Россиянын Сочи шаарында болуп өткөн Эрдоган-Путин саммити

58
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Россиянын Сочи шаарында болуп өткөн Эрдоган-Путин саммити

Суроо:

Белгилүү болгондой, 2021-жылы 29-сентябрь күнү Россиянын Сочи шаарында Эрдоган менен Путиндин жолугушуусу болуп өттү. Эрдоганды Түркиянын Улуттук чалгындоо уюмунун жетекчиси Хакан Фидан, президенттик администрациянын алакалар бөлүмүнүн башчысы Фахреттин Альтун жана президенттин басма сөз катчысы Иброхим Калын коштоп барды. Түрк министрлеринин эч бири саммитке катышкан жок! «Көңүлдү өзүнө бурган тарабы ушул болду: үч саатка созулган жолугушуу жабык эшиктер артында өттү. Андан тышкары, Кремль мындай визиттер учурунда аткарган протоколдорго тескери түрдө эки мамлекет башчысы жолугушуунун соңунда биргелешкен басма сөз конференциясын өткөрүшпөдү. Эрдоган да, Путин да корунтунду билдирүү беришпеди…». (Шаркул Авсат, 30-сентябрь, 2021-жыл). Суроо мындай – ушул жолугушуунун себеп жана максаттары кандай?

Жооп:

Бул суроолорго жооп берүү үчүн ушуларды карап чыгабыз:

  • Американын азыркы иш-аракеттеринен ал болгон күчүн Кытайга багыттап, өзүн Кытай маселесине багыштоо үчүн Ортоңку Чыгыштан чыгууну пландап жатканы о.э. региондогу малайларына ролдорду бөлүштүрүп аткаруу милдетин жүктөп жатканы көрүнүп турат. Трамп администрациясы иш баштаган алгачкы күндөрү, аныгырагы, бир аз мурун иштелип чыккан бул саясат Америка саясатында бир канча өзгөрүүлөргө себеп болгон. Ошондуктан, саясий жана аскерий күчүн Кытайдын айланасына жайгаштырган Америка ага көз каранды болгон Түркия сыяктуу чоңураак мамлекеттерди ишке салууга киришти. Трамп администрациясы Сирияда, Ливияда, Жер ортолук деңиздин чыгышында жана башка региондордо Түркияга белгилеп берген роль да дал ушул саясаттын бир бөлүгү болуп эсептелет. Түркияга берилген бул жаңы роль менен Америка Сирия кризисинин сүйлөшүүлөрүнөн иш жүзүндө өзүн четке алып, аны Түркия менен Россия ортосундагы сүйлөшүүлөргө айлантты. Натыйжада, Түркия менен Россия ортосунда Астана жана Женева сүйлөшүүлөрү болуп өттү, кийин түрк армиясы Сириянын түндүгүндө аскерий операцияларды өткөрдү.
  • Демократтардын саясий көз караштарынан улам Байден доору башталары менен Түркиянын ролу бир аз кыскарды. Ошондуктан, АКШ президенти Байден менен Түркия президенти Эрдоган ортосундагы биринчи телефон сүйлөшүүсү 2021-жылы 23-апрелде т.а. Байден Вашингтондо президенттик кызматка олтургандан үч ай өтүп болду. Сүйлөшүүдө эки мамлекеттин башчылары 2021-жылы 14-июнь күнү Брюсселде НАТО саммити алкагында бетме-бет жолугушууга келишишти. Ушуну баса белгилөө зарыл, телефон сүйлөшүүсүнөн бир кун өтүп, АКШ президенти Түркияда армяндарга каршы кыргынды геноцид деп моюнга алышы эки мамлекеттин башчылары ортосундагы келишпестиктин анык көрүнүшү болду. Байден армяндар кыргынын геноцид деп моюнга алуу ниети бар экенин Эрдоганга телефон аркылуу билдирген. Мунун артынан Түркия жана Эрдоган уу-чуу салышты. Лекин, булардын баары маалымат каражаттарындагы чуудан ары өткөн жок. Андан соң, эки мамлекеттин башчылары 2021-жылы 14-июнда Брюсселде НАТО саммити алкагында жабык эшиктер артында жолугушуу өткөрүшүп, Афганистан боюнча келишип алышты. Эрдоган бул жааттагы өзүнүн миссиясын жогору баалады. «Эрдоган Байден менен Афганистандагы кырдаалды талкуулаганын билдирип: «Биз даярбыз. Афганистанда Талибанды четке сүрүүнүн мүмкүнчүлүгү жок. Андыктан, АКШ жана башка мамлекеттердин колдоосун алсак, Талибан менен мамиле кылышыбыз мүмкүн», – деди». (CNN Arabic, 2021-жыл, 14-июнь). Лекин, Сириядан чыгуу маселесинде, өзгөчө, Россия менен бул жаатта алып барылган сүйлөшүүлөрдө Түркиянын ойной турган ролу маанилүүрөөк көрүнөт.
  • Сириядан чыгуу маселеси учурда Америка үчүн эң кыйын маселе. Себеби, бул нерсе АКШнын өзүнө гана тиешелүү эмес. Анткени, ал жерде Иран, Түркия, Иран Хизби, эң маанилүүсү, Россия бар. Белгилүү болгондой, Россия Сирияга 2015-жылы 29-сентябрдагы Обама-Путин жолугушуусунан кийин, АКШ жашыл чырак жандырышы артынан кирген. Булардын баары белгилүү бир иш-чараларды талап кылат. Себеби, Америка өз кошуунун алып чыгуудан мурун башка мамлекеттердин, өзгөчө Россиянын Сириядан толук чыгышын камсыздамакчы болууда. Ошол эле учурда, Америка ар дайым колдоп-кубаттап турабыз жана Афганистанда болгондой баш тартпайбыз деп күрддөрдү кадыржам кылган. «Сирия демократиялык күчтөрүнүн башкы командачысы Мазлум Абди айтышынча, өткөн айда Афганистандан чыгышы артынан АКШ президенти Жо Байден Кошмо Штаттар Сириядагы күрд союздаштарынан эч качан баш тартпайт, деп убада берген. Мазлум Абди Хасакадагы штаб-квартирасында Таймс гезитине берген интервьюда: «Алар Сирия Афганистанга таптакыр окшобойт деп бизди ишендирип, Америка саясаты бул жерде бүтүндөй башкача экенин баса белгилешти», – деп билдирди». (RT, 2021-жыл, 28-сентябрь).
  • Америка өзү Сириядан чыгып, ошол эле учурда, Россиянын калышын каалабайт. Айрыкча, Россия бир канча позицияда Кытайга жакындашып, Америка саясатынан жана ал бардык этибарын Кытайга каратып жатканынан тынчсызданып жатканда, АКШ (Россиянын Сирияда калышын) каалабаганы табигый. Ошондуктан, Америка 2021-жылы 16-июнда Женевада болуп өткөн Байден-Путин жолугушуусунда Кытайдан алыстап, АКШнын позициясына жакындашуусу үчүн Россияга басым өткөргөн болушунун ыктымалы чоң… Туура, Америка Сириядан чыгууну пландап, анын атынан иштерди башкарууну малайларына тапшырууга аракет кылууда. О.э. ал Сириядан толук чыгуудан мурун Россиянын чыгып кетиши абдан маанилүү деп билип, боштукту толтуруу вазыйпасын малайларына жүктөп, бардык этибарын Кытайга каратмакчы. Лекин, ушуну унутпоо керек, Америка Россияны өзүнө теңдештирүүнү каалабайт. Ошондуктан, Сириядан чыгуу маселесин Россия менен талкуулоону Эрдоганга жүктөдү. Себеби, Америка Россия анын менен бул маселени бетме-бет олтуруп талкуулай турган даражадагы мамлекет деп карабайт. Мындан тышкары, Америка өз малайы Башарга ишенет. Мисир газын Иордания жана Сирия аркылуу Ливанга жеткирүү боюнча алып барылган сүйлөшүүлөрдүн артынан Башардын региондогу мамлекеттер менен болгон мамилеси кыйла жакшырды. Ылайыктуу альтернатива табылганга чейин Башар Америка үчүн ишеничтүү малай болуп турат… Ошондуктан, Америка Россиянын Сириядан чыгуу маселесин Россия менен талкуулоону Эрдоганга жүктөдү… «Эрдоган эки тараптуу мамилелерди жана Идлибдеги акыркы окуяларды талкуулоо үчүн 29-сентябрда Путин менен жолугушарын айтты. Ал журналисттерге: «Путин мырза менен жалгыз маек курабыз. Бул бир гана Идлиб маселеси талкуулана турган жолугушуу болбойт. Сириядагы жалпы кырдаал, ал жерде кандай кадамдарды ташташыбыз керек жана эки тараптуу мамилелер жөнүндө сүйлөшөбүз», – деди. О.э. ал Түркия менен Россия региондогу маанилүү мамлекеттер экенин баса белгилеп, Путин чыныгы мамлекет башчысы экенин, бул нерсе Азербайжан-Армения согушунда даана байкалганын билдирди». (Ал-Жазира, 2021-жыл, 28-сентябрь). Улуттук разведка уюмунун жетекчиси Хакан Фидан менен бирге сапар жасаган Эрдоган Путин менен жолугушуудан мурун мындай деди: «Сирия жаатында биргеликте шилтеп жаткан кадамдарыбыз чоң мааниге ээ. Ал жердеги тынчтык Түркия менен Россия мамилелеринен көз каранды». (Анадолу агенттиги, 2021-жыл, 29-сентябрь).
  • Россия кырдаалды түшүнүп турат. Мындан улам, Сириядан чыгуу маселесин түздөн-түз Америка менен эмес, Эрдоган менен талкуулоону өзү үчүн акарат деп билди. Себеби, дал ушул АКШ Россияны Сирияга алып кирген. Андыктан, АКШ кантип бул маселени түздөн-түз Россия менен талкуулоонун ордуна, Эрдоганга жүктөп жатат?! Ушул себептен улам, Россия муну акарат катары кабыл алды. Анткени, Путин Американы туурап дүйнөлүк саясатка таасир өткөрө турган мамлекет башчысы катары текеберленип жүрөт! Ошондуктан, Россия АКШ бул маселени кайра аны менен түздөн-түз такуулоосуна үмүт кылып, Эрдоганга каршы позицияны карманды. Ушул аркылуу бир тараптан Түркияга сабак берип коюуну, экинчи тараптан АКШга кабар жеткирүүнү көздөдү. Бул, ушул нерселерде өз тастыгын табат:

а)   «Россия президенти Владимир Путин түркиялык кесиптеши Режеб Таййиб Эрдогандын шаршемби күнү Россияга келишине кайдыгер карады. Путин жеке өзү Эрдоганды Сочи аэропортунда күтүп алуунун ордуна, Сочи мери Алексей Копайгородский менен Краснодар крайынын губернаторунун орун басары Александр Руппелди жөнөттү. Эрдоганды Сочи эл аралык аэропортунда Краснодар крайынын губернаторунун орун басары Александр Руппел, Сочи мери Алексей Копайгородский, Россия тышкы иштер министрлигинин мамлекеттик протокол департаментинин директору Игорь Богдашев, Түркиянын Москвадаги элчиси Мехмет Самсар, Новороссийсктеги Түркия башкы консулу Фират Баяр жана Түркия элчилигинин кызматкерлери тосуп алышты». (turkeyalaan.com, 2021-жыл, 29-сентябрь).

б)   Мындан тышкары, Путин «Правда» гезитине Эрдоганды акараттоо жана аны бечара деп атоону буйруду! Белгилүү болгондой, «Правда» орус гезити болуп, Советтер Союзу доорунда дүйнөдөгү эң көп тираждуу гезиттерден болгон. Учурда Кремлге жакын алдыңкы гезиттердин бири болуп эсептелет. «Шейшемби күнү Кремлге жакын Россиянын «Правда» гезитинде президент Таййиб Эрдоган акарат кылынды. Гезит катуу сөздөрдү камтыган макалада Сочи сапарынан бир аз мурун Эрдоганды бечара деп атады. Россиялык журналист Александр Шторм да «Правда» гезитиндеги макаласында: «Бечаранын кайрадан шайлануу мүмкүнчүлүгү жок…», – деп жазган». (turkeyalaan.com, 2021-жыл, 29-сентябрь).

  • Ушуга ылайык, Путин-Эрдоган жолугушуусу башынан акырына чейин, жада калса башталарынан мурун эле ийгиликсиз болду. Чамасы, Эрдоган ушундай болорун билген көрүнөт. Ушул себептен улам, бул ийгиликсиздиктен кабардар болгондор көп болбостугу үчүн жолугушуу абдан чакан кругда өтүшүн т.а. аны менен Путин ортосунда гана болушун каалады. Ошентип, бул жолугушууда эч кандай оң натыйжа болбоду, Эрдоган ындыны өчкөн абалда Түркияга кайтты. Ал тургай, ар бир жолугушуудан кийин өткөрүлө турган протоколдук конференция да өткөрүлбөдү! «Россия президенти Владимир Путин менен Түркия президенти Режеб Таййиб Эрдоган ортосунда шаршемби күнү Россиянын Сочи шаарында болуп өткөн жолугушуу басма сөз конференциясыз бүттү. Үч саатка созулган жолугушуудан кийин эки тарап тең натыйжа же келишүү туурасында үн катышкан жок. Дипломатиялык билдирүүлөрдөн тышкары, жолугушуунун мазмуну жөнүндө эч кандай маалымат берилбеди… Бул туурасында саясий талдоочу Дервиш Халифа Арабий Жадид сайтына берген интервьюда айтышынча, жолугушуунун мазмуну жөнүндө эч кандай түшүндүрмө берилбегени эки тараптын ортосунда эч кандай келишүү болбогонун, тескерисинче келишпестиктер жүзөгө келгенин көрсөтөт, ушул себептен улам басма сөз конференциясы да өткөрүлбөгөн. Дервиш Халифа жолугушуунун негизги күн тартибинде айрымдар айткандай, Украина же Ливия маселеси эмес, Сирия маселеси каралганын кошумчалады…». (Арабий Жадид, 2021-жыл, 30-сентябрь).
  • Октябрь айынын акырында Чоң жыйырмалык саммиттин алкагында Эрдоган менен Байдендин жолугушуусу пландалган: «Түркия Президенти Режеб Таййиб Эрдоган октябрь айында өтө турган Чоң жыйырмалык саммиттин алкагында АКШлык кесиптеши Жо Байден менен жолугуша турган болду. Бир канча булактар саммитте Эрдогандын АКШ президенти Байден менен жолугушуусун маалымдашты». (Анадолу агенттиги, 2021-жыл, 28-сентябрь). Чамасы, бул жолугушуу Эрдоган-Путин жолугушуусу ийгиликсиз чыгышы артынан кандай кадамдар ташталары жөнүндө болот!

Эгер, Америка Россиянын Кытайга карата позициясын көзөмөлгө ала алса т.а. Кытайга каршы Россияны өзүнө тарта алса, Эрдоганды бүтүндөй этибарсыз калтырып, ийгиликсиздиктери менен чырмашкан ахвалда таштап коёт! Эгер, Америка Россиянын Кытайдан алыстоосун кепилдеп алса, Россия менен кайра дагы келишүүгө барышы мүмкүн. Анткени, мындай колонизатор мамлекеттер өздөрүнүн кызыкчылыктары жүзөгө чыгарын билсе, өз малайларынын же таасири астындагылардын кадырын сокур тыйынга да теңебейт.

  • Кыскасы, маселени минтип жыйынтыктоо мүмкүн:

а)   Америка Ортоңку Чыгыштан чыгууга, иштерди өзүнүн малайларына жана таасири астындагыларга тапшырууга, ал тургай адаттагы жаңжалга эмес, суук согушка алып барса да бардык этибарын Кытайга каратууга даярданууда. Ошондуктан, Вашингтондогу Кытай элчилигинин басма сөз катчысы Лю Пэнъюй АКШ, Британия жана Австралия ортосунда түзүлгөн AUKUS коргонуу альянсы жөнүндөгү билдирүүдө АКШны минтип айыптады: «Бул мамлекеттер башка тараптардын кызыкчылыктарына каратылган же зыян жеткире турган эксклюзивдүү блокторду түзбөстүгү, биринчи кезекте суук согуш менталитетинен жана идеологиялык тарапкечтиктен баш тартышы лазым»… (Ал-Жазира, 2021-жыл, 16-сентябрь).

б)   Бир кездерде Россияны титиретип келген Усманий мамлекет учурда жок болгондуктан Россия жана башка душман мамлекеттер жеңил дем тартышууда. Россия бүгүнкү күндө Түркия башчыларына ишара менен да көрсөтүлбөй турган даражада күчсүз, эч кандай салмакка ээ эмес деп карайт.

в)   Бул окуялардын оң тарабы да бар. Ал да болсо, колонизатор кафир мамлекеттер ыпыр-сыпырларын жыйыштырып, мусулман өлкөлөрүнөн чыгууга аттанып калышканы. Бул болсо, даъватчылар жана хаккка ээрчигендер Ислам жана мусулмандардын даражасы көтөрүлүшү, куфр жана анын калкы жер менен жексен болушу жөнүндө кушкабар жеткириши үчүн ыңгайлуу мүмкүнчүлүк.

﴿إِنَّ فِي ذَلِكَ لَذِكْرَى لِمَنْ كَانَ لَهُ قَلْبٌ أَوْ أَلْقَى السَّمْعَ وَهُوَ شَهِيدٌ

«Албетте мында (билгич) жүрөк ээси болгон же өзү күбө болуп жаткан абалда кулак салган киши үчүн үлгүлөр бар»                                                                                           [50:37]

                                                                                                             29-сафар, 1443-х.

                                                                                                          6-октябрь, 2021-м.

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here