Судандагы өткөөл өкмөт билим берүү программасына Батыштын баалуулугун жана маданиятын киргизүүдө

239
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Судандагы өткөөл өкмөт билим берүү программасына Батыштын баалуулугун жана маданиятын киргизүүдө

Хизб-ут-Тахрир–Судан вилаятынын маалымат бөлүмүнүн аялдар канатынын расмий сүйлөөчүсү билдирүүдө мындай деди: «Бүгүнкү өкмөт бийликке келгенден бери билим берүү тармагында исламий көрүнгөн нерсени жок кылууга, анын ордуна өлкө калкы, баалуулугу жана акыйдасы үчүн душман болгон, исламий акыйданы, Уммат шахсиятын жана сакафатын талкалоого аракет кылган илманийликти киргизүүгө урунууда».

Расмий сүйлөөчү Судан элине ушуларды жеткирди: «Бул өткөөл өкмөт мурунку Инказ өкмөтү сыяктуу мунафыктык кылып жаткан жок. Тескерисинче, илманийликти ачык-ашкере аткарып, конституцияга «дин мамлекеттен ажыратылган» деген нерсени ачык эле киргизип койду. Өкмөт эл аралык финансы уюмдарынан гранттарды алуу максатында мына ушундай ыплас пландарды аткарып, бул нерсе Батыш үчүн бир мүмкүнчүлүк болууда… Батыш бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Исламдын турмуш түзүмү катары кайтышын алдын алуу планын жүзөгө чыгарууда. Негизи, Судандагы билим берүү эл аралык уюмдардын көзөмөлүнө өткөндө эле либерал илманий баалуулуктар менен булганып болгон. Мунун натыйжасында, интеллигенция өздөрүнүн негизинен жана Умматынан бөлүнүп калышты. Алар Исламдын проблемаларды чечкен ишеничтүү мабдаий идеологиясын жоготуп, илманий идеологияны кабыл алышты. Бул илманий идеология кризисти чече албайт, тескерисинче, аны дагы да орчундатат».

Билдирүүнүн аягында ушулар айтылды: «Эгер Ислам сакафаты булганса, Уммат шахсиясы жоголуп, жашоо образы бузулат. Мындай абалда Уммат эл аралык майданда активдүү, өз эрки боюнча иш кылган эмес, тескерисинче, анын үстүндө башка мамлекеттер иш кылган умматка айланып калат.

Окуучу балдардын аң-сезимин кафир Батыштын илманийлиги менен суугаруу аркылуу эмес, Исламга жана анын таалимдеги максатына кайтуу менен ийгилик болот».

 

Роя гезити, №358, 2021-жыл, 29-сентябрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here