Кордук төлөмү азиздик төлөмүнөн кыйла кымбат

182
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Кордук төлөмү азиздик төлөмүнөн кыйла кымбат

Шамдагы Уммат козголоңу мубарек козголоң деп айтылат жана Аллахтын уруксаты менен, ушундай болуп калат. Себеби, ал кафир, жабыр көрсөтүүчү жана текебер Американын малайы болгон канкор режимге каршы чыкты. Ал гана эмес, Шам козголоңу Аллахтын үйлөрүнөн башталып, максаты чоң жана улуу максаттар менен кооздолду. Эсиңерде болсун, бул максат – кылмышкер режимди бүткүл негиздери, мекемелери жана жүздөрү менен кулатып, анын урандылары үстүнө Пайгамбарыбыз ﷺ башарат кылган Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалыкта көөдөлөнгөн Ислам бийлигин тикелөө. Бул нерсе Шамдагы козголоңчулардын ооздорунан чыккан ураандардан да ачык-айкын угулуп турду. Негизи, бул козголоңчулар Шам козголоңу үчүн өмүрүн, канын жана малдарын курман кылышты. Ал тургай, жакындарын курман кылышса да, жүрөктөрү Аллах Таалага байланып, Анын нусратына ишеништи.

Бул Шам козголоңу биринчи күнүндө эле мубарек козголоң болгон. Козголоңчулар башынан эле зулум жана залимдерди жок кылуу зарылдыгын, өз алдындагы жана Уммат алдындагы жоопкерчиликтери чоң экендигин сезишкен. Алар канчалык курмандык берип болсо да бул тогутка жана анын режимине каршы чыгуу шарт экендигин түшүнүшкөн. Ошондуктан, бул жолдо өтө кымбат төлөмдөрдү төлөөгө, региондогу эң жуундукор режимге каршы чыгуу алардан өмүрүн берүүнү талап кылса да аны берүүгө даяр турушту жана ушундай да кылышты. Жакшылык кушкабарын берип жаткан, козголоңчулар өзгөрүүгө карай туура жана ачык-айкын жолдо бара жатканына далалат кылган нерсе мына ушулар.

Кээ бир адамдар жолдогу кыйынчылыктардын оордугунан, курмандыктар жана сыноолор созулуп кеткенинен кыйналып, артка кайтууга, козголоңду улантпоо чечимине келиши мүмкүн. Мындай чечим үмүтсүздүк жана түшкүндүк болуп эсептелип, кээ бирөөлөр аны табигый көрүнүш катары жеңил санайт. Бирок, түпкүлүгүндө бул чечим кыйроого кулоонун башталышы… О.э. ал берилген ушунча курмандыктарды, төгүлгөн ушунча кандарды, ушунча өмүрлөр, тебеленген ушунча намыстарды, ойрон болгон ушунча үйлөрдү текке кетирүү болуп эсептелет. Алардан тышкары, артка кайтуу кайрадан кылмышкер топтун зулуму астында жашоого ыраазы болуу болот. Мындай чегинүү ушунча үрөй учурган кылмыштарды жасаган режимдин душмандыгына дагы душмандык, кылмыштарына кылмыш кошот, ага каршы көтөрүлгөн козголоңчулардан өч алууга мүмкүнчүлүк берет. Бул режим анын көзөмөлүнө өткөн шаарларда камакка алуу, кыйноого салуу, өлтүрүү, хурлардын намысын тебелөө, кабырларды ойрон кылуу сыяктуу кылмыштарды жасоо менен козголоңчулардан өч алганы бул сөздөрүбүзгө анык далил болот.

Жолдун ортосунда артка кайтып кетүү өтө кымбатка түшөт… Козголоңду улантпай, максатына жеткирбей, аны ара жолдо калтыруу о.э. режимди кулатып, Ислам башкаруусун тикелөө максатына алып барбоо эң оор төлөмгө, өтө чоң жоготууга алып барчу курмандыктарга, эң оор акыбеттерге алып барат. Себеби, мындай баш тартуунун акыбети кор абалда канкор режим жана анын коопсуздук кызматынын колуна түшүү менен бирге, бул дүйнө жана Ахыретте ачык-айкын зыянды алып келет, мындан Аллах сактасын. Ал эми, козголоңду улантып, максатына жеткирүүнүн натыйжасы болсо, Аллахтын уруксаты менен, бул дүйнөдө азиздик, үстөмдүк жана коопсуздук, Ахыретте болсо, кеңдиги жер-асмандай бейиш о.э. Аллахтын бейиштен да улуу ыраазылыгы.

Демек, эй Умматтын колонизатор кафирге каршы күрөшүндө таажы болгон Шам калкы, кантип душманыңар алып келген үмүтсүздүккө жана түшкүндүккө түшсөңөр?! Мунун ордуна, Аллах менен болгон убада-шертиңерди жаңылап, Анын арканын бекем кармабайсыңарбы, тигил сатылган жетекчилер адаштырган козголоңуңардын багытын оңдоп, аны кайра улантуу үчүн аң-сезимдүүү жана калыс саясий жетекчилерди ээрчибейсиңерби?!

Ушунча азап-кыйынчылыктарга карабастан, бул козголоңдун жалыны чынчыл адамдардын жүрөгүндө дагы эле өчө элек. Анын максаты козголоң перзенттеринин жүрөгүндө дагы эле сакталууда. Миллиондогон жүрөктөр:

﴿إِنَّا لَنَنصُرُ رُسُلَنَا وَالَّذِينَ آمَنُوا فِي الْحَيَاةِ الدُّنْيَا وَيَوْمَ يَقُومُ الأَشْهَادُ﴾

«Албетте Биз расулдарыбызга жана ыйман келтиргендерге дүйнө тирүүлүгүндө да, күбөлөр турган Күндө да нусрат-жардам беребиз»                                                    [40:51]

деген Аллахтын чырайлуу убадасына дагы эле бекем ишенишет.

 

Роя гезити, №357, 2021-жыл, 22-сентябрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here