Акимдер Уммат перзенттеринин даңктуу позицияларын өздөрүнүн шерменде позициялары менен каршылоодо!

225
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Акимдер Уммат перзенттеринин даңктуу позицияларын өздөрүнүн шерменде позициялары менен каршылоодо!

«Кудс арабий» веб-сайты хижрий 1443-жылы 24-мухаррам, миладий 2021-жылы 1-сентябрь күнү жарыялаган кабарда мындай делет: «Иордания университетинин архитектура факультетинин студент кызы «Биздин сыноодон өткөн өз принциптерибиз бар» деген сөз менен эл аралык долбоордон чыкканын жарыялады. АКШнын «Жонс Хопкинс университети» тарабынан сунушталган бул долбоор дүйнө мамлекеттери үчүн коронавирус пандемиясынын экологиялык, экономикалык жана маданий акыбеттеринен чыгуу чечимин табууга багытталган.

Лина Хивраний аттуу бул кыз сыйлыгы бир миллион доллар болгон мелдеште катышуудан баш тарткандыгынын себебин Жакынкы Чыгыштан (израилдин) да катышып жаткандыгы менен түшүнүдүрүп: «Менин бул мелдеште катышуум атаандашымдын мамлекетин моюнга алууну түшүндүрөт, бул болсо мүмкүн эмес, ушул себептен улам, мен мелдештен чыктым», – деди».

Роя:

Спортсмендердин түрдүү эл аралык жарыштардан – яхудий вужуду катышып жаткандыктан – чыгып кеткен абалдар көп болот. Мисалы, бир нече ай мурда дзюдочу чемпион Фатхий Нурин атаандашы (израилдик) болгондуктан мелдештен баш тарткан, натыйжада Алжир Олимпиада комитети «Токио 2020» олимпиадасында Фатхий менен анын тренери Аммар ибн Халифтин аккредитациясын кайтарып алууга мажбур болду. Аккредитациясы эл аралык федерация тарабынан убактылуу токтотулгандан кийин алар өз мамлекетине депортацияланышы керек болгон. Ошондо дзюдочу Фатхий: «Фалестин маселеси бул оюндардан маанилүү жана бул кайтарылгыс чечим», – деген. 1991-жылы алжирлик дзюдочу Мизян Дахманий да ушул себептүү дзюдо боюнча эл аралык чемпионатка жана 1992-жылы Испанияда өткөрүлгөн эл аралык чемпионатка катышуудан баш тарткан. 2003-жылы алжирлик спортчу Умар Рабахий атаандашы (израилдик) болгондуктан эл аралык чемпионаттан чыгып кетти. 2009-жылы марокколук футболчу Марван Шаммах француз атаандашы (израиль) үчүн ойноп жаткандыктан оюндан чыгып кетти, «ал мусулман экендиги, исламий туйгуга ээ экендиги жана ушул себептүү яхудийлердин Фалестиндеги кылмыштарын кабыл албастыгы» менен түшүндүрдү. 2011-жылы марокколук Марям бин Муса дүйнөлүк чемпионаттан ушул себептүү чыкты. О.э. тунистик фехтовальщик Изза Басбас финалдык оюнда (израилдик) атаандашы менен мелдешүүдөн баш тартты. 2012-жылы Мисир курама командасы хоккей боюнча дүйнөлүк чемпионатта (израилге) каршы ойноодон баш тартты. Ушул жылы майыптар үчүн уюштурулган Румыния ачык чемпионатында майыптар стол теннисинин чемпиону кувейттик Эваз Харбий ушул себептүү жарым финалдан чыгып кетти жана бул абал 2013-жылы дагы кайталанды. 2019-жылы тайквандочу Абдуллах Фархад Швеция чемпионатынан чыгып кетти. Ушул эле жылы тунистик боксчу Миса Аббасий бокс боюнча дүйнөлүк чемпионаттан чыгып кетти.

Мына ушинтип мелдештерден тынымсыз чыгып кетүүлөр яхудий вужудунун тынчын бузууда. Яхудийлердин «Едиот ахронот» гезитинде мындай кабар тарады: «Арабдар биздин оюнчуларыбыз алдында оюндан чыгып кетүү менен бизди маскаралап жатышат. Алар менен тынчтык келишимдери түзүлгөнүнө, көптөгөн келишимдерге кол коюлганына карабастан, араб спортчулары бизге жер жүзүндө жоктой мамиле кылышууда».

Бул Ислам Умматынын перзенттеринин даңктуу позициясы. Бирок, мунун тушунда, мусулман өлкөлөрүндөгү режимдер шерменде позицияны кармап, бул баскынчы вужуд менен мамилелерди нормалдаштырып, аны ыраазы кылуу жана моюнга алуу үчүн жан үрөп аракет кылып келишүүдө. Бирок, алардын мындай ийгиликсиз позициялары албетте каршы реакцияга туш болот жана биздин яхудий вужуду менен болгон күрөшүбүз чегаралар күрөшү эмес, тескерисинче, анын бар болушуна каршы күрөш.

 

Роя гезити, №356, 2021-жыл, 15-сентябрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here