Түрк лирасынын эң төмөнкү деңгээлге түшүшү жана анын 2023-жылдагы президенттик шайлоого тийгизе турган кесепеттери

380
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيم

Суроожооб

Түрк лирасынын эң төмөнкү деңгээлге түшүшү жана анын 2023-жылдагы президенттик шайлоого тийгизе турган кесепеттери

Суроо:

Түрк лирасы эки айга жетпеген кыска мөөнөттүн ичинде эң төмөнкү деңгээлге түшүп 30%дан ашык наркын, быйылкы жылдын башынан бери 45%дан ашык наркын жоготту. Инфляция эки эсеге өсүп, болжол менен 21%ды түздү. Баалар кыйла көтөрүлдү. Белгилей кетсек, лира 2013-жылдан бери тынымсыз төмөндөөдө. Мунун себеби эмнеде? Бул кризис менен кандай күрөшүү жана лира кунун төмөндөшүн кантип токтотуу мүмкүн? Анын 2023-жылдагы шайлоого кандай таасири бар?

Жооб:

Мунун себептерин жана анын кесепеттерин билүү үчүн биз төмөнкү маселелерди карап чыгабыз:

  • Ооба, жыл башынан бери валюта (лира) долларга карата өз наркынын 45%га жакынын жоготту! Октябрдын аягынан бери болжол менен 30% жоготту. Мунун баары карыздын көптүгүнөн, шашылыш карыздардын мөөнөтү жана мөөнөтү бүткөндө төлөй албагандыктан келип чыкты. Бул нерселер валютанын девальвациясында (куну түшүп кетишинде) маанилүү роль ойнойт. Түркиянын Каржы министрлиги 2021-жылдын 31-мартында жарыялаган билдирүүдө тышкы карыздын көлөмү болжол менен 448,4 миллиард долларды түзгөндүгү белгиленген. Негизги карыз 262,1 миллиард долларды түзүп, карыздар боюнча камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөөдөгү үстөк пайыздардын негизинде көбөйгөн. Ал эми, Түркиянын бир жылдын ичинде төлөшү керек болгон шашылыш карызы болжол менен 168,7 миллиард долларды түздү. Түркия карыздарды төлөө үчүн башка жактардан карыз алууга муктаж болуп, ошону менен ал карызды төлөө циклинде калды. Көрүнүп тургандай, Түркия бул шашылыш карыздарды төлөй албай жатканы белгилүү жана алар чет өлкөлүк валютада төлөнөт. Карызды төлөө планы түрк экономикасына оор басым жасоодо. Төлөм тартыштыгы өткөн октябрда 3,7 миллиард доллардан ноябрда 12 миллиард долларга чейин өстү. Декабрь айынын тартыштыгы болжол менен 10,4 миллиард долларды түзөрү күтүлүүдө. Банктарда иштеген кээ бир түрк экономисттеринин божомолуна ылайык, келерки жай айларына чейин дефицит айына 9 миллиард доллар өлчөмүндө болушу күтүлүүдө. Эрдоган чет элдик валюталарды сатып алып, аны Борбордук банкка жеткирбестен базарлардан чыгарып жаткан белгисиз тараптарды күнөөлөөгө аракет кылды. “Эрдоган мамлекеттик көзөмөл кеңешине ири өлчөмдөгү чет элдик валютаны сатып алган мекемелерди аныктоону жана кандайдыр бир манипуляция болгон-болбогонун аныктоону тапшырды”. Эрдоган: “Биздин өлкө көз карандысыз экономика үчүн күрөшүп жатат жана багытты өзгөртүү үчүн кысымга алдырбайт. Түркияны тең салмактуулуктан чыгаргысы келгендердин валюта курсун, пайыздарды жана бааларды көтөрүү манипуляцияларына күбө болуудабыз”, – деди. (“Жакынкы Чыгыш”, 27.11.21). Мына ушунун баары жоопкерчиликтен качып, чындыкты жаап-жашыруу аракети жана алсыздык. Сырттан үстөк пайыздуу карыз алуу үчүн ар кандай тараптарга эшик кенен ачылды. Бул тараптар​​мамлекет болобу, компаниялар болобу же  кредиттик карталарды колдонуу менен карыз алган жеке адамдар болобу, айырмасыз, пайыздуу карыз алууга эшиктер кенен ачылган. Карыздар чет элдик валюта менен төлөнөт. Мунун баары чыныгы кризисти жаратып, акыбетте валюта арзандап, жакырчылык күч алууда. Кредитордук банктар жана финансы институттары өз өлкөлөрүнүн, айрыкча, колонизатор өлкөлөрүнүн казынасын гана толтурушат. Кийин алар өлкөнүн иштерине кийлигишип, ага үстөмдүк кылууну күчөтөт.
  • Натыйжада, баалар укмуштуудай кымбаттады. Түркиянын Статистика мекемеси 2021-жылы 3-декабрда жарыялаган билдирүүдө мындай делет: “Ноябрь айында өлкөдөгү инфляция жылдык негизде 21,31 пайызды түздү”. (“Анадолу”, 03.12.21). Бул экономикалык төмөндөөгө алып келет. Бул пайыз Эрдогандын өкмөтү белгилеген максаттан төрт эсе жогору. Бул көптөгөн үй-бүлөлөр үчүн жашоо баасын өтө кымбат кылат. Көптөгөн адамдар карыздарын төлөй албай калышына шарт жаратат. Түркия Республикасынын Президенттине караштуу Бюджет жана стратегия боюнча төрагалыгы 2021-жылы 12-февралда жарыялаган отчетто мындай делет: “Сүткордук (пайыздык) карызын төлөй албай калган керектөөчүлөрдүн саны быйыл өткөн жылга салыштырмалуу 127,2%га өстү. Белгилей кетсек, Түркияда насыя картасын колдонгон же үстөк пайыздуу карыздарлардын, башкача айтканда, пайыз менен насыя алгандардын саны 35 миллионго жакын”. Казына жана каржы министри Лотфи Алван айтат: «Кредит картасын колдонгондордун саны 34 миллион 119 миң 250 киши. Алардын 874 миллиард 300 миллион түрк лирасындагы карыздары бар”. (“BBC Turk”, 14.09.21).
  • Мамлекет, президент жана мамлекеттик институттар экономиканын өсүшү үчүн элди керектөөнү көбөйтүүгө үндөй баштады. Бул – элди арам сүткорлук негизде карыз алууга түртөт. Эгерде, Борбордук банк Эрдогандын талабы боюнча сүткордук наркын 24%дан 19%га чейин төмөндөтсө да, акыркы айлардагыдай 15%га чейин азайтканы да абалды өзгөртүп ийбейт. Муну менен президент 2021-жылы 17-ноябрда парламенттеги партиясынын депутаттарына чыгып сүйлөгөн сөзүндө буга токтолуп, мусулмандардын сезимдерин пайдаланууга аракет кылды. Ал мындай деди: “Сүткорлук – себеп, инфляция – натыйжа. Бул үчүн биз инфляция менен күрөшөбүз жана сүткорлуктун элибизди эзүүсүнө жол бербейбиз”. Сүткорлуктун 24%, же 19%, же 15% болушунун айырмасы жок, анткени анын аз-көп пайыздуу болушуна карабастан ал арам. Ал эми, ким аны жесе же аны адалдаса жана ага үндөсө, анда ал Аллах жана Анын элчиси тарабынан боло согушка макулдук берген болот. Эрдоган жана анын партиясы 2002-жылдан берки 19 жылдык исламчылмын деп жүйөлөгөн башкаруусунда көпчүлүк адамдарды сүткорлукка аралаштырды! Насыялар сүткордук негизде болуп турганда аны алууга элди шыктандыруунун максаты – экономикада жылыш, өсүүнү камсыздоо. Башкача айтканда, бул сатып алуу, сатуу жана инвестициялоо жагынан базар кыймылынын көбөйүшүн жана жумушсуздуктун кыскарышын билдирет. Бирок, мунун баары Түркия калкы сүткорлук менен карыз алуу аркылуу керектөөнү көбөйткөн сайын тескери таасирин берди. Алардын жакырчылыгы жана жардылыгы көбөйдү, капитал ээлеринин байлыгы жана капиталы көбөйдү. Эл Эрдоганга нааразы болуп, ага каршы үндөр көтөрүлүп, популярдуулугу төмөн деңгээлге түшө баштады. Президенттик шайлоо жакындап калды, ал 2023-жылы 18-июнда өтөт. Учурда Түркияда колдонулуп жаткан капиталисттик, секулярдык демократиялык система сүткорлуктун жайылышынын негизги мотиви болууда, себеби ал бул системанын түркүктөрүнүн бири.
  • Президент 2021-жылдын 19-мартында жогорку пайыздык саясатты жактаган Борбордук банктын мурунку төрагасы Нажи Икбалды кызматтан алып, алдыдагы парламенттик жана президенттик шайлоолор алдында экономиканы жандантуу үчүн, сүткордук кызыкчылыкты азайтуу жана баанын туруктуулугун калыбына келтирүү үчүн Кавучиоглуну дайындады. Бул тууралуу Түркиянын Борбордук банкынын төрагасы Шихаб Кавучиоглу билдирип мындай деди: “Борбордук банктын валюта рыногуна кийлигишүүсүнүн максаты рынокто болуп жаткан туруксуздукту жоюу болуп саналат. Позициябыздын учурдагы акча-кредит саясатына болгон кумулятивдик (топтомдук) таасири 2022-жылдын биринчи жарымында байкалат”. (“Анадолу”, 02.12.21.). Эрдоган Казына жана каржы министри Лутфи Алванды кызматтан алып, анын ордуна Нуреддин Небатинин дайындады, бул тууралуу 2021-жылы 2-декабрда Түркиянын расмий гезитинде жарыяланды. Белгилей кетсек, Эрдоган аны бир жыл мурун күйө баласы Берат Албайракты 2020-жылдын 11-сентябрында кызматтан алгандан кийин дайындаган. Бул жагдай саясаттагы башаламандыкты жана чечимдерди сунуштоодогу калпыстыкты көрсөтүп турат. Ошодой эле, бул нерсе Эрдоган өзү дайындаган башка адамдар да ийгиликсиз экенин көрсөтөт.
  • Эрдоган Американын аймактагы саясатына кызмат кылууну улантууда жана аны кызыкчылыктарын ишке ашырып берүүдө. Ал Америка орбитасында айланууда. Эрдоган мунун акысына Америкадан ар тараптуу колдоо алып турат. Ушул себептен улам, америкалык эл аралык кредиттик рейтинг компанияларынын отчетунда Эрдоганга карата оң маанайдагы отчеттор жарыяланды. 2021-жылы 1-декабрда Американын Standard & Poor’s кредиттик рейтинг агенттиги түрк экономикасынын өсүшү боюнча божомолдорун жарыялады. Standard & Poor’s “Түркия экономикасынын быйылкы өсүү божомолун 1,2 баллга жогорулатып 9,8 пайызга, 2022-жылдагы өсүү божомолун 0,4 баллга жогорулатып 3,7 пайызга чыгарды. Ал өткөн сентябрда Түркия экономикасы 2021-жылы 8,6%га өсөрү боюнча божомолун жарыялаган”. (“Анадолу”, 01.12.21.). Андан кийин 2021-жылдын 2-декабрында АКШнын кредиттик рейтинг агенттиги Fitch түрк экономикасынын өсүүсүнө оң баа берген билдирүүсүн жарыялады. Билдирүүдө Түркиянын экономикасы быйыл сентябрь айында жарыяланган 9,2 пайыздын ордуна 10,5 пайызга өсүүсү күтүлүп жатканы белгиленди. Ошондой эле, агенттик Түркия экономикасынын 2022-жылга карата өсүү божомолун 3,5 пайыздан 3,6 пайызга көтөрдү жана Түркиянын кредит рейтингин “BB-” деңгээлинде сактады. Агенттиктин билдирүүсүндө Түркиянын экономикалык өсүүсү башка өлкөргө салыштырмалуу күчтүү экенин көрсөттү. Бирок киши башына туура келген киреше 2013-жылдан бери доллар кыйматына жараша азайып барууда. (“Анадолу”, 03.12.21.). 2021-жылдын 3-декабрында АКШнын Moody’s эл аралык кредиттик рейтинг агенттиги Түркия рейтингине терс баа берүү менен анын дегээлин “В2” даражасында калтырды. Агенттик мындай билдирүү берди: “Түркиянын негизги тышкы аялуу тобокелдиги учурдагы эсептин тартыштыгынан улам төмөндөдү. Бул – валюта резервдерин таза дүң негизде акырындык менен реструктуризациялоону колго алууну билдирет. Жергиликтүү валютанын учурдагы алсыздыгына карабастан, Түркия чоң жана көп тармактуу экономикага ээ. Ал эми, өлкөнүн экономикасы быйыл 11%, 2022-жылы 4% өсөт деп күтүлүүдө”. Агенттик өткөн жылдын ноябрь айында жарыяланган отчетунда түрк экономикасы быйыл 9,2% өсөөрүн күткөн болчу”. (“Анадолу”, 04.12.21.). АКШнын эл аралык рейтинг компанияларынын бул билдирүүлөрү Эрдоганды колдоо катары каралууда. Демек, Америка Эрдогандын алдыдагы шайлоодо ийгиликке жетишин каалайт жана ал Америкага кызмат көрсөтүп жатат. Ошондуктан, Америка анын ордун баса турган күчтүү альтернативаны ушул кезге чейин аренада таба элек.
  • Түрк президенти чет элдик инвестицияларды тартуу жана чет өлкөдөн түрк инвестицияларын издөө аркылуу экономиканы колдоого жана валютанын баасын сактоого аракет кылып, Перс булуңундагы өлкөлөргө багыт алууда. Ошондон улам, ал дайыма талашып-тартышып жүргөн Бириккен Араб Эмираттарына жылмаңдай баштады. Эмираттардын мураскер ханзаадасы Мухаммед ибн Заид Түркиянын президенти Эрдогандын чакыруусу менен 2021-жылы 24-ноябрда расмий сапар менен Түркияга келди. Белгилей кетсек, ал экөө 2021-жылдын 31-августунда телефон аркылуу сүйлөшүшкөн, анда эки тараптуу мамилелер жана аймактык маселелер талкууланган. Андан соң Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Түркия-Эмират мамилелеринде акыркы мезгилде оң маанай өкүм сүрүп жатканын белгиледи. Бул иш сапарда Түркия менен БАЭ, Эрдоган жана Ибн Заиддын катышуусунда түрдүү тармактарда 10 келишимге кол коюлду. Андан соң Ибн Заид өзүнүн Твиттердеги баракчасына мындай деп жазды: “Бүгүн Анкарада Түркиянын президенти Эрдоган менен жолугуп, жемиштүү сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Талкуулардын жүрүшүндө биздин экономикалык мамилелерибизди чыңдоо мүмкүнчүлүктөрү көбүрөөк талкууланды. Ал эми, Абу-Даби өнүктүрүү холдингинин директорлор кеңешинин төрагасы Мухаммед Хасан Аль-Сувайди: “БАЭ Түркияга инвестиция салуу үчүн 10 миллиард доллар бөлүүнү чечти”, – деди. Түркиянын тышкы иштер министри келерки айда Абу-Дабиге барарын билдирди”… (“Anadolu”, 24.11.21.). Андан кийин түрк лирасы долларга карата бир аз кымбаттады. Анан кайра төмөндөп кетти. Эрдоган бир жылдан ашык убакыттан бери аймактагы өзү талашып-тартышкан режимдер менен элдешүү үстүндө иштеп жатат. Анткени Эрдогандын атаандаштыктары принципиалдуу эмес, балким өзү орбитасында айланып жүргөн Американын кызыкчылыктарына жана саясаттына байланыштуу. БАЭ яхудий вужуд менен алакаларды нормалдаштырды, ал эми, Эрдоган да яхудийлер менен алакаларды нормалдаштыруучу болуп саналат жана нормалдаштырууну ырастайт. Булар жана аймактагы башка режимдер да Палестинага каршы тил бириктирип, яхудийлердин Палестинаны басып алуусуна унчукпай турушат.
  • 2021-жылы 6-декабрда Түркиянын президенти Катарга иш сапары менен барды. Бул иш сапар Катар Эмиринин чакыруусу менен эки өлкөнүн ортосундагы Жогорку стратегиялык комитеттин жетинчи жыйынына катышуу үчүн болсо да, Эрдоган Катарга барар алдында өткөргөн маалымат жыйынында мындай деди: “Түрк ишкерлеринин Катарда ишке ашырган долбоорлорунун көлөмү 15 миллиард доллардын тегерегинде. Эки өлкө экономикадан коргонууга, соодадан инвестицияга чейин көптөгөн тармактарда өз ара пайданын негизинде өнөктөштүктү бекемдеди. Булуңдагы боордошторубуз менен мамилебизди орток кызыкчылыктарыбыздын жана бири-бирибизге болгон урмат-сый алкагында басмырлоосуз өнүктүрүүнү улантабыз”. (“Анадолу”, 06.12.21.). Катардын тышкы иштер министри Мухаммед ибн Абдурахман Аль Сани түрк кесиптеши Мевлүт Чавушоглу менен өткөргөн маалымат жыйынында мындай деди: “Эрдоган Доха сапары алдында, стратегиялык комитеттин жетинчи сессиясынын жыйынында Түркия менен Катар ортосундагы 12 келишимге кол коюлушу күтүлүүдө”. (“Анадолу”, 06.12.21.). Андан кийин Катар менен Түркиянын ортосунда 14 кызматташтык келишимине кол коюлду: Катар менен Түркия 14 келишимге кол коюшту жана Эрдоган Анкаранын Перс булуңундагы мамлекеттер менен кызматташууга ынтызар экенин тастыктады… Жетинчи сессиянын иши Катар мамлекетинин эмири шейх Тамим бин Хамад Аль Сани менен Катардын борбору Дохага барган президент Эрдогандын жетекчилигинде өттү. Эки тарап экономика, инвестиция, өнөр жай, коргонуу, коопсуздук, кайрымдуулук, медиа, маданият жана спорт сыяктуу түрдүү тармактарда 14 кызматташтык келишимине кол коюшту… (“Al Jazeera”, “Aнадолу”, 07.12.21.). Бул – Эрдогандын түрк экономикасын колдоо жана түрк лирасынын кулашына жол бербөө аракети.
  • Валюта кунунун кулашы жакын арада токтошу мүмкүн эмес. Анын кыйрашын токтотуу аракеттери көрүлүп, жасалып эле келе жатат. Бирок, эч кандай майнап чыкпайт, анткени бул аракеттердин негизи бузук жана жараксыз. Лира 2004-жылдын аягында бир миллион 797 миң лирага чейин кулагандыктан, 2005-жылдын 1-январынан баштап алты нөлдү алып салуу чечими чыгарылып, доллар 1,79 лирага барабар болду. Бирок, ал көпкө созулган жок. 2013-жылдан бери лиранын куну түшө баштады. Барган сайын кулашы тездеди. Лиранын девальвациясы түрк экономикасынын начарлашына байланыштуу. Ал эми, Түрк экономикасынын абалынын начарлашынын себептери негизинен ал таянган негиздерге жана ага ылайык колдонулган саясаттарга байланыштуу. Эгер, экономика таянган бул негиздер түп тамырынан алынып салынбаса, эл бул сүткордук экономиканын отуна күйүп бактысыздыкта күн кечире берет. Бул экономика негиздери бузгунчу капиталисттик негиздерге таянган. Ал өндүрүштү, өсүштү көбөйтүүгө жана керектөөнү стимулдаштырууга гана таянган экономика. Ошол үчүн, Эрдоган жана анын светтик режими исламда катуу тыюу салынганына карабастан, үстөк пайыздуу насыя алууга кенен жол ачты. Көпүрөлөрдү, жолдорду, туннелдерди, метро жана аэропортторду куруу сыяктуу мамлекеттик долбоорлорду ишке ашыруу үчүн чет элдик инвестициялык компанияларга эшик ачты. Бул чет элдик компаниялар карапайым элден акча чогултуп, алардан пайда көрөт. Белгилей кетсек, булар Ислам буйругандай мамлекет бардык адамдарга бекер бериши керек болгон коммуналдык кызматтар болуп эсептелет. Экономикалык маселени чечүү — коомдук каражаттарды жана жалпы байлыкты коомдун бардык мүчөлөрүнө жеткиликтүү бөлүштүрүү жана андан коомдун ар бир мүчөсү пайдалана ала тургандай шарт түзүп берүүдөн турат. Куран жана Сүннөттөн алынган ислам конституциясынын беренелеринде көрсөтүлгөндөй, коомдун ар бир мүчөөсүнүн бардык негизги муктаждыктарын толугу менен камсыз кылуу, ошондой эле, алардын камалий муктаждыктарын да жогорку деңгээлде камсыздоо важиб. Ошол эле учурда, түрк лирасын доллардан ажыратып, аны шарий өкүмгө ылайык алтын менен күмүшкө негиздеш керек. Экономиканы чет өлкөлөргө, өзгөчө сүткордукка негизделген чет элдик насыяларга көз карандык кылуу коркунучтуу жана өлүмгө алып келет. Аллах сүткорлук менен алектенгендерди Өзүнөн жана Элчисинен боло турган согуш менен коркуткан.

Алла Таала айтты:

﴿يا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا اتَّقُوا اللَّهَ وَذَرُوا مَا بَقِيَ مِنَ الرِّبَا إِنْ كُنْتُمْ مُؤْمِنِينَ + فَإِنْ لَمْ تَفْعَلُوا فَأْذَنُوا بِحَرْبٍ مِنَ اللَّهِ وَرَسُولِهِ وَإِنْ تُبْتُمْ فَلَكُمْ رُءُوسُ أَمْوَالِكُمْ لا تَظْلِمُونَ وَلا تُظْلَمُونَ﴾

«Эй момундар, Аллахтан корккула жана эгер чыныгы момун болсоңор, риба саркындыларын таштагыла. Эми эгер (буйругубузду) кылбасаңар, анда Аллах жана Расулу тарабынан болуучу согушту угуп-билип койгула! Эгер тообо кылсаңар, мал-мүлкүңөр өзүңөргө, залим да, мазлум да болбойсуңар»                                                                                                          [2:278-279]

Аллах Таала Анын хидаятына ээрчигендерге бактылуулукту сүйүнчүлөдү. Ал эми, анын хидаятына ээрчибегендерди азап жана бактысыздык менен эскерти.

Алла Таала айтты:

﴿فَمَنِ اتَّبَعَ هُدَايَ فَلَا يَضِلُّ وَلَا يَشْقَى * وَمَنْ أَعْرَضَ عَن ذِكْرِي فَإِنَّ لَهُ مَعِيشَةً ضَنكاً﴾

«Ким Менин хидаятыма ээрчисе, жолдон адашпайт жана бактысыз болбойт. Ким Менин эскертмемден баш тартса, анда, албетте ал үчүн бактысыз турмуш болот»            [20:123-125]

Сөз акырында:

﴿هَذَا بَيَانٌ لِلنَّاسِ وَهُدًى وَمَوْعِظَةٌ لِلْمُتَّقِينَ﴾

«Бул (Куръан) адамдар үчүн туура жолду баян кылуучу жана таква ээлери үчүн хидаят жана насаат»                                                                                                                  [3:138-139]

                                                                                                     7-жумаадил уула, 1443-х.

12-ноябрь, 2021-ж.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here