Эй Эрдаган! «Эки мамлекет» чечими – бул Фалестинди куткаруу эмес, колдон чыгаруу!

207
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Эй Эрдаган! «Эки мамлекет» чечими – бул Фалестинди куткаруу эмес, колдон чыгаруу!

Түркия президенти Ражаб Таййиб Эрдаган: «Эки мамлекет чечими Фалестин-(израиль) жаңжалын чечүүнүн негизи», – деди. О.э. тынчтык процессин кайра жандантуу жана мүмкүн болушунча кечиктирбей «эки мамлекет» чечимин күтүү керектигин баса белгиледи.

Хизб-ут-Тахрирдин–мубарек Фалестиндеги маалымат бөлүмү өз сайтында билдирүү жарыялап, ушуларды баса белгиледи: «Акимдер Фалестин маселесин бекем кармап алышты… «эки мамлекет чечими Фалестинди куткарат, акыйкатты жүзөгө чыгарат» деген сөздү тынымсыз айтышууда. Түпкүлүгүндө, бул акимдер баары сүйүктүү Пайгамбарыбыздын Исра жерин колдон чыгарып, мубарек топурагыбыздан баш тартышууда.

Эл аралык коомчулуктан Фалестин маселесин колонизатор Батыштын көз карашына ылайык чечип берүүнү сурануу – бул коомчулуктун башчылары болгон АКШ, Британия жана Францияга көз карандылыкты жана моюн сунууну жарыялоо. О.э. бул алардын долбоорлоруна моюн сунууну жана мусулмандар үчүн өтө ыйык болгон нерселерге кафирлердин өкүмдарлык кылышына жол берүүнү түшүндүрөт. Негизи, Фалестинди куткаруу – бул аны азат кылуу. Өз армияларына ээ акимдер буга кудуреттүү, бирок, алардын ар бири кафирлер менен тил бириктиришкен».

 

Роя гезити, №359, 2021-жыл, 6-октябрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here