Түркияда экономикалык кризис күч алууда

52
0

Түркияда экономикалык кризис күч алууда

Түркияда улуттук валютанын куну түшүп, экономикалык кризиске өкмөттү күнөөлөгөндөр нааразылык акцияларга чыгышууда. Бир АКШ долларынын баасы учурда 12 лирадан ашып, өткөн жылга салыштырмалуу эки эсе кымбаттады. Муну менен эле токтоп калбастан, дээрлик күн сайын рекорд жаңыланууда.
Буга чейин президент Борбордук банктан үстөк пайызды азайтууну талап кылып, муну менен экспорттун өсүшүнө, инвестициялардын, жумуш орундарынын көбөйүшүнө жетсе болоорун айткан. Эрдоган акыркы кайрылуусунда өлкө «экономикалык согуш» абалында экенин билдирди.
Эрдоганга эки жолдун бирин тандоо зарыл болду. Биринчиси, пайыздык ченди көтөрүп чет элдик валютанын арзандашын күтүү. Экинчиси, пайыздык ченди түшүрүп, капитал ээлеринин жана инвесторлордун кредит алуусун жеңилдетүү. Ал экинчи жолду тандады жана доллар байланган жибинен бошогондой кымбаттай баштады. Натыйжада, эзилген калк кымбатчылык астында дагы да эзилүүдө. Калк алакасынын баарын доллар менен жүгүртүүгө шашылууда. Ал эми айлык акы лира менен төлөнүп жатат. Эрдоган өлкөдөгү кымбатчылыкка карата айткан сөзүндө «кредиттик пайыздар себеп, инфляция натыйжа» экенин баса белгиледи. Ал өзүнүн тандоосун акташ үчүн үстөк пайыз тууралуу Куран аятын тилават кылууга да жетишти. “Бирге жүргөн досторубуздун айрымдары сүткорлукту коргошууда. Мен бул жолдо алар менен бирге боло албайм, болбойм дагы. Сүткордукка каршы күрөшүмдү аягына чейин алып барам. Буга байланыштуу нусус ачык», – деди Эрдоган.
Ал бийликке жаңы келген 2004-жылы журналисттердин “алдыда пайызсыз экономикалык моделге өтүү күтүлөбү?” деген суроосуна “Сүткордук дүйнөнүн акыйкаты, бул акыйкатты четке кага албайбыз”, – деп жооп берген эле. Ал эми Аллах Таала Куранда сүткордукту азайтууну эмес, тамырынан жок кылууга буюрган. Айтат: «Сүткор болгон адамдар (Кыямат Күнүндө мүрзөлөрүнөн) турушпайт. Бирок, жин тийген, акылдан азган (кем акыл) сымал турушат. Буга себеп алардын: “Соода дагы сүткорлуктун өзү го?” дегени. Акыйкатта болсо, Алла сооданы адал, бирок сүткорлукту арам кылган. Демек, кимге Раббисинен үгүт-насаат жеткен соң, (сүткорлуктан) тыйылса, анда мурункулары өзүнө жана анын иши Аллага (тапшырылат т.а Алла кааласа кечирилет). Ким (сүткорлукка) кайтса, ошолор тозок ээлери жана анда түбөлүккө калышат.”(Бакара 275).
Президент Эрдоган өлкөдөгү кризистерге негиз болуп жаткан капиталисттик система экенин тан алгысы келбей, маселени башка өңүткө, ички саясатка бурууга аракет кылууда. А бирок, экономикалык кризис бузук капиталисттик экономикадан улам ушул учурга чейинки келген 66 өкмөттүн убагында да болуп турган. Дүйнөнү эзип жаткан капиталисттик системадан кутулганга чейин уланышы да талашсыз. Башка чечимдер убактылуу калкты алдоодон башка нерсе эмес. Түпкү чечим,
жашообуздун бардык тармагында такыбаалыкты, арам менен адалды негиз кылган Исламдын экономикалык түзүмүн колдонуу аркылуу болот. Мына ошондо асман-жердин берекеси төгүлөт. Аллах Таала айтат:
“Эгер ал кыштактардын (жайлардын) калкы ыйман келтирип, такыбадар болгондо, албетте, Биз аларга асман менен жердин береке (дарбазаларын) ачып койгон болоор элек.” (Aърааф 96)
Демек, мусулмандар экономикалык кризисти чечүүдө капиталист инвесторлорго эмес, такыбаалык негизинде башкарыла турган Ислам экономикасына муктаж.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here