АКШ Британия жана Австралия менен биргеликте түзгөн аскерий союздун мааниси жана көлөмү

263
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

АКШ Британия жана Австралия менен биргеликте түзгөн аскерий союздун мааниси жана көлөмү

 Суроо: АКШ Британия жана Австралия менен биргеликте түзгөн аскерий союздун (AUKUS коргонуу альянсынын) мааниси жана көлөмү кандай? Бул альянс Кытайга каршы түзүлдүбү? Же Британия жана Американын Францияга карата соккусубу? Анткени, Франция мындан мурун Тунисте Британия таасирине чекит койгон болсо, анын Гвинеядагы малайлары Америка малайларына каршы мамлекеттик төңкөрүш жасашты. Андан тышкары, Франция Америкадан көз карандысыз аскерий күч түзүүгө катуу аракет кылып келет.

Жооп: Бул суроолордун жообу айкын болушу үчүн ушуларды карап чыгабыз:

  • Видеоконференция аркылуу өткөрүлгөн бул жолугушууларда АКШ президенти Байден, Британия премьер-министри Жонсон жана Австралия премьер-министри Моррисон коопсуздук тармагында үч тараптуу кызматташуу башталганын билдиришти. «Скай Ньюс Арабик» 2021-жылы 16-сентябрда кабарлагандай, Байден жолугушууда: «Индия-Тынч океаны регионунда узак мөөнөттүү тынчтыкты жана туруктуулукту орнотуу зарылдыгын баарыбыз моюнга алабыз», – деди. Моррисон болсо: «Биз ядролук куралдарды жайылтпоо жөнүндөгү бардык милдеттерибизди аткарууну улантабыз», – деди. Британия премьер-министри Жонсон да бул чечимди өтө маанилүү деп баалап: «Дүйнөдөгү эң татаал долбоорлордун бири болот», – деп билдирди. Бул мамлекеттер союздун даярдыгын жашыруун алып барышты. Капыстан ишке ашканы үчүн Кытай менен Франция абдырап калышты.
  • Франция абдан катуу ачууланып, Америка жана Австралияны жалганчы деп, Британияны болсо оппортунизмде айыптады. Австралия 2016-жылы 56 миллиард еврого суу астында жүргөн кемелерди сатып алуу жөнүндө Франция менен түзгөн келишимди бекер кылганы үчүн Франция бул союзду арттан сайылган бычак деп атады. («Би-Би-Си», 2021-жыл, 18-сентябрь). Ал эми, Кытай Азия континентинде суук согуштун биринчи огу атылганын эскертти. Кытай Кошмо Штаттарды жана Британияны бул союздун ядролук куралды жайылтпоо келишимине канчалык туура келерин карап чыгууга чакырып, ядролук мамлекет болбогон Австралияга суу астында жүргөн атомдук кемелер технологиясын өткөрүү бул келишимдин бузулушуна алып келерин баса белгиледи. Шек-күмөнсүз, Кытай бул союзду өзү үчүн коркунуч деп билип жатат. Себеби, Чыгыш Азия деңиздериндеги Кытайдын гегемониясына каршы турган Австралия бул союз аркылуу суу астында жүргөн атомдук кемелерге ээ болууда.
  • Американын адаттагы союздашы болгон Европа Трамп доорунун аягына барып өзүн жеңил сезе баштады. АКШ президенти Байден Трамптын «Оболу Америка» ураанына альтернатива катары «Америка артына кайтты» деген ураанды кабыл алып жар салганда Европа өзүн дагы да жеңил сезди. Бирок, Байден администрациясы Европанын көз караштарын жана кызыкчылыктарын эсепке албастан Афганистандан аскерий күчтөрдү алып чыгып кетиши Европа мамлекеттери АКШга көз каранды экенин көрсөтүп койду. АКШнын Афганистандан чыгышы Байден администрациясынын Трамптан кийин бийликке келгенден тартып тогуз айда ишке ашырган эң ири эл аралык операциясы болду. Мунун натыйжасында Европада Америкага карата көптөгөн сын-пикирлер айтылды. Алардын эң маанилүүсү – Франция Европада Америкадан көз карандысыз күч түзүүгө жана аны бекемдөөгө чакырганы болду. Ошондон кийин АКШ Европа Союзунан чыккан Британия жана Австралия менен биргеликте жаңы союз түзгөнүн билдирди. Бул болсо, абалды дагы да курчутту! Ошондуктан, Франция тышкы иштер министри «Бул Трамп ыкмасындагы күтүлбөгөн чечим», «Артыбыздан бычак сайышты», «Бул ызааланткан сокку» деп баса белгиледи. Андан кийин Франция Вашингтондогу элчисин кеңешүү үчүн чакыртып алды!
  • Бул жаңы аскерий союздун көлөмүнө назар салсак, эл аралык майданда чоң окуя жүз бергенин көрөбүз. Бул өз кезегинде, кеңири көлөмдүү акыбеттерге себеп болору анык. Муну Кытайдын өсүп келе жаткан таасирин токтотууга багытталган АКШнын стратегиясы алкагында о.э. Франция эл аралык майданда каршылаш аракеттерди жасап Европа Союзундагы башка мамлекеттерге таасир өткөргөнү үчүн АКШ жана Британия тарабынан жазаланышы алкагында баалай алабыз:
    • Кытайга карата:

Бүгүнкү күндө АКШнын негизги стратегиялык максаты – Кытайдын өсүп келе жаткан таасирине каршы күрөшүү о.э. анын эл аралык экономикалык жана регионалдык аскерий кооп-коркунучтарын алдын алуу экени эч кимге, өзгөчө Кытайга сыр эмес. Ошондуктан, Кытай – алгач жарыя кылынганда эле – бул аскерий союздун максаттарын түшүнүп, ал кабыл алгыс нерсе экенин билдирди. О.э. бул союз «суук согуш менталитети» жана «идеологиялык тарапкечтик» негизинде түзүлгөнүн, «ядролук куралдарды жайылтпоо» жөнүндөгү келишимди бузуп жатканын баса белгиледи. «Кытайдын Вашингтондогу элчилигинин маалымат катчысы Лю Пэнъюй баса белгилегендей, бул мамлекеттер башка тараптардын кызыкчылыктарына каратылган же зыян жеткире турган эксклюзивдүү блокторду түзбөшү о.э. биринчи кезекте суук согуш менталитетинен жана идеологиялык тарапкечтиктен баш тартышы зарыл»… («Ал-Жазира», 2021-жыл, 16-сентябрь).

Ошентип, Кытай:

а)   Шек-күмөнсүз, Кытай бул кадам жаңы ядролук альянс катары ага каршы каратылганын, ал кудум Советтер Союзуна каршы түзүлгөн НАТО сыяктуу болорун түшүнүп турат. «Ал-Жазира» «Вашингтон Пост» гезитинен цитата келтирет: «Бул союз Австралияга дизель кыймылдаткычтагы субмариналардын ордуна алдыңкы ядролук реакторлор менен аракеттенген суу астында жүргөн кемелерге ээлик кылуу жана пайдалануу мүмкүнчүлүгүн берет. О.э. Австралияга ушундай бир чабуул кылуу жөндөмдүүлүгүн берет, эгер кандайдыр бир жаңжал чыкса, Кытай Австралиянын бул жөндөмүн эсепке алууга мажбур болот». («Ал-Жазира», 2021-жыл, 17-сентябрь). Башкача айтканда, бул келишим Австралияны суу астында жүргөн атомдук кемелер жана АКШнын Томагавк тибиндеги ракеталары менен камсыздайт. Муну менен Австралия Азиядагы Кытайга каршы жүзүктөрдүн бири катары аскерий жөндөмдүүлүгүн бекемдейт.

б)   Кытай анын өсүп келе жаткан таасирине каршы каратылган АКШнын стратегиясы Вашингтондогу администрациянын өзгөрүшү менен өзгөрбөшүн жакшы билет. Бул стратегиянын негизги максаты – Кытайдын айланасындагы ага каршы мамлекеттерди күчөтүү о.э. Кытайды кошумча кооп-коркунучтар менен курчап алуу. Ошентип, Америка ачык деңиз зоналары жана навигация эркиндиги деп Кытайдын айланасындагы деңиздерди аскерийлештирүүдө. Муну өзүнүн аскерий техникасын түздөн-түз алып баруу аркылуу ишке ашырабы же Япония, Түштүк Корея, Австралия, Индия жана башка Кытайга каршы Азия топторун аскерий жактан түздөн-түз жана ачык колдоп-кубаттоо аркылуу ишке ашырабы, айырмасы жок. Америка Ирак жана Афганистандагы согуштары себептүү Кытайдын өсүп келе жаткан таасирин токтотуу саясаты кечиккенин түшүнүп турат. Өз кезегинде, Кытай да бул кечигүү Вашингтонду Кытайдын өсүп келе жаткан таасирин токтотууга үндөп жатканын билип жатат. Бул өтө кооптуу. Себеби, Трамп администрациясынын Япония жана Түштүк Кореяга ядролук куралдарды жеткирүү идеясы жана бүгүнкү күнгө келип Байден администрациясы Австралияга суу астында жүргөн атомдук кемелерди убада кылышы АКШнын Кытайга карата саясатынын кооп-коркунучун дагы да күчөтөт жана бул саясат мындан кийин эл аралык конвенцияларга моюн сунбайт.

  • AUKUS алкагында бириккен үч мамлекет жөнүндө айтсак, 2021-жылы 16-сентябрда «Ал-Жазира» мындай кабар таратты:

а)   «АКШ администрациясынын жогорку даражадагы чиновниктери «Коргонуу тармагындагы бул кызматташтык Кытайдын региондогу таасири күчөп жаткан учурда болуп жатканын» билдирди. АКШ президенти Жо Байден өз билдирүүсүндө: «Британия жана Австралия менен түзүлгөн AUKUS коопсуздук келишими бул мамлекеттерге эң заманбап манёвр кылуу жөндөмүнө ээ болуу о.э. тез өнүгүп жаткан кооп-коркунучтарга каршы туруу мүмкүнчүлүгүн берет», – деди».

б)   «Британия премьер-министри Борис Жонсон АКШ жана Австралия менен үч тараптуу коргонуу кызматташтыгы Индия-Тынч океаны регионунда коопсуздук жана туруктуулукту сактоо үчүн биргеликте аракет кылууга багытталганын айтты. Анын сөдөрүнө ылайык, бул кызматташтыктын негизги милдети – Австралияга суу астында жүргөн атомдук кемелерге ээ болуусуна жардамдашуу».

в)   Башка тараптан, Австралия премьер-министри Скотт Моррисон «анын өлкөсү салттуу суу астында жүргөн кемелерди сатып алуу боюнча 2016-жылы Франция менен түзүлгөн ири келишимди бекер кылганын, себеби, ал АКШ жана Британия жардамында ядролук реакторлор менен аракеттенген суу астында жүргөн кемелерди курууну абзел көрүп жатканын билдирди. О.э. ал Австралия ядролук куралга ээ болууга умтулбай жатканын, ядролук куралдарды жайылтпоо жаатында өз милдетин аткарууну улантып жатканын» кошумчалады.

  • Францияга келсек, ал өтө ачууланып, болгон окуялардан дабдырап калды:

а)   «Франция тышкы иштер министри Жан-Ив Ле Дриан Австралиянын суу астында жүргөн кемелерди сатып алуу боюнча Франция менен түзүлгөн мурунку келишимди бекер кыларын «Арттан сайылган бычак» деп сындады. Жан-Ив Ле Дриан «Франc Инфо» радиосуна берген интервьюда Франция кыянатка кабылып, ачууланып жана ызааланып жатканын, бул жагдайга Австралия Франция менен түзгөн келишимди бузуп, суу астында жүргөн атомдук кемелерге ээ болуу боюнча АКШ жана Британия менен кызматташтык келишимин түзүшү себеп болгонун билдирди…». («Ал-Жазира», 2021-жыл, 16-сентябрь). Жан-Ив Ле Дриан дагы мындай деди: «Президент Макрондун талабына ылайык, Кошмо Штаттардагы жана Австралиядагы элчилерибизди кеңешүү үчүн тезинен чакыртып алдым. Бул ыкчам чыгарылган чечим болсо да, Австралия жана Кошмо Штаттардын 15-сентябрдагы олуттуу билдирүүлөрү бул чечимдин туура болгонун актайт». («arabic.euronews.com», 2021-жыл, 17-сентябрь). Ле Дриан «Франc Инфо» радиосуна берген интервьюда дагы мындай деди: «Мен өтө ачууланып жатам… Союздаштардын ортосунда мындай нерселер болушу мүмкүн эмес… Бул – жаакка тартуу». («Deutsche Welle», 2021-жыл, 17-сентябрь). Элчилерди чакыртып алуу туурасындагы чечимден мурда «Франция өкмөтү Вашингтондо жума күнү өткөрүлө турган иш-чараны бекер кылды. Белгилүү болгондой, бул иш-чара Америка козголоңу убагында Франция чоң роль ойногон чечүүчү деңиз согушуна багышталган эле». («Ал-Жазира», 2021-жыл, 17-сентябрь).

б)   Франция куралдуу күчтөрүнүн министри Флоранс Парли «Австралия салттуу суу астында жүргөн кемелерди сатып алуу боюнча Франция менен түзгөн ири келишимди бекер кылышы кооптуу жана өтө жаман кабар…» деп баалады. («Ал-Жазира», 2021-жыл, 16-сентябрь).

  • – Америка башчылыгындагы бул үч мамлекеттин эмне үчүн бул иштерди Франциядан алыста, жада калса, Францияны жазалай турган таризде ишке ашырганына келсек, мунун баяны төмөнкүдөй:

а)   Франция Трамп администрациясынын саясатын ачык сындап, аны кабыл албастыгын айткан эле. Бул нерсе Түркия менен Греция ортосундагы Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги кризисте ачык көрүнгөн. Байден администрациясы келип, Афганистандан Европа мамлекеттеринин Кошмо Штаттарга көз карандылыгын көрсөтүп койгон таризде чыгып кеткен соң (бул мамлекеттер көз каранды эмес, союздаш катары көрүнүүнү каалашат) Франция Европа Союзунун курамында Америкадан (т.а. НАТОдон) көз карандысыз аскерий күч түзүү идеясын алга сүрдү. Башкача айтканда, Франция АКШнын Европа мамлекеттери үстүндөгү аскерий жетекчилигине дагы каршы болуп калды о.э. Американын Африкадагы таасирине каршы аракет кылууга батына баштады. Бул нерсе Гвинеядагы аскерий төңкөрүштө о.э. Франциянын Африкадагы Жээк мамлекеттеринде ишке ашырган аскерий аракеттеринде ачык көрүндү. Булардын баары Американын Францияга карата нааразылыгын жаратты.

б) Британиянын Европа Союзунун мамлекеттери менен алып барган Брексит сүйлөшүүлөрүнөн кийин Британия-Франция мамилелери кескин жамандашты. Эки мамлекеттин эч бири кескиндикти басаңдатууга аракет кылганы байкалбады. Бул абалды Европа Союзунан чыгып кеткен Британия Франция жана Европанын менен түзүлгөн келишим жана шарттар учурунда кежирдик кылып туруп алышында көрүүгө болот. Франция жана Европа Союзу мамлекеттери союздагы башка мамлекеттер Британияны ээрчип, ушул таризде союздан чыгып, союз келишимин бузууга тоскоолдук кылмакчы болгон көрүнөт. Бирок, бул нерсе Франция-Британия мамилелеринин болуп көрбөгөндөй жамандашуусуна алып келди. Алардын эл аралык саясаты сезилээрлик даражада бири-биринен ажырады. Франция Кайс Саиддин акыркы чечимдери аркылуу Тунисте бийликти колго алган соң, Британиянын эч бир кызыкчылыгын эсепке албай, ага каршы Америкадан жардам ала баштады. Мындай абал экөөсүнүн тең саясатында мурун болбогон.

в)   Буга чейин, 2021-жылы май айынын башында Жерси аралы кризиси жүз берген. Белгилүү болгондой, Жерси Британия королдугуна караштуу арал болуп, Франция аймагынан болжолдуу 20 км. алыстыкта жайгашкан. Ошондо Британия Европа Союзунан чыккандан кийин француз балык улоо кемелеринин Британияга караштуу балык кармай турган аймактарга киришине жол бербөө үчүн өзүнүн аскерий кемесин жиберген. Франция аралды электр энергиясынан үзүп коюу менен коркутту, кийин Британия көргөн чараларга жооп катары, француз балыкчыларын коргоо үчүн өзүнүн полиция жана жээк сакчыларынын кемелерин жиберди. Булардын баары эки малекет ортосундагы мамилелердин чыңалуусу ылдамдап кеткенинен кабар берет. Бул абал Британияны Францияга сокку берүүгө жана Американы ага каршы коюуга үндөдү. Бирок, булардын баары Британиянын адаты жана айла-амалы боюнча жашыруун ишке ашырылды. Американын «Нью-Йорк Таймс» гезити жазат: «Лондон жана Вашингтон расмийлеринин айтымында, Британия өкмөтү Тынч океанында суу астында жүргөн атомдук кемелерди жайгаштыруу үчүн АКШ жана Австралия менен үч тараптуу союз түзүп, бул жааттагы ролун мурун эле баштаган». («Арабийя», 2021-жыл, 19-сентябрь).

г)   Бирок, өзгөчө Америка үчүн эң кооптуу нерсе Франциянын Кытайга карата – Америка позициясына тескери түрдө – пацифисттик мамиледе болушу. «Париж анын союздаштары региондо Кытайга карата Франция кызыкчылыктарына коркунуч туудура турган кагылышуу стратегиясын ишке ашырышынан тынчсызданып жатат. Индия-Тынч океанындагы үч тараптуу союздук стратегияда жол берилген ар кандай аскерий жаңылыштык «Жаңы Каледония» жана «Франция Полинезиясындагы» бир миллион француз жарандарынын коопсуздугуна коркунуч туудурат. Белгилүү болгондой, Франциянын бул эки маанилүү региону деңиз артындагы региондор катары таанылган…». Ошондуктан, Франция «кийинки жылдын башында Европа Союзунун төрагалыгын кабыл алгандан кийин Көз карандысыз Европа стратегиясынын багытын анык белгилеши, Европаны АКШнын коргонуу көлөкөсүнөн чыгарып алууга каратылган аракеттерди улантышы о.э. универсалдык күчкө айлануу үчүн Европа Союзунун эл аралык майдандагы ордун бекемдеши күтүлөт…». (2021-жыл, 22-сентябрь).

  • – Америка Британия менен биргеликте аракет кылып, Австралия менен түзгөн союздун мааниси жана көлөмү мына ушундай. Бул союз бир тараптан Кытайды курчоого алуу жүзүктөрүнүн бири болгон болсо да, башка тараптан, суу астында жүргөн кемелерди сатып алуу боюнча Франция-Австралия келишимин бекер кылуу жана аны бул союзга кошпоо – Францияны жаакка тартуу болду. Бул союз Кытайды курчап турган деңиздердеги абалды дагы да көбүрөөк аскерийлештирүүгө жана кризиске жетелейт о.э. Кытайдын өсүп келе жаткан таасирин токтотууда Вашингтон үчүн өтө маанилүү каражат катары кызмат кылат. Жетик саясат алып бара албаган Францияга келсек, ал Америка жана Британиянын муштарынан бетин да коргой албай турган даражада алсыз. Т.а. Европа Союзундагы мамлекеттердин баары мына ушундай өтө алсыз абалда. Франция төрт тарапка жар салып, НАТОдон өзүнчө көз карандысыз күч катары түзүүгө чакырып жаткан Европа күчтөрүнүн көлөмү да өтө аз (беш миң кишини түзөт). Бул айрыкча Британия Европа Союзунан чыгып кеткенден кийин Европанын эл аралык жөндөмдүүлүгү өтө чектелгенин көрсөтүүдө.
  • – Ошентип, бүгүнкү күндө ири деп аталып жаткан бул мамлекеттердин анык бир кыйматы жок.

﴿بَأْسُهُمْ بَيْنَهُمْ شَدِيدٌ تَحْسَبُهُمْ جَمِيعاً وَقُلُوبُهُمْ شَتَّى ذَلِكَ بِأَنَّهُمْ قَوْمٌ لَا يَعْقِلُونَ

«Алар өз араларында кубаттуу, аларды биримдиктүү деп эсептейсиң, (бирок) жүрөктөрү ар түрдүү. Буга себеп, алардын акылсыз коом экендиктери»              [59:14]

Бул мамлекеттерди ичинен курт кемирип бүткөн, ал тургай, алардын өз ара мамилелерин да кемирип жатат. Бул жакшылыктын кабарчысы о.э. Аллах Таала Өз дини үстөм болушун жеңилдетүү үчүн койгон сүннөттөрүнүн бири болсо ажеб эмес. Биринчи Ислам мамлекети тикеленгенде Фарс жана Рум мамлекеттеринин абалы да, алардын мамилелери да мына ушундай көрүнүштө т.а. муунтуп өлтүрүү жана ачык душмандык абалында болгон.

﴿وَإِذَا أَرَادَ اللَّهُ بِقَوْمٍ سُوءاً فَلَا مَرَدَّ لَهُ وَمَا لَهُمْ مِنْ دُونِهِ مِنْ وَالٍ

«Качан Аллах кандайдыр бир коомго балээ жиберүүнү кааласа, анда, аны кайтарууга болбойт. Жана алар үчүн Андан башка аким жок»                                                 [13:11]

 

                                                                                                                  18-сафар, 1443-х.

                                                                                                            25-сентябрь, 2021-м.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here