Эрдоган: Сирия тынчтыгы Россия менен Түркиянын ортосундагы мамиледен көз каранды

37
0

Эрдоган: Сирия тынчтыгы Россия менен Түркиянын ортосундагы мамиледен көз каранды

Кабар: Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган Сочиде Россиянын президенти Владимир Путин менен Идлиб маселесин талкуулады. Эрдоган жолугушуу учурунда Сирия тынчтыгы Анкара менен Москванын ортосундагы мамилелерге байланыштуу экендигин баса белгиледи. Анын айтымында, бул эки мамлекеттин Сирия маселеси боюнча бирге таштаган кадамдары өтө маанилүү.

Өз кезегинде Владимир Путин да Москва менен Анкара ортосундагы мамилелерди жогору баалап, макулдашууну үйрөнгөнүн кошумчалады.

“Бизнинг мамилелерибиз оң тарапка өнүгүп жатканын ыраазылык менен айта кетем. Тийиштүү мекемелер да ар дайым бири-бири менен ар тараптуу кызматташтыкты улантууда”, “Биздин ыйгарым-укуктуу мекемелерибиз эки тарап кызыкдар болгон чечимдерди табууну үйрөнүштү”, –  деди Путин.

Комментарий: Эрдоган менен Путиндин Сирия маселеси боюнча жолугушуусунан бир аз мурда Россиянын учактары Африн жана Идлибдеги Жабал Завия аймагын бомбалады. Ал соккуларда көптөгөн жай тургундар жана Түркия колдоп келген оппозиция өкүлдөрү өлтүрүлдү. Түркиянын “Зайтун бутагы” операциясынын аймагы болгон Афринди ушул жолугушуунун алдында бомбалоо эмнеге ишара кылат? Негизи ал жерде Түркия куралдуу күчтөрүнүн аскерий базасы жайгашкан.

Ошондой болушуна карабастан, Эрдоган Сочи сапарын Путинге кошомат кылуу менен баштады. Ал Россияга сапарынын алдында Россия президенти Путинге мактоолорду жаадырып: “Биз Россия менен мамилебизде бүгүнкү күнгө чейин эч кандай мыйзам бузуу көрбөдүк”, – деди. Бирок, Идлибде Россия ишке ашырган аба соккуларында 33 түрк аскери өлүшүнө, ооруканалар, базарлар, мектеп жана мечиттер бомбаланышына, мусулмандардан турган жай тургундар тынымсыз кыргын кылынышына, кыскасы, ушулардын бардыгына көз жумуп койду.

Мына ушундан көрүнүп тургандай, Эрдогандын Путин менен түзгөн союзу эң кооптуу союз болуп эсептелет. Бир топ жыл Асад режими, Россия жана Иран күчтөрүнө моюн сунбаган Халаб (Алеппо) шаары ушул союз себептүү Башардын колуна өттү. Андан соң Россия аскерлери жана Ирандын жалданма армиясы Асад күчтөрү менен биргеликте ырайымсыз кыргындарды уюштурганына карабастан, Сирияда ишке ашыра албаган “кулайын деп турган Асад режимин сактап калуу” операциясын Эрдоган ишке ашырып берди. Ал үчүн Эрдоган Сирия оппозициясын “мээлүүн” жана “радикал”га ажыратып, “мээлүүн” деген бөлүгүн өзүнө тарта алды жана “Астана келишими” алкагында алардын Асад режимине каршы күрөшүүсүнө тоскоолдук кылды. Россия жана Асад режими бардык мужахиддерге каршы чабуул кылып жатканда Түркия жана анын көзөмөлүндөгү мээлүүн деп бөлүнгөн оппозиция олуттуу каршылык көрсөтпөстөн радикалдар деп ажарыталган мужахиддерди жардамсыз калтырышты. Натыйжада Сириянын чоң бөлүгү Асаддын колуна өтүп, мужахиддер Идлибде камалып калды. Бүгүн болсо ал жабык эшиктер артында Путин менен Идлиб маселесин талкуулап жатат. Бул талкуу мусулмандарга каршы куфр менен тил бириктирүү болуп эсептелет.

Аллах Таала Куръанда мындай дейт:

وَلَا تَرْكَنُوا إِلَى الَّذِينَ ظَلَمُوا فَتَمَسَّكُمْ النَّارُ وَمَا لَكُمْ مِنْ دُونِ اللَّهِ مِنْ أَوْلِيَاءَ ثُمَّ لَا تُنصَرُونَ

“Зулумдук жолун туткан адамдарга таянбагыла, антпесе, силерге тозок оту жетет, силер үчүн Аллахтан башка бир да дос жок, кийин (залимдерди ээрчип кетсеңер) силерге (Аллах тарабынан) нусрат берилбейт”.[11:113]

 

Киямуддин Шариф

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here