Энергетика тармагына жумшалган каражаттар кайда кетип жатат?

59
0

Энергетика тармагына жумшалган каражаттар кайда кетип жатат?

Кабар: Кыргызстандын энергетика секторунун 80% эскилиги жеткен абалда турат. Бул тууралуу 11-октябрда “Коомдук диалог: Жаңы экономикалык саясат” конференциясында сүйлөп жатып экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров билдирди.

 Ал эми Бишкектин Жылуулук электр борборунун эскилиги 60% жеткени айтылды. Эскиликтин жеткен чеги 30% деп аныкталган.

Жапаровдун айтымында, жыл сайын Кыргызстанда электр энергиясын керектөө деңгээли 4-6% жогорулоодо. Бүгүнкү күндө электр энергиясынын тартыштыгы 6 миллиард киловатты түзүүдө.

 Комментарий: Кыргызстан эгемендүүлүккө жетишкенден бери өкмөт энергетика тармагын өнүктүрүү үчүн ири өлчөмдө карыздарды алып келет.

2013-жылдын ноябрь айында ошол кездеги премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев: “Кыргызстанда энергетика тармагына тартылып жаткан чет элдик кредиттердин 94,1 пайызы “Кыргызстан улуттук электр тармагы” компаниясына берилет. 1991-жылдан 2010-жылга чейин энергетика тармагына 380 миллион доллар инвестиция жаткырылды. 2011-жылдан баштап  инвестициянын көлөмү кескин көбөйүп, 2014-жылдын май айына чейин “Кыргызстан улуттук электр тармагы” компаниясына 275 миллион 880 миң доллар, “Электр станциялары” ишканасына 78 миллион 160 миң доллар келген”, – деп айткан.

 Андан тышкары, 2014-2017-жылдар аралыгында Бишкек ЖЭБин модернизациялоо Кытайдын ТВЕА компаниясына тапшырылды. Ал Кытайдын “Эксимбанкы” тарабынан бөлүнгөн 386 миллион доллардык кредит менен каржыланды. А бирок, модернизациядан көп убакыт өтпөстөн т.а. 2019-жылдын 25-январында ЖЭБде авария болуп, тургундар кыштын кыраан чилдесинде жылуулуксуз калышты. Кредит болсо 2033-жылга чейин 480 миллион доллар кылып кайтарылышы керек.

 Өкүнүчтүүсү, ушунча карыздар алынып, ири өлчөмдөгү каражаттар  “жумшалып” жатышына карабастан, энергетика тармагында бирер өзгөрүү же өнүгүү болбоду. Тескерисинче, жылдан-жылга  абал оорлошуп, карапайым калк ар дайым кыштын келишин жүрөкзада болуп тосуп алат. Кыш мезгилинде айыл жана шаарлардын абасы көмүр жана башка отундардын түтүнү себептүү ушунчалык булганып, айрыкча Бишкек шаары абасы булганган шаарлар рейтингинде алдыңкы орундарды ээлеп жатат. Быйыл да расмий өкмөт калкты электр энергиясын үнөмдөөгө, жылытуу үчүн альтернативалык отундарды т.а. көмүр, отун жана тезек сыяктууларды пайдаланууга чакырды. Алынган карыздарды болсо адаттагыдай эле бир ууч коррупционерлер талап кетишүүдө (ЖЭБде бир даана аттиш 600 долларга бааланганы сыяктуу). Аны болсо карапайым калк төлөшү керек болот.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here