АКШда ашыкча баңгизат колдонуудан өлгөндөр рекорддук көрсөткүчкө жетти

325
0

АКШда ашыкча баңгизат колдонуудан өлгөндөр рекорддук көрсөткүчкө жетти

АКШда ашыкча баңгизат колдонуудан өлгөндөрдүн саны 96 779  кишиге жетип, рекорддук көрсөткүчтү жаңылады. Буга баңгизат себептүү башка оорулардан каза болгондор кошулган жок. Бул тууралуу АКШнын Ооруну алдын алуу жана көзөмөлдөө борбору билдирди.

Маалыматка ылайык, АКШда баңгизаттан ууланып өлгөндөр мурунку жылдан 29,6% өскөн. Өткөн жылы 93 миңден ашык адам баңгизатты ашыкча колдонуудан курман болгон. Мындай ахлаксыздык Вермонт шаарында көп катталып, 85 өскөн.

Мамлекет маңзатка каршы күрөшүп жатканын айткан менен, наркотикалык заттар ар бир көчө башында сатылып келет. Анткени, демократияда өлчөө пайда болгондуктан, адамдардын утурумдук ырахаты негизги мааниге ээ. Бул өз кезегинде наркобизнестин өнүгүшүн шарттап, баңги соодасы дүйнөдөгү экинчи эң кирешелүү тармакка айланды. Маселен, 2017-жылы кокаин өндүрүү 1 млн 976 тоннага жеткен. Бул мурунку жылдан 25 пайыз көптүк кылат. АКШ Ооганстанга бастырып киргенден бери бул өлкөдө апийим өндүрүү 40 эсе өскөн. Эл аралык уюмдар дүйнөдөгү баңгизат соодасынын көлөмү 800 млрд доллардан ашаарын эсептешкен. Башкача айтканда, эл аралык сооданын 8%ы баңгизат соодасына туура келет. Наркобарондор жылына 320 млрд доллар киреше таап турат. Мына ушул соода байланыш эл аралык колонизаторлордун кызыкчылыгына туура келгендиктен, аны тыюунун ордуна өнүктүрүшүүдө. Күч түзүмдөрү баңгизаттарына каршы күрөшүмүш болгон менен үлкөн импорт-экспорттор дал ушул пагончондордун коштоосунда жүрөөрү жазылбаган мыйзамга айланып калган. Алар өздөрүнүн негизги жумушу ачылып калбашы үчүн айрым фактыларды ачыкка чыгарып турат.

Мунун каршысында, Ислам дини акылды бузуучу маңзаттарды аз же көптүгүнө карабай колдонууга толугу менен тыюу салат. Алла Таала мындай дейт: «Эй момундар, хамр (мас кыла турган ичкилик ичүү), кумар (ойноо), буттар (т.а. буддаларга сыйынуу) жана таякчалар (т.а. таякчалар менен бал ачуу) шайтандын амалынан болгон арам иш. Демек, (тозоктон) кутулушуңар үчүн алардын ар биринен алыс болгула! Ичкилик, кумар себептүү шайтан араңарга жек көрүү, душмандык салууну о.э. силерди Алланы эске алуудан жана намаз окуудан тосууну гана каалайт! Эми токтоорсуңар!».

Жыйынтыктап айтканда, Америка баштаган дүйнөдөгү ахлаксыздык караңгылыгынан чыгуунун жападан жалгыз жолу Исламды дүйнөлүк түзүм катары колдонуу. Ислам адамзатты бул дүйнө жыргалчылыгы үчүн эмес түбөлүктүү бейиштеги ырахатка жетүүгө тарбиялайт. Бул үчүн Жаратуучуну таанып, анын буйрук кайтарууларына ылайык жашоо талап кылынат. Бул өз кезегинде коомду караңгылыкта тентиреп жүрүүдөн Ислам нуруна, бакубат жашоого алып келет!

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here