АКШ президенти демократияны бекемдөө үчүн виртуалдык саммит өткөрдү

403
0

АКШ президенти демократияны бекемдөө үчүн виртуалдык саммит өткөрдү

АКШ президенти Жо Байден Ак үйдө демократияга арналган биринчи саммитти өткөрдү. Видеоконференция форматында өткөн саммитте Байден глобалдык эволюция жөнүндө эскертип, 100дөн ашык мамлекет башчыларын демократиялык институттарды өнүктүрүү жолунда кызматташтыкты күчөтүүгө чакырды. “Аssociated Press” агенттиги кабарлагандай, Байден демократияны бекемдөө үчүн иш-аракеттерди эки эсе күчөтүү зарылдыгы алда качан эле пайда болгонун баса белгилеген. Учурда ал АКШнын өзү да демократиялык институттар жана салттар жаатында проблемаларга дуушар болуп жатканына ишара кылды.

Жо Байден саммиттин ачылышында сүйлөгөн сөзүндө: “Бул шашылыш маселе. Маалыматтарга караганда, абал биз каалабаган өңүттө өнүгүүдө”, – деди.

АКШ президенти дүйнө жүзүндө демократия үчүн кооптуу тенденциялар бар экендигине басым жасап, учурдагы тенденциялар негизинен “жаңылуу” тарапка баштап жаткандыгын жана демократия бүгүнкү күндө коргоочуларга аябай муктаж болуп калгандыгын баса белгиледи.

Демократиялык баалуулуктарды коргоо үчүн эки эсе көбүрөөк күч жумшоо керектигине басым жасаган Байден, дүйнө жүзүндө демократиялык институттар алсыраганына кабатыр экендигин билдирип, мамлекет башчыларды демократияны орнотуу мүмкүндүгүн көрсөтүү үчүн “кызматташууга” чакырды. Анын айтымында, бүгүнкү күн чечүүчү учур.

Комментарий: Байден ушул демилгеси аркылуу күндөн-күнгө кулап бара жаткан түзүмдүн өмүрүн бир азга болсо да узартууга аракет кылууда. Себеби, ички саясатта “бийлик элдики” деп айтуу менен өз калкын алдап башкарууда, тышкы саясатта болсо “силерге эркиндик алып келдик” деп айтуу менен өзүнө көз каранды мамлекеттердин моюн сунуусун күчөтүп, алардын байлыктарын талап-тоноодо демократия негизги курал болуп эсептелет. Т.а. демократияны бекемдөө – бул капитализмди, колонизатордукту жана өкүмдарлыкты бекемдөө дегени.

Бүгүнкү күндө демократия кыйроого жүздөнгөнү жашыруун сыр болбой калды. Батыш мамлекеттеринин жана алардын Ислам дйнөсүндөгү малайларынын “эркиндик”, “адам укуктары”, “мыйзам диктатурасы”, “аялдардын укуктары”, “адилет шайлоолор”, “терроризмге каршы күрөш” ураандары астында ишке ашырып жаткан айла-амалдары пайда бербей калды. Ал тургай Батыштагы калктардын өздөрү да демократиядан баш тартышууда. Көптөгөн батыштык идеологдор демократиялык идеялардын ийгиликсиздиги жөнүндө башарат кыла башташты. Кечээ күнү АКШ мамлекеттик катчысынын коопсуздук, демократия жана адам укуктары боюнча жардамчысы Езра Зеа «Биз шек-күмөнсүз, демократия үчүн маанилүү ирмемде турабыз» деп, дүйнөдөгү демократиялык мамлекеттер «жаңы коркунучтардан келип чыгып жаткан жана күн сайын күчөп бара жаткан проблемаларга дуушар болуп жаткандыгын о.э.  дээрлик дүйнө жүзүндөгү мамлекеттер ар түрдүү деңгээлде демократиялык чегинүүнү башынан өткөрүп жаткандыгын билдирди. Бул нерсе Батыш жетекчилерин тынчсыздандырышы табигый көрүнүш. Себеби, алар демократиянын каршысында Ислам хазараты тургандыгын көрүп турушат. Бул көрүнүш баарынан да батыштык саясатчылардын тынчын алууда. Ошондуктан, алар жанталашып, акыйкатты бузуп көрсөтүүгө олуттуу аракет кылып жатышат.

Дагы бир айта кетүүчү нерсе, демократия – өзүнүн чыныгы маанисине  ылайык колдонуу мүмкүн болбогон куру кыялий идеология. Т.а. демократиянын аныктамасы боюнча, эл өзүн-өзү башкаруу жана өз турмушун тартипке салуу үчүн зарыл болгон мыйзамдарды өзү чыгарышы о.э. көпчүлүк эмне десе ошол болушу керек. Бул кандай болушу мүмкүн? Бир мамлекеттин миллиондогон калкы бир жерге чогулуп, “көпчүлүгүбүз мына муну колдойбуз” деп мыйзам чыгарып коюшу мүмкүн эмес да. Демек, эл мыйзам чыгаруу укугунан баш тартып, өзүнүн ролун депутаттардан турган парламентке өткөрүп берүүгө мажбур. Ошентип, анын ролу болгону ошол депутаттарды шайлоо гана болуп калат. Мыйзамдарды болсо, ал тургай парламенттин өзү эмес, ал тараптан белгиленген комитет чыгарат. Мына ушундан көрүнүп тургандай, мыйзамдарды элдин көпчүлүгү эмес, тескерисинче аз сандуу бир топ капиталисттер чыгарат жана бул мыйзамдарды кабыл алуу же албастык жөнүндө эч качан элден сурап отурбайт. Чыгарылып жаткан мыйзамдарга элдин эч кандай тиешеси жок, керек болсо андан кабары да болбой калат. Ошондуктан, Батышта жаңы мыйзамдарга каршы акциялар уюштурулуп жатканына дээрлик күн сайын күбө болуп жатабыз. Демек, демократия «көпчүлүк элдин башкаруусу» эмес, тескерисинче, азчылык капиталисттердин бүтүндөй калктар үстүнөн өкүмдарлык кылышы десек туура болот. Башкача айтканда, шылуундуктун туу чокусу болуп эсептелет.

Киямуддин Шариф

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here