Политехника университетиндеги о.э. Халил жана Бирзит университеттериндеги Ал-Ваъй тобу туткундарга жардам берүү иш-чараларын уюштурду

198
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Политехника университетиндеги о.э. Халил жана Бирзит университеттериндеги Ал-Ваъй тобу туткундарга жардам берүү иш-чараларын уюштурду

Жакында туткундарга байланыштуу окуялардын тушунда Политехника университетиндеги о.э. Халил жана Бирзит университеттериндеги Ал-Ваъй тобу бир нече күн аралыгында яхудийлердин камактарындагы туткундарыбызга жардам берүү иш-чараларын өткөрдү. Иш-чараларда адамдар плакаттарды көтөрүп чыгышты жана университеттин ичинде плакаттар илинди, Политехника жана Халил университеттеринде демонстрациялар өткөрүлдү, студенттерге кайрылуулар жасалды.

О.э. иш-чараларда «Яхудийлердин колунан качкан каарман туткундар… баскынчылардын коркоктугуна, малай режимдердин саткындыгына далил» деген баракча таратылды. Баракчада Ал-Ваъй тобу ушуларды баса белгиледи: «Баскынчы яхудий вужуду өтө алсыз болуп, ал айтып жаткан күч-кубаты куру кыялдан башка нерсе эмес. Мунун жалгандыгын алардын түрмөсүнөн качкан каарман туткундарыбыздын билектери жана качууда колдонгон кашыктары ачыктады. Бул дүйнө айланып турат, биз бул баскынчы яхудийлерден эмнени көргөн болсок, аларга ошону көрсөтөбүз. Аллахтын уруксаты менен, нусрат жакын.

Фалестин – мына ушундай каармандардын жери. Бирок, бүгүнкү коркок режимдердин заманында бул каармандар зулумдан жер-асманга батпай калышты. Ушул себептен улам, бул туткундардын окуясы да, Акса окуялары да Исламсыз жана Халифалык мамлекетисиз эч качан чечилбейт. Расулуллах ﷺ:

«إِنَّمَا الإِمَامُ جُنَّةٌ يُقَاتَلُ مِنْ وَرَائِهِ وَيُتَّقَى بِهِ»

«Имам-халифа – анын артында туруп согуш кылына турган жана аны менен коргонула турган калкан», дегендей бул халифанын биринчи даражалуу милдеттеринин бири Расулуллах ﷺдын:

«فُكُّوا الْعَانِيَ»

«Туткунду азат кылгыла», деген сөзүнө амал кылып, туткундарды азат кылуу болот».

 

Роя гезити, №357, 2021-жыл, 22-сентябрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here