Жапаров Кыргызстандын Афганистан боюнча позициясын билдирди

384
0

Жапаров Кыргызстандын Афганистан боюнча позициясын билдирди

Кабар: Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров 16-сентябрда, Душанбе шаарында ЖККУнун жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясындагы сөзүндө Афганстандагы кырдаал боюнча Кыргызстандын позициясын билдирди.

Жапаров региондо теократикалык мамлекеттин калыптанышы, сөзсүз түрдө, уюмга мүчө-өлкөлөрдүн учурдагы кырдаалына терс таасир этээрин белгиледи. Ошону менен бирге ал кыргыз тараптын Афганистан менен достук мамилени колдоону жана анын ички иштерине кийлигишпөөнү жактаарын белгиледи..

Ошол эле учурда Афганистандын жаңы бийлигинин өкүлдөрү менен өлкөдөгү кырдаалды тезирээк турукташтыруу үчүн ар кыл маселелер боюнча кызматташуунун мүмкүн болгон варианттары жөнүндө диалог жүргүзүү зарылдыгын белгиледи.

Садыр Жапаров: “Биз Афганистандагы кырдаалдын тез арада турукташуусуна жана бул өлкөнүн эли кабыл ала турган мамлекеттик түзүлүштүн варианты менен жаңы инклюзивдүү өкмөттүн калыптанарына ишеним артабыз”, – деди.

 Комментарий: Тажикстандын борбору Душанбеде өтүп жаткан ЖККУ жана ШКУнун саммитинде негизги тема Афганистан маселеси болууда.  Россиянын президенти Путин ЖККУнун саммитине катышпаганы менен, уюмга мүчө мамлекеттер Россиянын көрсөтмөсү жана планы боюнча иш алып барып, ушуга ылайык билдирүүлөрдү беришти. Мисалы, саммитте уюмга мүчө мамлекеттердин башчылары бир добуштан афган качкындарын жана чет өлкөлүк аскерий базаларды өз аймагына жайгаштыруу мүмкүн эместиги жөнүндө билдирүүлөрдү беришти. АКШ Афганистандан аскерлерин алып чыгарын жарыялагандан кийин жана региондогу мамлекеттер менен аскерий база боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы тууралуу кабарлар тараган соң Россия ушундай позицияны карманып, региондогу мамлекеттердин ордуна АКШга өзү кескин жооп берген эле. О.э. жогорудагы уюмдарга мүчө мамлекеттер Афганистанда тезирээк туруктуулук орношу керектигин, анын жолу инклюзивдүү өкмөт түзүү экендигин айтышты.

 Садыр Жапаровдун да региондо теократикалык мамлекет калыптанышына каршы чыгып, бул нерсе региондогу мамлекеттерге терс таасирин тийгизерин белгилеши, Россияны ыраазы кылуу үчүн берилген билдирүүлөрдүн бири болду. Теократикалык мамлекеттин аныктамасы – диний жетекчилер мамлекеттин саясатына таасир өткөрө турган саясий түзүм же маанилүү мамлекеттик иштер илахий көрсөтмө жана мыйзамдар менен чечиле турган башкаруу түзүмү.

 Талибан кыймылы Афганистанда Ислам эмиратын курууну, кошуна мамлекеттердин коопсуздугуна коркунуч туудурбастыкты жана алардын ички иштерине аралашпастыкты убада кылганы менен, колонизатор мамлекеттер капиталисттик түзүмдү жана алардын колонизатордук саясаттын түп-тамыры менен сууруп таштай турган, малайлардын диктатордук режимдерин жоготуп, мусулмандарды бир жетекчи жана бир байрак алдында бириктире турган нукура Ислам мамлекети тикеленишинен коркуп жатышат. О.э. мунун алдын алуу үчүн колундагы бардык мүмкүнчүлүк жана ыкмаларды ишке салышууда. Өкүнүчтүүсү, Талибан кыймылы ушундай тарыхий мүмкүнчүлүктү колдон чыгарууда.

Душанбеде болуп өткөн ЖККУ саммити жана бүгүн баштала турган ШКУ жыйыны да Россия жана Кытайдын региондо таасирин сактап калуу аракеттеринен болуп эсептелет. Россия менен Кытайдын региондогу таасир талашуу күрөшү күчөп барууда.

Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here