21 миллион америкалык ачарчылык алдында турат

271
0

21 миллион америкалык ачарчылык алдында турат

Пандемия себептүү экономикалык кризис жана жумушсуздук көрсөткүчтөрү көптөгөн мамлекеттерде тездик менен өсүп жаткан бир мезгилде, 21 миллиондон ашуун америкалык ачарчылыкка дуушар болгондугу жарыяланды. Ал-Жазира маалымат агенттиги АКШда калкты каттоого алуу бюросунун маалыматына таянып кабарлагандай, ачарчылыкка дуушар болуп жаткан адамдар көбөйүшүнө инфляция натыйжасында баалардын көтөрүлүшү себеп болгон.

Аталган бюро 1-13-декабрь күндөрү өткөргөн изилдөөнүн натыйжасы боюнча, АКШда жетиштүү тамак-ашка ээ болбогон үй-бүлөлөрдүн саны ушул айда эң жогорку көрсөткүчкө т.а. 9,7 пайызга жеткен жана учурда ачарчылыкка жүздөнгөн адамдардын саны 21 миллиондон ашат. О.э. изилдөөнүн натыйжасына ылайык, президент Жо Байден колдоп-кубаттаган “аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам берүү” программасы талкуулана турган сенат жыйыны кечигип жатышы келечекте кырдаалды ого бетер начарлатышы мүмкүн.

Комментарий: Капитализмден келип чыккан түшүнүк боюнча мамлекет канчалык бай жана кубаттуу болбосун, анда жакыр катмар болушу табигый көрүнүш о.э. жакырчылыкты жоюу үчүн күрөшүү бейпайда иш болуп эсептелет. Себеби Батыш экономисттеринин пикиринде, адамдын муктаждыктары чексиз болуп, ага карата дүйнөдөгү ресурс жана байлыктар жетишсиз. Башкача айтканда, дүйнөдөгү ресурс, товар жана кызматтар адамдын чектелбеген муктаждыктарын кандырууга эч качан жетпейт. Себеби, адамдын муктаждыктары чексиз болуп, дүйнөдөгү ресурс, товар жана кызматтар болсо чектүү. Ошол себептен улам, дүйнөдө жакырлар болушу анык. Болгону өндүрүштү көбөйтүү аркылуу адамдын чектелбеген муктаждыктары менен ресурстар ортосундагы айырманы азайтса болот. Бирок, алардын түшүнүгү боюнча баары бир адам муктаждыктарын кандыра турган 100% ресурстар тең салмактуулугуна жетишүү мүмкүн эмес. Себеби, товар жана кызматтар бардык адамдардын муктаждыгын кандыра албайт. Натыйжада жумушка жараксыздар, жумушсуздар же негизги муктаждыгын кандырууга каражаты жетпей турган жарандар өздөрүнө керек болгон товар жана кызматтарга жете алышпайт. Мына ушул топ алардын назарында жакырлар катмары болуп кала берет. Ошондуктан, улуу күч-кубатка ээ, ресурстарга бай, ал тургай колония жолу менен башка мамлекеттердин байлыктарын талап-тоноп жаткан державаларда да үй-жайсыз, жумушсуз, бир сындырым нанга зар болгон миллиондогон жакырлар болушу аларды таң калтырбайт! Мисалы, БУУ 2008-жылы АКШда 50 миллион адам тоё тамак жебестигин маалымдаган. Бүгүнкү күнгө келип, 21 миллиондон ашык америкалык жаран ачарчылыктын чегине келип калгандыгы  айтылууда. Америка мамлекети болсо буга каршы өндүрүштү көбөйтүүдөн башка нерсеге көңүл бурбайт. Т.а. мамлекет алардын негизги муктаждыктаын кандырууну өзүнүн милдети деп билбейт.

Ал эми Исламдын экономикалык түзүмү жакырчылык проблемасынын чечими катары байлыкты бөлүштүрүүгө көңүл бурат. Ал үчүн бир нече шаръий өкүмдөр бар. Байлык бир топ байлардын колунда чогулуп калышынан кайтаруу, рибаны (сүткордук), монополияны арам кылуу, байлар үчүн зекетти фарз кылуу, мурас бөлүштүрүүнү тартипке салуу, байлыкты максатсыз чогултуп-басуудан кайтаруу, жеп-ичүү, кийим-кече жана үй-жай сыяктуу жарандардын негизги муктаждыктарын кандырууну мамлекеттин мойнуна жүктөө ушулар түкүмүнөн.

О.э. Ислам запасы өтө чоң болгон ар түрдүү кендерди жана минералдык булактарды жалпы элдик мүлк кылып белгиледи. Шарият боюнча аларды казып алуу иштерине мамлекет баш болушу мүмкүн, а бирок, ээлеп алышы же ири компанияларга сатып жибериши таптакыр жаиз эмес. Себеби, алар бардык жарандардын мүлкү болуп эсептелет жана элге тең бөлүнүшү шарт. Мына ушунун өзү байлыктар калкка жетишине кепил болот. Исламдын экономикалык түзүмү жакырчылыкты кандай жойгонуна тарых күбө.

Бирок өкүнүчтүүсү, бүгүнкү күндө бүт дүйнөгө, анын ичинде Исламий өлкөлөргө да капиталисттик экономика түзүмү колдонулууда. Мусулмандар дүйнө байлыктарынын так ортосунда жашаса да, көпчүлүгү жакырчылыкта күн көрүүдө. Себеби, капиталистик түзүмдө Исламдагы сыяктуу адилеттүү бөлүштүрүүнүн изи да жок.

وَمَنْ أَعْرَضَ عَنْ ذِكْرِي فَإِنَّ لَهُ مَعِيشَةً ضَنْكًا وَنَحْشُرُهُ يَوْمَ الْقِيَامَةِ أَعْمَى

– “Ким Менин эскертмемден жүз үйрүсө, анда, албетте ал үчүн бактысыз жашоо болот жана Биз аны кыямат күнүндө сокур абалда тирилтебиз”.

[20:123-124]

Ушундай болгон соң, мусулмандар үчүн Исламдын экономикалык түзүмүн жашоого кайтаруу важиб. Бул болсо, аны колдоно турган Халифалык мамлекетин тикелөө аркылуу гана ишке ашат.

 Киямуддин Шариф

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here