Талибан АКШга жылуу мамиле билдирди

73
0

Талибан АКШга жылуу мамиле билдирди

Талибан кыймылы Афганистанга миллиондогон доллардык гуманитардык жардам берген эл аралык коомчулукка ыраазылык билдирди. Афганистандагы убактылуу өкмөттүн тышкы иштер министри Амирхан Муттаки маалымат жыйынында айтышынча, Талибан бул каражаттарды жакырчылыкты жоюу үчүн акыл менен жумшайт.

О.э. Муттаки Америка жөнүндө да жакшы маанайдагы билдирүү берди. Ал АКШ Талибанга көрсөткөн урматы үчүн Вашингтонго ыраазылык билдирип: “АКШ – улуу мамлекет жана улуу жүрөк ээси болуп калышы керек!” – деди.

20 жыл бою Афганистанды кыргын кылган баскынчы Америка жөнүндө Талибандын жылуу сөздөрдү айтышы эч бир күтүлбөгөн эле. Мындан эки күн мурун Талибандын эл аралык маалымат өкүлү Сухайл Шахин “мындан кийин Американы душман деп билбестигин, эгер Америка Афганистанды калыбына келтирүү жараянына катышса, буга кубанычта болорун” билдирген эле.

“Афганистанга инвестиция алып кирмекчи болгон бардык мамлекеттерди, анын арасында АКШны да кубануу менен кабыл алабыз. Биз алардын Афганистанды калыбына келтирүү жараянына кошкон салымын алкыштайбыз. Менимче, жыйырма жылдан көбүрөөк убакыт урандыга айланткан соң, Афганистанды калыбына келтирүүдө катышуу жана мамлекетибизге инвестиция алып кирүү АКШнын моралдык милдети”, “Америка мамлекетибизге бастырып кирди жана биз ага каршылык көрсөттүк. Эми ал барак жабылды жана биз жаңы баскычка өттүк. Бул баскычта мамлекетибиз үчүн кайра куруу, туруктуулук жана тынч-бейпил жашоо түшүнүктөрү болот”, “Америкалыктар мамлекетибизге бастырып кирген кезде душманыбыз эле, бирок бүгүнкү күндө алар Афганистанды кайра куруу жараянына катышса, мамлекетибизге жакшы салым кошсо жана инвестицияларды жаткырып, калкыбыз үчүн жумуш орундарын түзүү аркылуу оор күндөрдө бизди колдосо, бул душмандык болуп эсептелбейт. Тескерисинче, бул афган калкы үчүн жакшы болмок. Биз муну алкыштайбыз”, – деди түрк маалымат агенттигинин суроолоруна жооп берген Сухайл Шахин.

Негизи, Ислам жана мусулмандардын ашынган душманы болгон АКШга карата Талибандын жылуу мамилеси – бул Катардын борбору Доха шаарында кол коюлган “тынчтык келишиминин” жемиши. Себеби келишимге ылайык, Талибан Афганистанда өкмөттү ээлегенден кийин АКШ жана союздаштарынын коопсуздугуна тескери иш кылбайт. АКШ болсо, бул келишим себептүү буга чейин кылган кылмыштарына жооп берүүдөн кутулду жана Афганистандан чыгып кетерден мурда өз кызыкчылыктарын кепилдеп алууга жетишти.

Талибан кыймылы “АКШ менен сүйлөшүү столуна отуруу” катасын, бир гана ушул столдо түзүлгөн келишимди жыртып, АКШнын жүзүнө ыргытуу жана дароо, эч бир экиленбестен Халифалык долбооруна кошулуу аркылуу гана жууп салышы мүмкүн. Антпесе, Хизб ут-Тахрир амири, улуу аалым Ато ибн Халил Абу Рашта айткандай, алдынкы эшиктен чыгып кеткен Америка, кайра эле арткы эшиктен кирип келет.

Киямуддин Шариф

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here