Бийлик элди “экстремизм” менен алаксытмакчы

170
0

Бийлик элди “экстремизм” менен алаксытмакчы

Акыркы күндөрү маалымат каражаттарында республиканын түрдүү аймактарынан Хизбут-Тахрир исламий саясий партиясынын мүчөлөрү УКМК тарабынан колго алынганы тууралуу кабарлар таркалууда. Мындай учурлар телеканалдарда кудум оор кылмышкерлер кармалгандай чагылдырылып, ал эми, кармагандар эрдик кылгандай элестетилүүдө. Негизи, бул окуялар бийликтин колонизаторлорго малайлыгын жана өз калкына карата залимдигин гана айгинелейт.
Маалым болгондой, азыр колонизатор кафирлер Исламга каршы күрөшүн “экстремизм” жана “терроризм” маскасы артында алып барары эчкимге сыр эмес. Бирок, ошого карабастан, биздеги бийлик колонизатор кожоюндарына жагынуу үчун, алардын динге каршы күрөшүнө кызмат кылып берүүдө. Муну менен өз тактыларын сактап калууда кожоюндарынын колдоосунан үмүттөнүп жатышат.
Ушуну менен бирге, бийлик элдин жаман башкарууга карата нааразылыгын “экстремизм” менен алаксытканга аракеттенүүдө. Нааразылык демекчи, калк эмнелерге нааразы, эмесе айрым негизги маселелерге токтоло кетмекчибиз.
– Бийлик электр энергиясын арзандатуу боюнча убадасына турган жок. Анысын эми көп жылдардан бери келе жаткан кемчиликтерге шылтап жатат. Аларды билип туруп, анда эмнеге убада берди?
– Электр таңсыктыгы аз келгенсип, калк көмүр менен да камсыздалбай калды. Буга “Кыргызкөмүрдүн” саботажын жана андагы коррупциялык схеманы шылтоо кылууда. Негизи, бийликтин башкы урааны “корррупцияга каршы күрөш” болгон эле. Анда эмнеге эрте жазда эле көмүрдөгү коррупцияга каршы күрөшкөн жок? Азыр да былтыркы баа сакталарын айтып алдашты. Бирок, Бишкекте былтыркы тоннасы 4 000 сомдук көмүрлөр азыр 6 000 сом. Анысы аз келгенсип, тонналап алганга көмүр табылбай калып, капталган көмүр сатып алууга туура келүүдө. Мындайда көмүрдүн килограммы 10 сомдон айланууда.
– Экономикадагы ийгиликсиздиктердин баары пандемияга шылтанууда. Бирок, мунун да жалган жагы бар. Мисалы, ЕАЭБ мамлекеттери ичинен Кыргызстандан башкасынын баарында ИДП өстү, ал эми, Кыргызстандыкы 3% артка кетти. Ал тургай Армениядан да алда канча артта калды. Эмне Арменияда пандемия жокпу?
– Чегара жаатында үлкөн ийгиликсиздикке учурады. Карапайым калк өкүлдөрү Кыргызстан-Тажикстан бийликтеринин өз ара провокацияларынын курмандыктары болуп кетишти. Буга чейин эч мындай болгон эмес. Жаңжалдан кийин чегараны жаап коюшту. Натыйжада, Тажикстандан келчү нерселер кымбаттап кетти. Бир эле жөнөкөй мисал, 250 сомдук 1 кг бадамдын азыр ошол эле сорту 1 000 сом. Инфляциядан улам 2 эсе көтөрүлдү дегенде да, 500 сом болмок. Чегара жабыктыгы себептүү мына 4 эсе кымбаттап олтурат. Ара күндө жарандар уурадылып, учурда да провокациялык иштер жүрүп жатат.
– Азыр бюджет акчасына курал сатып алуу менен мактанып жатышат. Сатып алынчу бул куралдар Россия колонизаторлугунан куткарууга, Кытай колонизаторлугунан сактанууга жарайбы, албетте жарабайт. Анда эмнеге жарайт, кайра эле ошол колонизаторлор менен алардын малайлары уюштурган фитналарга жарайбы… (Белгилүү болгондой, чегара фитнасын Россия уюштурган).
– Кумтөр жаатында үлкөн цифраларды укканыбыз менен, алардын пайдасы калк турмушунан көрүнө элек. Эгер убадалар ишке ашса, анын пайдасы адамдар турмушунан көрүнөт. А сиз, урматтуу окурман, турмушуңузда Кумтөр пайдасынан эмнени көрдүңүз?
– Коррупцияга каршы күрөш тандалма түс алды. Кыргызстандагы корррупциянын атасы болгон Акаев кең-кесири келип кетти. “Атамбаевчи” коррупционерлер кармалса, “бакиевчи” коррупционерлер кайрадан бийликке келип жатышат. “Доля” ыргыткан корррупционерлер жегенинен аз-маз төгүп коюп, калганын “адалдап” алышууда.
– Кафир кожоюндарынын мажбурлоосу менен вакцина сатып алышты. Бирок, ковид статистикасы саясий абалга ылайыкташтырылып жатканын баарыбыз көрүп турабыз.
– Салык көлөмүн ири жана орто байларга карата гана көтөрөбүз деп жатышат. Ал байлар болсо жумуш берүүчүлөр. Салык көбөйсө, алар аны жумушчу санын кыскартуу же айлыкты азайтуу менен жабышат. Же болбосо, товардын баасын көтөрүшөт. Бул кайра эле карапайым калктын жонунан кайыш алуу болот. Капитализм табияты өзү ушундай.
– Кытайга көз карандылык улам күчөп баратат. Кытай пандемияга тиешелүү алгоритмдерди киргизип, бийликти чөгөлөөгө мажбурлап жатат. Муну менен калктын наарзылыгы себептүү токтоп калган компанияларынын иштерин кайра жандантып, андан соң, дагы жаңы келишимдерди түзүп алууга карай сүйрөөдө…
Жана башка дагы ушул сыяктуу, айта берсек арман көп. Булардын баарына бир адам жоопкерчилик ала турган системага кирдик дешти эле, кана, Ким? Эмнеге? Кантип? жоопкерчилик тартты… Бул белгилүү бир адамдардын диктатурасын бекемдөөдөн башка нерсе эмес.
Булардын каршысында бийликтин аткарган иштери эмнелер болду? Айрымдардын айлыгы көбөйдү, бирок, ал инфляция деңгээлине чендебейт. Референдум, шайлоолор өткөрдү; конституция кабыл алды, мыйзамдарды ага ылайыкташтырды; марафон, той-маарекелер уюштурду; имараттар ачылышына катышты, жаңы курулуштарына капсула салды… негизинен ушундайлар. Булардын эч биринен калк кызыкчылыктарына пайда жок, булар популисттик кадамдардан башка нерсе эмес.
Албетте, булардын баарына карата калкта нааразылык ойгонууда. Эми бийлик элди нааразылыктардан алаксытып, алардын назарын “экстремизмге” бурмакчы болууда. Бирок, бул да элдин нааразылыгына нааразылык кошуучу бир популисттик кадам болуп калат. Анткени, “экстремист” жалаасы менен кармалган адамдын үй-бүлөсүн ким багат, аларды ким көмүр менен камсыздайт, алардын электр энергиясына ким төлөйт… Алар да элдин перзенттери, болгондо да алдыңкы перзенттери!
Буга чейинки бийликтегилер да кафир кожоюндарына малайлык кылуу жана элди экстремизм менен алаксытуу алкагында иш-чаралар кылып келишкен. Негизи, алардын өздөрү экстремисттер. Акаев экстремисттик менен Аксыда адамдарды аттырган, Бакиев да, Убактылуу өкмөт да, азыркы бийлик да башкарууга экстремисттик жолдор менен келишкен.
Кыргызстандагы Хизбут-Тахрир жигиттери болсо, бул экстремисттердин жалган жалааларын, бул залимдердин зулумдарын көзгө илбестен өз даъваттарын улантып келишет. Алардын айрымдары камактан түз кабырга кетишти, айрымдары түрмөдөн соң мүрзөгө кетишти… (Аллах аларга шахиддик жаражасын насип этсин). Калгандары да ушундай жакшылыктарга ынтызар.
Эй эл-журт, бул жигиттер ушул кызматтары үчун силерден эч кандай сыйлык күткөн жок, болгону, алар Аллахтын алдындагы милдеттерин өтөп, силерди жакшылыкка чакырып, жамандыктан кайтарып жатышат. Ушул иш алкагында фикрий-саясий күрөш алып барып, силерге Исламыңарды үйрөтүп жатат, мусулмандардан талап кылынган амалдарга тартып жатат. Алар силерден сыйлык күтпөйт, Аллахтан сооп күтөт, алар силердин туура жолду табууңарды каалайт. Ушундай болгон соң, аларды коргооңорго алып, алардын даъватына жооп бергиле! Ушуну менен эки дүйнө кордугунан эки дүйнө азиздигине чыгасыңар!
Туркистон

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here