АКШнын Афганистандагы жеңилүүсү – бүткүл Батыштын жеңилүүсү жана хазаратынын кулоосу

230
0

АКШнын Афганистандагы жеңилүүсү бүткүл Батыштын жеңилүүсү жана хазаратынын кулоосу

 Устаз Махмуд Абдулхадий

Американын жыйырма жылдык баскынчылыгынан кийин Афганистандан чыгышы жана бийликке Талибандын кайтышы бүткүл Батыш мамлекеттеринде чоң дүрбөлөңгө себеп болду о.э. бул окуя дүйнөдөгү эң кубаттуу мамлекет үчүн чоң жеңилүү болгонун ачыктады. Американын ички чыр-чатактары дагы да күч алды, баары бири-бирин айыптады, Американын эл аралык аброюна салмактуу зыян жеткендиги туурасында сөздөр пайда болду. Президент Байден мындай шерменде чегинүүнү уялбай коргоп жатат. (Би-Би-Си арабий). О.э. анын мамлекет катчысы Блинкен да коргоп жатат. (Sky News Arabia). Европа Талибандын Афганистан бийлигине кайтканынан коркууга түшүп, Исламдын саясий майданга кайтып жатканынан тынчсыздануусун билдирди. Көпчүлүк Европа мамлекеттери мындай реалдуулукка моюн сунгандыктарын ачык айтышты. Мисалы, Европа Союзунун тышкы иштер министри Жозеп Боррель: «Талибан Афганистандагы согушта жеңишке жетти. Демек, биз ошолор менен сүйлөшүүгө мажбурбуз», – деди. (Франс 24). Анын артынан Германия канцлери Меркель «Талибан менен сүйлөшүү зарылдыгын» билдирди. (RT Arabik). Саясий Исламдан сак болууга чакыргандар да көбөйдү. Алардын эң биринчиси Британиянын мурунку премьер-министри Тони Блэр болду. (Arabiy 24).

Талибан Афганистан бийлигине кайткандан бери тынымсыз айтылып жаткан бул кабарлар текшерүү же түшүндүрүүгө зарылдык калтырбаган чындыктарды көрсөтүп турат. Эң маанилүү чындык – Батыштын коркуу позициясы. Т.а. Батыш Афганистанда эл аралык мыйзамдардан көз карандысыз Ислам мамлекети пайда болушунан коркууда. Негизи, эл аралык мыйзамга ылайык дүйнөдө бир да Ислам мамлекети болбошу керек. О.э. ар кандай мамлекеттин географиялык аймакка чектелиши, башка мамлекеттин ишине аралашпашы, БУУ мыйзамдарын жана түзүмдөрүн, адам укуктарын жана аялдардын укугун, эл аралык токтомдорду аткарышы шарт деп айтылган. Ири мамлекеттер, БУУ жана анын уюмдары Исламды жана анын өкүмдөрүн бутага алышканына күмөн жок, буга далил келтирүүнүн да зарылдыгы жок. Айрыкча, Исламдын саясий пикирлери о.э. аялдар жана социалдык түзүм жөнүндөгү өкүмдөрү бутага алынууда. Ошондуктан, Батыш мамлекеттери Афганистандагы аялдардын абалы жана укуктары туурасында жар салып жатканына, мурдагыдан да көбүрөөк эки жүздүүлүк кылып жатканына күбө болуп жатабыз. Акыйкатта болсо, аял киши Батыштын өзүндө айбандардан да төмөн абалда калган… Ал болгону бир товардан башка нерсе эмес… Жалпысынан алганда, Батышта адам сатыла турган жана башка ар кандай нерсе сыяктуу эле материалдык кызыкчылык жана акча менен өлчөнө турган буюм болуп калган.

Булар ашыкча далилдөөгө жана көп сүйлөөгө зарылдык болбогон чындыктар. Батыш (Европа жана Америка) Исламдын саясий түзүм катары кайтып келе жатканынан чоочулап, сак болууга чакырууда. Ал тургай, Ислам исламий амирлик катары келишинен же географиялык, материалдык жана инсаний энергия жагынан чектелген мамлекет катары кайтып келишинен да тынчсызданууда. Себеби, алар бул мамлекет жана амирликтер дүйнөдөгү бүткүл мусулмандарды бириктире турган Халифалык мамлекетине айланышынан коркуп, тынчсызданышууда. Ушул себептен улам, алар Ислам коркунучу жана террору деген жалгандарды Батышта эле эмес, бүткүл дүйнөдө кеңири жайылтып жатышканына, алардын малай жана жарчылары бул нерсени исламий өлкөлөрдө жаюуда демилге көрсөтүп жатышканына күбө болуудабыз. Исламофобия активисттери жана ушул жөнүндө жалган кабарларды тараткандар болуп жаткан окуялар чоң коркунуч экенин эскертишүүдө. Байден жана анын администрациясына чабуул кылып, анын саясаттары зыяндуу экенин, Афганистандан чыгуу акаараттоо жана кооптуу чегинүү экенин ачык айтышууда.

Жогоруда айтылган сөздөргө далилдер өтө көп. Бирок, мен бул орунда алардын бирөөсүн айтуу менен чектелемин. Блэр Американын Афганистандан чыгышы анын каалоосуна жана божомолдоруна тескери болгонун айтып «ыйлады». Ал катуу тынчсызданып, Афганистандан чыгуу Батыш жана Батыш хазараты үчүн дүйнөлүк жеңилүү экенин эскертти. О.э. Блэр Байденден арызданып баштады. Негизи, Блэр жети ай мурда аны мактап, Исламды өзгөртүү жана Исламды Батыш пикирлерине ылайыкташтыруу үчүн бүткүл дүйнөгө жетекчилик кылууга чакырган эле. Бирок, Батыштын эң ири жетекчилерден болгон жана стратегиясында таасир күчүнө ээ болгон Блэр үчүн Афганистандагы иштер күтүүсүздүк болду.

Роя гезитинин 2021-жылы 14-июлдагы 347-санында «Исламга каршы күрөш – Батыш стратегиясынын маанилүү негизги багыттарынын бири» деген макала жарыяланган. Ал макалада ушулар айтылган: «2021-жылы 11-январда  Вашингтондун Жакынкы Чыгыш Саясатынын Институту Британиянын мурунку премьер-министри Тони Блэр менен жолугушуу өткөрдү. «Америка, Жакынкы Чыгыш жана дүйнө» деген бул жолугушууда Блэр мындай деди: «Жакынкы Чыгыш биз үчүн өтө маанилүү. Себеби, Исламдын келечеги ошол жерден белгиленет. Адам укуктары жана демократия маселеси Батыш өкмөттөрүнүн башкы маселелеринин бири. Анткени, алар биздин баалуулуктарыбыз  жана биз ишенген нерселердин бир бөлүгү». Кийин Блэр Байденди эл аралык майданда европалыктарга жана Бириккен Королдукка жетекчилик кылууга чакырды».

АКШнын Афганистандагы жеңилүүсү жөнүндөгү Блэрдин бул сөздөрүнөн о.э. европалык башка расмийлердин позицияларынан Европа мамлекеттери кооп-коркунучтарга же саясий Ислам, Россия жана Кытай сыяктуу ири күчкө каршы күрөштө Америкага таянып жатканы көрүнүүдө. Ошондуктан, Америка Афганистанда алар күтпөгөн ишти кылганда Блэр ачууланды, чоң үмүтсүздүккө түшүп, Байденге карата мамилеси кескин өзгөрдү. Блэр Байденди Исламга каршы күрөштө Европа, Британия жана бүткүл дүйнөгө жетекчилик кылууга чакырган эле, бүгүн, аны акмак деп атады. Анын бир нече веб-сайттарда таратылган сөздөрүнөн цитата келтиребиз, «Арабий 24»: «Блэр Кошмо Штаттарды Афганистандан чыгышын сындап, муну акмактык деп сыпаттады. Бул чоң стратегия менен эмес, белгилүү бир саясий себептерден улам чыгып кетүү деди…». Мурунку премьер-министр «Тони Блэрдин дүйнөлүк өзгөрүү институту» деген электрондук сайтта жарыялаган макаласында ушуларды баса белгиледи: «Афганистандан баш тартуу кырсыктуу, кооптуу жана зарылдык болбогон нерсе болду. Бул алардын да, биздин да кызыкчылыктарыбызга кызмат кылбайт…». «Муну акыры көрүнбөгөн согушту токтотушубуз керек деген акмактарча саясий ураанга ээрчип ишке ашырдык…». «Азыркы батыштык союздаштарыбыздын бул стратегиясы аларга көп чейин зыян жеткирет…». «Афганистандан чыгуу дүйнөдөгү көптөгөн жихадчы жамааттарды кубантты…». Ал АКШнын дүйнөлүк жетекчилиги төмөндөгөнүн каралап, Батыш чегинүү доорунда эместигин кескин далилдеши зарылдыгын баса белгиледи. Блэр мындай дейт: «2001-жылы 11-сентябрь кыргынына себеп болгон ошол жамаатты (Талибанды) кайра бийликке алып келүү чечими, кудум, биздин сокур экенибизби көрсөтүү үчүн кылынгандай. Союздаштарыбызда да, душмандарыбызда да Батыш өзүнүн стратегиялык кайратын жоготтубу, деген бир суроо пайда болууда». О.э. Блэр Батышты «радикал ислам» стратегиясын кайра карап чыгууга чакырды.

Америка өзүнүн үмүтсүздүгүн жана жеңилүүсүн жашырууга урунуп жатканына карабастан, бирок, Байден өз өлкөсүнүн алсыздыгын жана ийгиликсиздигин, Афганистанды моюн сундуруу кыйын экенин моюнга алып жатканы ачык көрүнүп турат. Афганистандан чыгуу ар тараптуу кордук жана жеңилүү эсептелишине карабастан, ал муну актоого урунуп, капаланып мындай деди: «Империялар көрүстөнү деп таанылган Афганистандагы окуялардын өнүгүшүн бир да аскерий күч өзгөртө албашын бүгүнкү күндө биз күбө болуп турган абал далилдеп турат». (Ал-Жазира).

Көрүнүп турандай, Байден, Блэр жана Европа коркууда жана таң калууда. Трамп да кудум ушундай болду. Ал Афганистандан чыгуу туурасында мындай деди: «Бул – Кошмо Штаттар өз тарыхында туш келген тышкы саясатындагы эң чоң кордук… Биз ал жерден сый менен чыгып кетсек болот эле. Сый менен чыгып кетишибиз шарт дагы эле. Бирок, мунун ордуна биз бүтүндөй шерменде болуп чыгып кеттик». (Арабий 21).

Американын Афганистанда жеңилиши Советтер Союзунун жеңилүүсүн кайталоодо. 1989-жылы февралда орустар да ушул абалда чыгып кетишкен. Алардын мамлекеттери жана социализми 1991-жылы т.а. афган жеринен чыгып кетишкенден үч жыл өтүп өтпөй талкаланган. Ошондой болгон соң, саясий Исламды кайра тирилтүү үчүн аракет кылып жаткандар жолду уланта беришсин, Умматтын энергиясын мүмкүн болушунча активдештирүүгө жана Халифалык долбоорун ишке ашырууга умтулушсун. Негизи, Умматты жана адамзатты Халифалык долбоору гана куткарат. Батыш бутунда араң турат, анын хазараты акыркы демин тартууда. Батыш жетекчилери «Ислам келе жатат, мусулмандар келе жатат» деп жар салышууда. Келгиле, анын келе турган жолун куралы. Аллах жетиштирүүчү жана жардамчы.

﴿فَاصْبِرْ صَبْرًا جَمِيلاً + إِنَّهُمْ يَرَوْنَهُ بَعِيدًا + وَنَرَاهُ قَرِيبًا﴾

«Демек, эң жакшы сабыр менен сабыр кылгын! Анткени, алар аны (ал Күндү) узак деп билишет, Биз болсо анын жакындыгын билебиз!»                                                     [70:5-7]

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here