Казакстандын элчиси Талибандын министри менен жолукту

57
0

Казакстандын элчиси Талибандын министри менен жолукту

 Кабар: Казакстандын Афганистандагы элчиси Алимхан Эсенгелдиев 26-сентябрь күнү Афганистандын борбору Кабул шаарында Талибан өкмөтүндө тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Амир Хан Муттаки менен жолугушту. Бул жогорку деңгээлдеги казак чиновнигинин Талибан өкмөтүнүн өкүлү менен алгачкы жолугушуусу.

Казакстан тышкы иштер министрлигинин кабарында Талибандын аты аталган жок. Расмий билдирүүдө Муттаки “Афганистандагы убактылуу өкмөттүн тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу” катары сыпатталды.

 Кабарда келишинче, тараптар Афганистан калкына азык-түлүк жана башка гуманитардык жардам көрсөтүү маселесин талкуулашкан.

 Комментарий: Орто Азия мамлекеттери Афганистанда бийликке келген Талибан кыймылы менен мамиледе эки түрдүү позицияны карманышууда. Өзбекстан башынан эле Талибан менен достук мамиледе болуп, АКШ жана Талибан ортосундагы сүйлөшүүлөргө ортомчулук кылып келди. Себеби, АКШ Өзбекстанга ушундай милдетти жүктөгөн эле. Өткөн аптада болсо Кыргызстан коопсуздук кеңешинин төрагасынын биринчи орунбасары Таалатбек Масадыков башында турган расмий делегация Афганистанга гуманитардык жардам алып барып, Талибандын бир катар расмийлери менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Кыргыз өкмөтүнүн мындай аракетине Россиянын Кыргызстан расмийлерине, өзгөчө Жапаровго карата басымынан чарчаганы жана мүмкүн болушунча Россиянын таасиринен кутулуу аракети себеп болууда.

 Эми, Афганистан менен чектеш болбосо да, Казакстан да Талибан менен достук мамиле орнотууга кадам таштады. Себеби, региондогу башка мамлекеттерден айырмалуу түрдө, Казакстан гана Россия менен чектеш мамлекет болгондуктан орус чиновниктеринин аймактык маселе боюнча сөздөрү казак өкмөтүнүн тынчын алып койду. Ошол себептен Казакстан да региондон Россиянын таасирин чыгарууга шарт түзө турган ар кандай мүмкүнчүлүктөн пайдаланып калууга умтулууда.

 Орто Азия мамлекеттеринин арасынан Тажикстан гана Талибан кыймылын коркунуч катары көрүп келет. Ал тургай Тажикстан президенти Эмомали Рахмон Талибан өкмөтүн тааныбастыгын билдирди. Мындан тышкары, тажик өкмөтү Панжшердеги каршылык кыймылын жана этникалык тажик  Ахмад Маъсудду ачык эле колдоп келет. Албетте, Эмомали Рахмондо мындай кайрат өзүнөн-өзү пайда болгон жок. Анын артында Россия турганы себептүү да ал Талибанга ачык каршы чыгууга батынууда. Себеби, Россия Талибан кыймылын расмий өкмөттүк деңгээлде тосуп алып сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жатканы менен, Афганистанда толук тынчтык орнотулушуна жана региондогу мамлекеттер үчүн альтернативалык жол ачылышына  кызыкдар эмес. Ал үчүн Афганистанда ички жаңжалдар – Афганистандан четке чыкпай турган – болуп турганына жана региондогу мамлекеттердин Афганистан менен чек арасын бекемдеп, андан өздөрүн алысыраак кармашына кызыкдар.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here