Фалестиндеги бардык топтордун жетекчилерине: туткундар, Исра жери, Фалестин жана анын калкына каршы кылмыштар силердин жоопкерчилигиңерде

151
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Фалестиндеги бардык топтордун жетекчилерине: туткундар, Исра жери, Фалестин жана анын калкына каршы кылмыштар силердин жоопкерчилигиңерде

 

Эй Фалестиндеги бардык топтордун, кыймыл жана партиялардын жетекчилери!

Туткундар, Исра жери, Фалестин жана анын калкына каршы кылмыштар силердин жоопкерчилигиңерде, алардын тагдыры да силердин чечимиңерге байланыштуу. Силер бул жолдо өтө чоң аракет жумшап, алар үчүн бардык каражаттарды ишке салып көрдүңөр, биз буга күбөбүз.

Бирок, силер эң улуу, эң пайдалуу бир каражатты ишке салып көрбөдүңөр. Ыктымал ал жөнүндө пикирлеп көргөндүрсүңөр, бирок, тажрыйбадан өткөрбөдүңөр. Билип койгула, бул каражат – мусулман армияларынан нусрат жана жардам талап кылуу. Демек, ушул каражатты да сынап көргүлө, анткени, муну менен эч нерсени жоготпойсуңар.

Аларга мындай дегиле: эй, мусулман армиялары, биз бардык күчүбүздү жумшап, энергиябызды коротуп болдук. Биорк, Фалестин, туткундар жана Пайгамбарыбыздын Исра жери дагы эле туткун бойдон калууда. Алар үчүн Аллах Субханаху ва Тааладан кийин силер, силер гана калдыңар. Жетишет, аракетке келгиле, жерге ушунча жабышып алганыңарды токтоткула, кааласаңар да, каалабасаңар да козголгула, курал-жарак жана жабдыктарыңар менен чыккыла, такбир-тахлилдерди айтып, яхудийлердин арканын титиретип мубарек жерге карай аракетке келгиле. Туткундарды азат кылуу – Расулуллах ﷺдын «فُكُّوا الْعَانِيَ Туткунду азат кылгыла» деген сөзүнө ылайык – фарз. Демек, Фалестин жана анын калкын азат кылуу, Аллах Тааланын ушул аятына ылайык, силердин мойнуңардагы милдет:

﴿وَإِنِ اسْتَنصَرُوكُمْ فِي الدِّينِ فَعَلَيْكُمُ النَّصْرُ﴾

«Эгер алар дин жолунда силерден нусрат-жардам сурашса, нусрат-жардам берүү мойнуңарда»

                                                                                                                                     [8:72]

Биз силерге ынтызарбыз.

Эй Фалестиндеги бардык топтордун, кыймыл жана партиялардын жетекчилери:

Бул айткандарыбызды тажрыйбаңарда услуб катары сынап көргүлө, анткени, муну менен эч нерсени уттурбайсыңар. Бул милдетти Уммат армияларынын жоопкерчилигине жүктөгүлө, балким, инша Аллах алар силерди жардамсыз калтырбайт. Көптөгөн эшиктерди каккылаганыңардай, алардын да эшигин бир каккылап көргүлө.

 

Роя гезити, №357, 2021-жыл, 22-сентябрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here