Кыргызстанда жол кырсыгы былтыркыдан 22 пайызга көп катталды

158
0

Кыргызстанда жол кырсыгы былтыркыдан 22 пайызга көп катталды

Кыргызстанда быйылкы жылдын 11 айында 6820 жол кырсыгы катталды. Бул былтыркыга салыштырганда 22 пайызга көп. Бул тууралуу ички иштер министри Уланбек Ниязалиев 25-декабрда өткөн өкмөттүн жыйынында билдирди.

Расмий маалыматтарда быйыл жол кырсыгынан 780 адам каза болуп, 10 миңден ашыгы ар кандай жаракат алганы айтылат. Министр жол кырсыктарынын көбөйүшүнүн негизги себеби катары айдоочулардын жетиштүү даярдыктан өтпөй туруп, унаа башкарганын атаган.

“Жол кырсыктарына кабылгандардын 30% айдоочулар, 70% жүргүнчүлөр болуп эсептелет. Жол кырсыктардын негизги себеби, айдоочулардын 60% ашыгы сапаттуу билим албай, күбөлүктөргө ээ болгондор деп айтсак болот”,-деди министр.

Кыргызстандагы жол кырсыктары жыл санап көбөйүп келет. Иликтөөлөр өлкөдө жол кырсыгынан күн сайын кеминде үч киши каза болорун көрсөткөн. Буга чейин президент Садыр Жапаров кырсыктарды азайтуу максатында “Коопсуз шаар” долбоорун өлкө боюнча ишке ашыруу, автомектептердин ишине көзөмөл кылуу тапшырмасын берген.

Белгилүү болгондой капиталисттик системада көйгөйдүн келип чыгуусу менен эмес, анын натыйжасы менен күрөшүлгөндүктөн маселе толук чечилбейт. Маселен, министрлик айткан тажрыйбасыз айдоочулар түпкүлүгүндө коррупциялык жол менен айдоочулук күбөлүк алышат. Ал эми автомектептердин мындай кадамы бийликке жакын адамдар тарабынан түзүлгөн атайын схемалар аркылуу жүргүзүлөт. Мисалы, бир эле автомектептен миңдеген доллар пара алынып турат. Демек, мындай абалга бийликтин өзү кызыктар.

Мындан тышкары, жол кырсыктардын негизги бөлүгү мас абалында айдагандардан улам келип чыгат. Бул дагы капитализм таңуулаган жеке эркиндиктен улам келип чыгат. Мунун каршысында Ислам мас кылуучу ичимдикти да, коррупцияны да арам деп белгилеген. Ислам арам ишти кылдырбоо үчүн алгач жарандарга ыйман жолун үйрөтөт. Андан соң баш ийбеген кылмышкерлерди жазалоо аркылуу жалпы коомдун бакубат жашоосун кепилдейт.

Ал эми учурдагы бийликтер, мындай көйгөйлөрдү чечүүдө да кожоюндарынын кызыкчылыгын ишке ашырууда. Мисалы, жол кырсыктарын чечүү үчүн коопсуз шаар долбоорун киргизүү менен калктын капчыгын карактап алууда. Анын негизги бөлүгү болсо Кытай менен Орусияга агып кетип жатат. Тендер аркылуу утуп жаткан бул чет элдик компаниялар болсо капиталдан тышкары өлкөнүн маалымат коопсуздугун да өз кызыкчылыгына пайдаланышат.

Мындан тышкары, бийлик Орусияга жагынуу үчүн 2020-жылдын 1-январынан тарта оң рулдуу унааларды ташып келүүнү токтотту Евразия Экономикалык Биримдигинен (ЕАЭБ) сырткаркы мамлекеттерден ташып келинген автоунаалардан алынчу бажы алымын көбөйттү. Бул орустун эски жана эл аралык базарда атаандаштыкка жооп бере албаган унааларын гана алууга эшиктерди ачып берүүнү түшүндүрөт. Бийлик болсо оң рулдуу унаалар жол кырсыктарды көбөйтүп жатат деген жомокту элге таңуулады.

Демек, жол кырсыктарын азайтууда алгач көйгөйдүн келип чыгуусуна көңүл буруу керек. Андан соң мусулман калк катары ага карата Исламдын чечимдерин үйрөнүп чыгуу зарыл. Ошондо гана бул көйгөйдү чечүүгө туура жандашабыз жана Аллах каза кылган ишке моюн сунабыз!

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here