендиктери менен белгилүү болуп туруп, экөөнүн ортосунда мындай чыңалуунун күчөшүнүн себептери эмне? Бул чыңалуудан эмне күтүлөт? Бул кырдаал согушка чейин курчушу мүмкүнбү же кайрадан тынчып кетеби?

Сизден Аллах ыраазы болсун.

Жооб:

Алжир менен Марокко ортосундагы мамилелерди карап чыгуу аркылуу бул суроолорго жооп болот:

1 – Аллах хижраттын биринчи кылымында Магрибге Ислам нематын берген. Анын жакшы адамдары өз ыктыярлары менен Исламга кирип, туусун көтөрүп, анын жолунда жихад кылышты. Алардын өлкөлөрү Халифат мамлекетинин курамындагы вилаяттарга айланды. Колонизаторлор Халифат мамлекетинин алсыздыгын сезгенде аны басып алууну башташты. Француздар 1830-жылы Алжирди басып алып, аны Франциянын бир бөлүгү деп жарыялашты. Ошентип, анын эли баскынчыларга каршы турду. Колонизаторлор аларды исламий өзгөчөлүгүнөн ажыратып француздарга айландыруу максатында ар кандай зулумдуктарды жана кордуктарды колдонуп,  Алжирдин миллиондогон калкын өлтүрүштү. Бирок, алар эч кандай жакшылыкка ээ болушкан жок, алар 1962-жылы кор абалда өлкөдөн чыгып кетишти. Мужаахиддер Марокко элинен колдоо алып турушкан… Мароккого келсек, француздар 1912-жылдан 1956-жылга чейин француздук протектораттык (камкорчу) келишимдин атынан ага өз көзөмөлүн киргизген. Ал жерге колонизатор менен бирге жүрө турган Батыш үлгүсүндөгү монархияны орнотту.

2 – Колонизатор Франция Алжирден кеткенден кийин, анын президенти Ахмед бин Белла Американын Алжирдеги таасирин кеңейтүү үчүн революциячыларга колдоо көрсөтүп жаткан Абду Наасирдин доорунда Египет режими аркылуу Американын колдоосуна ээ болуп турду. Ошентип, колонизатор менен колонизатор орун алмашты. 1963-жылы Алжир менен Марокконун ортосунда кагылышуу болуп, ал “Кум согушу” деп аталган, ал чек ара чатагы болду. Бен Белла башында турган Алжир режими Америка менен байланышта болгон үчүн бул колониялык күрөштүн бири болгон. Марокко 1961-жылы Хасан II бийликке келгенден бери Британия менен байланышта. Ошентип, малайлар Аллахтан, Расулунан жана момундардан уялбастан, ээрчиген колонизатор өлкөлөрү үчүн бири-бирине каршы согушат.

3 – Бирок, Британия 1965-жылы Хасан IIнин учурунда Марокко аркылуу Алжирде мамлекеттик төңкөрүш жасап, малайы Хуари Бумедьенди алып келди жана Американын малайы Ахмед Бен Белланы бийликтен кулатты. Анын артынан Алжир менен Марокко ортосунда жакшы мамилелер түзүлдү. Британия Мароккодогудай эле Алжирдин Бумедьенге баш ийүүсүнө кепилдик бергенден кийин, эки өлкө чек араларды жана жакшы коңшулаштыкты эки этапта, 1969-жылы жана 1972-жылы демаркациялоо (чектеш аймакты аныктоо) боюнча келишимге кол коюшкан. Муну менен алардын ортосундагы чек ара чатагы токтоп калган. Алар колонизатор каалагандай көз каранды эмес улуттук мамлекетти сактап калууну тастыкташты. Бирок, 1976-жылы Марокко Алжир Америка артында турган Полисарио фронтун тааныганына нааразы болуп, ал менен мамилесин үзгөн. Алжир режими, Марокко режими сыяктуу эле, Британияны ээрчийт. Бирок, Британия Алжир Полисариону өз көзөмөлүнө алып, аны лагерлерде жана чакан аймакта курчоого алуусу үчүн, ошондой эле Марокко Сахарасында Американын атынан бир мамлекет түзүшүнө жол бербөө максатында Мараккодогу малайларын колдоп андагы таасирин сактап турат.

4 – Андан кийин 1989-жылы Марокко, Алжир жана Тунис ортосунда Магриб биримдиги түзүлгөнү жарыяланды. Анын пункттарынын арасында Магриб союзуна мүчө болгон мамлекеттердин ар биринин көз карандысыздыгын сактоо камтылган. Бул келишимге жакындашуу жана ага киришүү макстында ал 1988-жылы Алжир менен Марокко режимдеринин ортосунда дипломатиялык мамилелер калыбына келтирилгенин жана бир нукка салынгандыгын жарыялаган. Алжир Полисарио фронтун өз кучагында сактап калуусуна Марокконун макулдугу менен жетишилген келишим. Бул кучагында сактап калуудан көздөлгөн максатка жетүү үчүн болгон. Башкача айтканда, Америка Марокконун Батыш Сахарасында мамлекет түзүшүнө бөгөт коюу жана Марокко режиминин кулатылышына жол бербөө. Бирок, Британия – Американын аймактагы таасири күчөшү жана Американын аймактык, эл аралык үстөмдүгү себебтүү, ошондой эле Британиянын долбоорлоруна тоскоол болуу жөндөмүнөн улам – өзүнүн Магриб биримдиги долбоорун же башка долбоорлорун ишке ашыра алган жок…

5 – 1991-жылдын аягында Алжирде шайлоолор өттү. Алжир калкы өздөрүнүн динине карата өз пикирлерин жана Ислам менен башкарууну каалоолорун билдирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. “Исламды куткаруу фронту” добуштардын 82% жакынын алды. Секулярдык армиянын лидерлери, өзгөчө Алжирдеги француз маданиятынын интеллигенттери президент Шадли Бенджедид бул исламий фронттун 1992-жылдын башында шайлоолорго киришине уруксат бергендиги үчүн ага каршы төңкөрүш жасашты жана аны кызматтан кетүүгө мажбур кылышты. Төңкөрүш лидерлери төңкөрүштү четке каккан жана өз өлкөсүн чыныгы Ислам динине ылайык башкаруу укугунан ажыратылган Алжир элине каршы кыргындарды жасай башташты. Эгер, төңкөрүш лидерлери өлкөдөгү кыргындарды кылбаганда Алжир режиминин лоялдуулугу Францияга дээрлик бурулмак, бирок Британия мындан пайдаланып, мурдагы төңкөрүштүн лидерлеринин позицияларын сактап, аларды сот жообуна тарттырбоо мукабалына (ордуна) Британия малайы Абдулазиз Бутефликаны 1999-жылы өлкө башчылыгына кайтара алды. Мына ушундай болду б.а. Алжир Британиянын колтугуна кайтып келди. Бутефлика өз милдетин Марокко менен карым-катнаштарын калбына келтирүү үчүн иштөө менен баштады. Бутефлика 1999-жылы Хасан IIнин тажиясына катышуу үчүн Мароккого барды. Жаңы падыша Мухаммед VI атасынын жолун улап Британияга баш ийүү мамилесин ээрчиди. Эки режимдин ортосундагы мамиленин жакшырганынын белгилери 2005-жылы көрүндү. Эки режим эки өлкөнүн кызыкчылыгынан мурда Британиянын кызыкчылыгын биринчи орунга койуп, экөөнө тең чийип берилген ролдорго ылайык Британия кызыкчылыгына кызмат кылууда жандашып иш алып барышты!

6 – Бул абал эки мамлекеттеги акимдердин чыныгы жүздөрүн ачып берген сезимтал ички шарттар пайда болгонго чейин уланды. Бул болсо, адамдарды ички абалдан алагды кылуу үчүн, эки өлкө ортосунда сырткы проблемаларды ойлоп чыгарууну талап кылды. Ошондуктан, эки өлкө ортосундагы бул талаш-тартыш жана  кызуу тиреш ойлоп чыгарылган! Бул шарттарды карап чыгуу менен төмөнкүлөр айкын болот:

А. Алжирдеги кырдаал тынчыган жок, 2019-жылы кыймыл башталгандан бери коогалаңдуу абалда турат. Жаңы президенттик жана парламентик шайлоолор болуп өтүп, конституцияга өзгөртүүлөр киргизилсе да… Алжирде ички чыңалуу жогору бойдон калууда. Бул нерсе Алжирдеги жаңы режимге ар дайым кысым көрсөтүүнүн булагы болуп калды. Демек, режим элдин көңүлүн ички бурчтан тышкы бурчка буруу үчүн, өзгөчө Марокко менен тышкы тирешүүлөрдү жаратышы керек болчу. Анан Марокко менен болгон окуялар жүз берди… Бул бир жагынан, экинчи жагынан болсо Алжир Марокко менен эскалацияга баруу аркылуу туруксуз ички шарттардан жабыр тарткан өзүнүн салыштырмалуу төмөндөп бараткан регионалдык позициясын кандайдыр бир негизде калыбына келтирүүгө умтулууда…

Б. Мароккого келсек, анын ички шарттары да өтө курч, марокколуктарды ички көйгөйлөрдөн жана Палестина жерин басып алып жаткан яхудий мамлекети менен болгон мамилелерин нормалдаштыруудан алагды кылууга умтулууда – анткени бул Аллахка, элчисине жана момундарга эң касташкан душман болгон яхудий мамлекети менен болгон достук жана моюн сунуу негизинде түзүлгөн мамилелер – ошондуктан Марокко режими элдин назарын ички көйгөйдөн сыртка бурууга өтө ынтызар болду. Марокко режими яхудий вужуду менен болгон карым-катнашын бардык тармактарда бекемдөөдө чектен чыгып кетти. “Израилдин” Коргоо министрлиги мындай деди: “Жөөттөрдүн коргоо министри Ганц жана Марокконун улуттук коргонуу боюнча премьер-министрдин делегаты Абдуллатиф Лаудийи өз ара түшүнүшүү боюнча коргонуу меморандумуна кол коюшту… Келишим эки өлкө ортосундагы коргонуу мамилелерин расмийлештирип, келечектеги ар кандай кызматташууга бекем негизди түзөт. Келишим эки өлкөнүн коргонуу мекемелерине чалгындоо, өнөр жай кызматташтыгы, аскердик даярдык жана башка тармактарда кызматташууну кеңейтүүгө мүмкүндүк берет…”. The Times of “Israel” маалымат сайты: “Бул – “Израиль” менен араб өлкөлөрүнүн ичинен бир араб өлкөсүнүн ортосундагы мындай биринчи келишим”… “Анадолу” агенттиги 24.11.2021. Марокко режими бул кемсинүү жана басынуусун Трамп Батыш Сахарада Марокко автономиясын таануу декларациясын жарыялаганынын үчүн болууда деп актанды: “Бүгүн мен Батыш Сахарадагы Марокконун суверенитетин тааныган декларацияга кол койдум. Марокконун автономия боюнча олуттуу, реалдуу жана чынчыл сунушу, туруктуу тынчтыкка жана өнүгүүгө жетишүү үчүн адилеттүү чечимдин бирден-бир негизи болуп саналат!”. ( Аль-Сахифа, 10.12.2020). Бул далилге коошпой турган жана күнөөдөн да жаман шылтоо… Ошондуктан, Марокко да яхудий вужудуна болгон кордугунан жана басынуусунан көңүлдөрдү буруу үчүн өзгөчө Алжир менен тышкы көйгөйлөрдү жаратышы керек болчу!

Ошентип, окуялар бир калыпта тутана баштады, тескерисинче, эки режим үчүн маанилүү болгон нерсе – бул эки режимдин ички абалындагы көйгөйлөрдөн жана каапыр Батыш колонизаторлугу менен кол кармашып карышма-карыш бирге жүрүп жасаган күнөөлөрүнөн, кылмыштарынан элдин назарын тышкы көйгөйгө буруу! Бул окуялардын кээ бирлерин карап чыгуу төмөнкүлөрдү көрсөтөт:

– Алжирдин Тышкы иштер министрлиги 2020-жылдын май айында Алжирдин Оран шаарындагы Марокко консулу Алжирди душман өлкө деп сыпаттаганына нааразылык билдирүү үчүн Марокконун элчисин өзүнө чакырып, консулдун өзүн персона нон грата деп эсептеген.

– 2020-жылы 13-ноябрда Гергерат чек ара аймагында Марокко армиясы Мавритания менен болгон чек ара бекетинен жүргүнчүлөрдүн өтүшүнө тоскоол болгон Сахара демонстранттар тобун кууп чыгарды. Кийинчерээк Алжир Марокколук аскерлерди чыгарып кетүүнү талап кылды.

– 2021-жылы 15-июлда Марокконун Бириккен Улуттар Уюмундагы элчиси Алжирдеги Кабыл (уруулар) элинин көз карандысыздыгын талап кылды. Алжир Мароккодогу элчисин кеңешүүгө чакырды. 2021-жылы 23-июлда Алжир Марокко жөөттөрдүн Pegasus шпиондук программасын өз аткаминерлерине каршы колдонуп жатат деп айыптады, Марокко бул дооматты четке какты.

– Айман ибн Абду Рахман башында турган жаңы Алжир өкмөтү түзүлүп, анын биринчи жыйыны 2021-жылдын 25-июлунда өткөндөн бери Алжирдин тышкы саясаты Алжир өкмөтү токойдогу өрт кризисин жөнгө салуу учурунда Мароккого болгон мамилесин курчушун көрсөттү. Алжир Марокко өлкөнүн түндүгүн каптаган өрткө катыштыгы бар жана Алжир тарабынан өрттөөчү деп айыпталып эки жикчил уюмга колдоо көрсөткөн деп айыптады.

– Яхудий тышкы иштер министри Мароккого иш сапары менен келди. Бул учурда 2021-жылдын 11-августунда Алжир Мароккону Иран менен жакындашууга барып, яхудий вужудуна каршы козутуусу Алжир менен Марокконун ортосундагы мамилени ого бетер курчутууга алып барды деп айыптады.

– 2021-жылдын 24-августунда “Алжирдин тышкы иштер министри Рамтан Ламамра Марокко менен мамиле үзүлгөнүн жарыялады. Ал мындай деди: “Марокко Королдугу 1962-жылы Алжир эгемендик алгандан бери биздин өлкөгө каршы достукка жатпаган, душмандык жана жийиркеничтүү иш-аракеттерди жасоону эч качан токтотпогону тарыхта далилденген…”. (AFP 24.08.21.). 22.09.21 Алжир Марокконун бардык аскердик жана жарандык учактары үчүн өзүнүн аба мейкиндигин жапты…

31.10.2021 Алжир маалымат агенттиги мындай деп билдирди: “Алжирдин президенти Абдулмажид Теббун “Сонатрач” улуттук компаниясына Марокко менен соода алакасын токтотууга жана жаратылыш газын Испанияга Марокко аркылуу жеткирүү келишимин узартпоого буйрук берди, бул келишим 2021-жылдын 31-октябрында түн жарымында аяктайт”. Ал муну Марокко Королдугунан Алжирге карай агрессивдүү мүнөздөгү “практикаларына” каршы туруу деп актанды.

– Алжирдин жарыясынан кийин дароо эле Марокконун электр жана ичүүчү суу боюнча улуттук бюросу “Алжир бийлиги тарабынан жарыяланган Магриб-Европа газ кууру боюнча келишимди узартпоо чечими азыркы учурда улуттук электр системасы аркылууу газ куруунун  аткарылышына анча деле таасир этпейт” деп жарыялады… Ал эми Марокко орто жана узак мөөнөттүү келечектеги туруктуу альтернативалардын башка варианттарын караштырат”… (BBC, 31.10.21).

– Алжирдин президенттик кеңсеси 03.11.21 күнү Мароккону үч алжирдик айдоочуну Мавританиянын борбору Нуакшат менен Алжирдин түштүгүндөгү Уаргла шаарынын ортосунда бара жаткан коммерциялык жүк ташуучу унааларды бутага алуу менен өлтүрдү деп айыптаганын жарыялады. “Алжир 3-ноябрь 2021-жылы Батыш Сахара менен Мавританиянын чек арасында Марокконун жардыруусунан үч жараны каза болгонун билдирди. Алжир бул адамдардын өлтүрүлүшү “жазасыз калбайт” деп убада берди”. (Deutsche Welle, 03.11.21). AFP кабар агентиги: “Алар өткөн дүйшөмбүдө, 01.11.21 өлтүрүлгөн”, ал эми Марокко муну четке какты… (AFP, 03.11.21.)

8 – Бул окуялардын жана андан келип чыккан кесепеттерге терең назар салып караган адам эки өлкө  ортосунда жүз берип жаткан окуялардын көбү сүйлөшүүлөр жана талкуулар менен чечилерин, ошондой эле байланыш үзүлүп же жүк ташуучу унаалар жана учактар токтоп калбастан, ал тургай газдын өтүүсүнө күбө болот! Башкача айтканда, маселелер сүйлөшүү жолу аркылуу жолго койула берет. Мындан максат ички көйгөйдөн элди алаксытуу гана! Айрыкча бул эки режим бир колонизаторго – Британияга лоялдуу болгондуктан ушундай. Аларды бул колонизатор үчүн ар кандай ролдорду ойноого түрткөн ошол. Ошондуктан, бул пикир келишпестиктерге карабастан Түндүк Африка регионунун маселелери боюнча алардын позициялары бирдей. Ливия маселесине байланыштуу болобу же Тунис маселеси болобу, айырмасы жок, алардын көз карашы бирдей. Бул аймактык маселелер боюнча алардын ортосунда эч кандай келишпестиктер жок. Аларга Британия башка малайларын кандай ролду аткарууну тапшырганы сыяктуу эле буларга рол тапшырганына жараша бир жерде келишпестиктерге барышса, башка жерде бир пикирде иш кыла беришет. Мисалы, Катар менен БАЭ сыяктуу. Британия алардын ар бирине роль берет. Кээде анын кызыкчылыктары аларды элдештирүүнү талап кылат, алар ошого жараша маселени элдешип чечип алышат. Ал эми, кээде анын кызыкчылыгы алардын келишпестиктерге баруусун жана ар бирин башка Америкага малайлык кылган өлкө менен жандашып иш алып баруусун талап кылат! Марокко менен Алжирдин ортосундагы ролдорду бөлүштүрүү ушул сыяктуу эле. Ливия жана Туниске байланыштуу иштерде Британия кызыкчылыгына жараша алардын шайкештиги көрүнүп турат. Ошол эле маалда экөө талашып тартышып жаткан да учуру!

9 – Мындан эмне  күтүлөт? Азыр алардын ортосунда согуштун чыгышы күмөн. Анткени, ортодогу чыңалуу себептери өздөрүнүн реалдуулугуна ылайык оң себептер эмес. Бирок, Алжир президенти үч алжирликтин өлтүрүлүшүн комментарийлеп, “Бул окуя жазасыз калбайт” деп айткан билдирүүсүнө байланыштуу, жүзүн сактап калуу максатында кыска мөөнөткө атышуулар болоору да жокко чыгарылбайт. Мындай болуп кетиши эгер эки тарап тынчтыкты калыбына келтирүү үчүн Британиянын компромисстик ыкмасы менен сүйлөшүүлөргө жана өз ара түшүнүшүүгө барбаса болуп кете турган иштерден. Бирок бул эки тарап тең ички көйгөйлөрүн сезгенден кийин (Марокко яхудий вужуду менен алакаларды нормалдаштыруусу. Алжирдин жаңы режимине каршы элдик нааразылык) эки өлкө элин толкундоосун алдын ала алса келишпестик маселесин Британия жолу аркылуу чечип алышат! Тактап айтканда, эки режим элдин назарын ички көйгөйдөн тышкы көйгөйгө каратуу максатына эки өлкө отосунда ойлоп чыгарылган эскалация себебинин жок болушу.

Жыйынтыктап айтканда, Ислам дүйнөсүндөгү бардык режимдердин өз ролдорун колонизатор мамлекеттерге моюн сунуу менен бөлүштүрүлүшү жана колониялык кызыкчылыктардын талабына жараша ролдордун бөлүштүрүлүп жаткандыгы абдан кейиштүү. Бул ролдор мусулмандардын бөлүнүп-жарылышына жана колония доорунан мурункудай Исламды ишке ашырган бир мамлекетте биригүүсүнө каршы иштейт… Бул абал мусулмандардын ортодогу ынтымакты калыбына келтирүүсүн жана алар бир мамлекетке биригүү үчүн аракет кылууларын  важиб кылууда. Мусулмандардын ортосундагы карама-каршылыкты жок кыла турган чыныгы нукура Ислам менен өкүм жүргүзө турган туура жолдогу Халифалыкты тикелөөнү ваажиб кылууда.

Аллах айтат:

﴿إِنَّمَا الْمُؤْمِنُونَ إِخْوَةٌ

“Албетте, момундар бир туугандар”                                                                  [Хужрат:10]

Ан-Нуамиман ибн Баширдин (Аллах андан ыраазы болсун) айтты, Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын салам-салаваты болсун) айтты:

«مَثَلُ الْمُؤْمِنِينَ فِي تَوَادِّهِمْ وَتَرَاحُمِهِمْ وَتَعَاطُفِهِمْ مَثَلُ الْجَسَدِ إِذَا اشْتَكَى مِنْهُ عُضْوٌ تَدَاعَى لَهُ سَائِرُ الْجَسَدِ بِالسَّهَرِ وَالْحُمَّى».

“Момундардын бири-бирине болгон сүйүүсү, ырайымдуу мамилеси жана боорукердиги бир дене сыяктуу. Эгер, анын бир жери ооруп калса, бүт денеси уйкусуздук жана ысытма менен жооп берет”. (Мусли риваяты).

                                                                                                   14-жумаадил уула, 1443-х.

18-декабрь, 2021-ж.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here