Кыргызстан менен Россиянын коопсуздук тармагындагы кызматташтык планы бекитилди

353
0

Кыргызстан менен Россиянын коопсуздук тармагындагы кызматташтык планы бекитилди

Кабар: Кыргызстан менен Россия коопсуздук жаатындагы кызматташтыкты талкуулашты. Бул тууралуу маалымат 17-ноябрда Россиянын Коопсуздук кеңешинин расмий сайтына жарыяланды.
Кабарда айтылышынча, эки өлкөнүн Коопсуздук кеңештеринин катчылары Марат Иманкулов менен Николай Патрушевдин жолугушуусу өттү. Сүйлөшүүлөрдө өзгөчө көңүл маалыматтык жана биологиялык коопсуздук жаатындагы кызматташтык маселелерине бурулду.
Жолугушуунун жыйынтыгында эки мекеме ортосундагы кызматташтыктын 2022-2023-жылга карата планы кабыл алынып, кол коюлду.

Комментарий: Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө социалдык тармактар аркылуу маалымат алмашуу жана пикир таратуу массалык түс алып, башка маалымат каражаттарын артта калтырып барууда. Дүйнөнүн бир четинде жүз берген иш бир нече мүнөттө дүйнө жүзүнө жайылышында интернет жана социалдык тармактардын орду теңдешсиз болууда. Мусулмандар да дүйнөдө жүз берип жаткан окуяларды социалдык тармактар аркылуу күзөтүп, бул окуяларга карата исламий көз караштан келип чыгып мамиле жана саясий пикир билдириши күчөп барууда. Мусулмандардын социалдык тармактар аркылуу алып барып жаткан даъваты натыйжасында мусулмандарда нукура Ислам динине умтулуу күчөп барууда.
Дал ушул социалдык тармактар аркылуу колонизатор мамлекеттердин жана аларга малай өкмөттөрдүн былыктары ачыкталууда. Мындай көрүнүштөр диктатор режимдерге жакпашы турган иш. Ошондуктан, алар эркин маалымат алмашууга тоскоолдук кылуу үчүн колундагы бардык мүмкүнчүлүктөрүн ишке салышууда. Эки өлкө Коопсуздук кеңештеринин катчылары кабыл алган план да ушул маалымат алмашуунун жана социалдык тармактар аркылуу жүрүп жаткан исламий даъваттардын алдын алууга каратылганы анык. Ал эми, кыргыз өкмөтү мындай чектөөлөрдү ишке ашыруучу мыйзамдарды иштеп чыгууда баш катырып отурбайт, башкача айтканда, ал орус өкмөтү иштеп чыгып кабыл алган мыйзам-эрежелерди көчүрүп алат. Экс-президент Сооробай Жээнбеков учурунда “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндөгү” мыйзам долбоору иштелип чыгып, талкууга коюлган. Ал мыйзам расмий Кремль тарабынан иштелип чыккан “Чет элдик агенттер жөнүндөгү” мыйзам долбоорун ээрчий иштелип чыккан мыйзам болчу.
Быйыл 23-августта Садыр Жапаров “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгү” мыйзамга кол койду. Мыйзам жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирди. Кабарда, “бул мыйзам анык эмес маалыматтан жабыркаган тарап жана ал маалымат жарыяланган маалыматтык ресурстардын ортосундагы алаканы, алардын укуктарын жана милдеттерин жөнгө салары”, айтылды. Сентябрь айынын аягына келип, Кыргызстанда уюлдук телефондорду идентификациялоо жөнүндөгү мыйзам долбоору талкууга чыгарылды.
Кыргыз өкмөтү да Россияны ээрчип жана анын басымы алдында жарандардын ар бир аракетинен, жарыялап жаткан постунан жана жазып жаткан комментарийден кабардар сыяктуу болуп көрүнүү менен жарандарды коркутуп, интернет жана социалдык тармактардан алыстатуу жолун карманууда.
Биз мусулмандар, айрыкча Ислам даъватын көтөрүп чыгып жаткан даъватчылар коомду куфр зулумунан азат кылууну жана Ислам нуру менен жыргал жана кадыржам жашоого алып чыгууну максат кылган даъватчылар экендигибизди унутпашыбыз керек! Интернет жана социалдык тармактар Аллахтын ушул жолдогу неъматы экенин түшүнгөн абалда ишмердүүлүгүбүздү уланта беребиз, инша Аллах!

Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here