ДССУ вакцинаны мөөнөтү өткөнчө таркатууга чакырды

214
0

ДССУ вакцинаны мөөнөтү өткөнчө таркатууга чакырды

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Европа аймагы боюнча өкүлү Витянис Андрюкайтис Евро Биримдикти үчүнчү өлкөлөргө вакцинаны сактоо мөөнөтү өтүп кете электе берүүгө чакырды. Анын айтымында, мындай көрүнүш арбын кездешип жатат.

“ДССУ Европа өлкөлөрүн колундагы вакцинаны Украина, Тажикстан, Армения жана Кыргызстан менен бөлүшүүгө чакырат. Бергиси келбей, кампада сактап, качан гана жарактуу мөөнөтү бүтөрүнө эки жума калганда жөнөтүшөт”, — деп билдирди атайын өкүл.

Пандемия көрсөткөндөй, дүйнө эли адилетсиздиктин жеткен чегинде жашап жатат. А түгүл, алдуу мамлекеттер дүйнө элин каратып туруп каракчылык иштерди жасашууда. Алардын 3-өлкөлөргө жардам көрсөтүмүш болуулары да алдоодон башка нерсе эмес экендиги ачыкка чыгып калды. Башкача айтканда, жакыр өлкөлөргө берилип жаткан вакциналар дээрлик мөөнөтү бүтүп калган вакциналар болуп калмакчы. Анткени, капитализмде өлчөө жалаң гана “пайда” болгондуктан, капиталисттер өз кызыкчылыктары жолунда жаман иштен да кайра тартышпайт. Бирок, мунусун жаап-жашырган бир же миң кабат пардасы болот, жалпы адамдар алардын мындай жамандыктарын аңдай беришпейт.

Мына ушулардан улам, дүйнө элинин көпчүлүгү бул империалисттер чыгарган вакциналарга ишенбей жатышат жана вакцинацияга карата ишенбөөчүлүк мурунку кабат-кабат курулган ишенбөөчүлүктөр имараты үстүнө келип кошулган дагы бир катмар болуп калууда.

Демек, биз мусулмандар эл аралык уюмдардын, аларды колдонуп жаткан колонизатор капиталисттердин жана алардын кызыкчылыгы жолунда кызмат кылган бийликтин иш-аракеттерине сактык менен мамиле кылышыбыз шарт. Муну менен катар өз Исламыбызга жүздөнүп, анын өкүмдөрүн турмушка ашырууга шашылалы. Анткени, Исламдын Саламаттыкты сактоо тармагы пайданы эмес, ооруну дабалоону максат кылгандыктан, ар кандай пандемия же жугуштуу ооруларга каршы ийгиликтүү күрөшүп келген. Андыктан, биз үммөттү жана бүткүл адамзатты бүгүнкү күндүн балээлеринен Ислам мабдасын толугу менен жашоого алып келүү менен гана азат кыла алабыз!

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here