Эй Эрдаган! Өзүң кылбаган ишти сүйлөө – Аллахтын алдында оор күнөө

245
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Эй Эрдаган! Өзүң кылбаган ишти сүйлөө – Аллахтын алдында оор күнөө

﴿يَاأَيُّهَا الَّذِينَ آَمَنُوا لِمَ تَقُولُونَ مَا لاَ تَفْعَلُونَ + كَبُرَ مَقْتًا عِنْدَ اللَّهِ أَنْ تَقُولُوا مَا لاَ تَفْعَلُونَ

«Эй момундар, силер эмнеге өзүңөр кылбаган нерсени (кылабыз деп) айтасыңар?! Өзүңөр кылбай турган ишти айтууңар Аллахтын алдында өтө оор күнөө»                         [61:2-3]

Анадолу маалымат агенттигинин веб-сайтында хижрий 1443-жылы 17-мухаррам, миладий 2021-жылы 25-август күнү жарыяланган кабарда мындай делет: «Түркия президенти Эрдаган мусулмандарды өзүлөрүнүн коопсуздук жана жыргалчылыгы о.э. бүткүл адамзаттын коопсуздугу жана туруктуулугу үчүн жоопкерчиликти өз мойнуларына алууга чакырды. Анын бул билдирүүсү шаршемби күнү Ислам Кызматташтык Уюму Жаштар Форумунун төртүнчү башкы ассамблеясына жиберген видеокайрылуусунда айтылды.

Эрдаган мусулмандарды алар туш болуп жаткан адилетсиздиктерге каршы үндү бийик көтөрүүгө чакырды. Азыркы күндө дүйнө адамзат тарыхындагы эң тынчсыз доорду башынан өткөрүп жатканын баса белгиледи.

Эрдаган: «Биз демократиянын бешиги болушу керек болгон мамлекеттерде мусулман же муслиманын өз итикады, же хижабы, же болбосо кийими себептүү куугунтукка учураганын жана кемситилгенин укпаган бир да күнүбүз болбоду», – деди.

Ал минтип кошумчалады: «Дүйнөдө болуп жаткан мындай адилетсиздиктерге эч бирибиз кол куушуруп турбашыбыз керек. Себеби, биз маъруфка буйруп, мункардан кайтаруу жоопкерчилигин алган адамдарбыз».

Роя:

Эрдаган ал маъруфка буйруп, мункардан кайтаруучу экенин айтып жатат. Бирок, өзү мункарлардын эң чоңун жасап, аларга чакырууда. Бул – Исламды турмуштан бөлгөн илманийлик, адамдын нафси негизинде өкүм жүргүзгөн демократия, бузукулук-ыпластыкка уруксат берген эркиндик. Негизи, Эрдаган Түркияда мына ушундай бузукулук жана харам иштердин жайылышына себеп болгон конституцияны колдонуп жатат. Ал тургай, маъруфка буюруп, мункардан кайтарууга чакырып жаткандарга каршы күрөшүүдө. Мисалы, Исламды колдонууга жана Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалыкты тикелөөгө даъват кылып жаткандарды кармап, эркинен ажыратууда. О.э. анын илманий мамлекетинин мыйзамдарына каршылык билдирген жана адамдын адашуу, бузукулук жана фажирлик кылышына уруксат берген эркиндиктерге каршы чыккан адамдарга карата да кудум ушундай кылууда. Мындан тышкары, Эрдаган көптөгөн сөздөрүндө илманийликти көккө көтөрүп мактаган, аны эң жакшы түзүм деп атаган. Бир учурларда Түркия парламентинин мурунку төрагасы Исмаил Кахраман конституциябыз мусулман элибиздин динине негизделиши керек деп айтканда Эрдаган ага каршы чыгып, бул сөз Исмаил Кахрамандын жеке пикири, анын партиясынын да, өкмөтүнүн да пикирин айгинелебейт деген. Муну менен бирге, 2011-жылы Мисирге барып, мисирликтерди илманийлик түзүмдү тикелөөгө чакырганын, Ихванул Муслимин жамаатын илманийликти колдонууга ишендире алганын, жамааттын муршиди анын сөзүнө каршылык билдиргенде аны илманийликке канааттандыра алганын Эрдаган өзү айткан. Өзүн маъруфка буйруп, мункардан кайтаруучу даъватчы кылып көрсөтүп жаткан Эрдагандын бул сыяктуу мункар иштери өтө көп, жогорудагы мисалдар алардын бир бөлүгү гана. Маъруф иш бул кимседен аруу.

 Роя гезити, №354, 2021-жыл, 1-сентябрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here