Массалык маалымат каражаттары кесиптик этикасынан баш тартып, душмандык кылып жатканына «Аlbawaba» веб-сайтынын Хизб-ут-Тахрирге кылган дооматы мисал болот

34
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Массалык маалымат каражаттары кесиптик этикасынан баш тартып, душмандык кылып жатканына «Аlbawaba» веб-сайтынын Хизб-ут-Тахрирге кылган дооматы мисал болот

Кеңсеси Амманда (Иордания) жайгашкан «Аlbawaba» веб-сайты 2021-жылы 21-сентябрда «Хизб-ут-Тахрир Түркия-Украинанын колдоосу менен Крымга көчүп жатат» деген темада жалган-жалаа макаланы жарыялады.

Хизб-ут-Тахрир–Иордания вилаятынын маалымат бөлүмү бул макала жөнүндө жарыялаган билдирүүсүндө баса белгилейт: «Жалган макаланы бүгүнкү заманда интернет аркылуу чыгаруу – наадандык. Себеби, учурда бир баскычты басуу менен анын жалгандыгы, доомат экендиги белгилүү болуп калат!».

Хизб билдирүүдө дагы ушуларды баса белгиледи: «Бул региондогу режимдер учурда мусулмандарды да, Аллахка жана Анын шариятына чакырып жаткан даъватчыларды да узак мөөнөттөргө эркинен ажыратып, түрдүү кыйноолорго салууда. Андыктан, илманий Түркия режими кантип Хизб-ут-Тахрирди колдоп-кубаттасын, акыры, Түркия режими ачык-ашкере малайлыгын улантып, Хизбге каршы күрөштү, басым өткөрүүнү токтотпой жатат го?! Ошондуктан, бул макала – өзүнүн жалгандыгын ачыктаган, душмандык кылып жаткан массалык маалымат каражатынын макаласы.

Алар бул сыяктуу кылмыштары менен Хизб-ут-Тахрирге кымындай да зыян жеткире алышпайт деп толук ишенебиз. Алар жалган айтууда, айла-амал жана ыпластык кылууда эч кимди алдына салбастыгын далилдешкен. Ал эми, Хизб бүткүл дүйнөнү даъваты менен камтып, анын идеологиясын бардык мусулмандар көтөрүп жүрөт. Билип койгула, бул – Халифалыкты кайра тикелеп, Ислам түзүмүн кайра алып келүү идеологиясы.

Сөзүбүздүн аягында, жалганчылык багытын алган, каржылап жаткан тараптарга карыз болуп калган ар бир адамга мындай дейбиз: билип койгула, силер акыйкатты эч качан өзгөртө албайсыңар жана эч качан жок кыла албайсыңар. Тогут режимдерди кубаттандырууга урунуп жатасыңар, бирок, анын кыйрашына аз калды. Алардын кишендери сынбай калбайт жана медиалары да албетте кыйрайт. Себеби, кааласа-каалабаса, акыйкат күнү албетте нур таратат».

 

Роя гезити, №358, 2021-жыл, 29-сентябрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here