Электр энергиясынын баасы октябрь айынан баштап көтөрүлүшү мүмкүн

266
0

Электр энергиясынын баасы октябрь айынан баштап көтөрүлүшү мүмкүн  

 Кабар: Электр энергиясына жаңы тарифтик саясатты ушул жылдын октябрь айында киргизүү пландалууда. Бул тууралуу энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Тилек Айталиев Бишкектеги маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, тариф саясаты боюнча документ жаз айынан бери талкууланып келет. Учурда президенттик администрация менен Министрлер кабинетинин талкуусунда.

“Эгер документ күчүнө кирсе октябрдын соңунда же ноябрдын башында электр энергиясы, ысык суу жана жылуулукка жаңы эсеп кирет”, – деди Айталиев.

 Комментарий: Садыр Жапаров президенттин жана премьер-министрдин милдетин аткаруучу болуп турган кезиндеги эл менен болгон жолугушууларда элдин негизги суранычы электр энергиясындагы чектөөлөрдү алып салуу жана бааларды түшүрүү болгон эле. Жапаров ошол кезде Нарын облусуна болгон иш сапарында жергиликтүү тургундар үчүн электр энергиясына чектөөлөр 2021-жылдын жаз мезгилинде алынарын убада кылган. Жаз келгенде болсо, чектөөлөрдү алып салуунун ордуна электрдин баасын көтөрүү боюнча сунуштар түшүп жатканын билдирди.

Ошондо садыр Жапаров: “Тоолуу жана жашоо-шарттары оор алыскы райондорго 1 сом 04 тыйындан берип, чектөөнү таптакыр алып салалы деген сунуштар бар. Ал эми, жашоо-турмушу кудайга шүгүр үй-бүлөлөргө 1 сом 48 тыйындан сатуу сунушталып жатат. Бирок, суунун тартыштыгына байланыштуу ушул категориядагыларга кышкы мезгилдерде 1000 кВт сааттан ашса 2 сом 29 тыйындан болсун деген сунуштар бар. Бул бүгүнкү күндөгү электр энергиянын өздүк наркы. Кудай буюрса, сууну толтуруп алсак, кийин чектөөнү алып салабыз. Азыркы тапта суунун көлөмү жогорулай баштады. Ушул кадамдарга барганыбызда гана биз 2025-жылга барып энергетикалык кризистен чыгат экенбиз”, – деген эле.

 Электр энергиясынын өздүк баасы чындап эле 2 сом 19 тыйынбы?

Бүгүнкү күндө ГЭСтерден алынган электр энергиясынын өздүк баасы 16 тыйындан, ал эми ЖЭБдерде өндүрүлгөн энергиянын өздүк баасы болсо 3 сом 63 тыйындан эсептелет. Экөөнүн орточо баасы 70 тыйын деп белгиленген. Буга кошумча, техникалык жоготууларга 26 тыйын, кошумча нарк салыгы үчүн 11 тыйын кошулат. Ошентип, өкмөт электр энергиянын тарифин абадан алган цифралар менен эсептеп келет. Негизи, ГЭСтерде өндүрүлгөн электр энергиянын өздүк баасы 3 тыйындан 8 тыйынга чейин болушу мүмкүн. 2010-жылдары Алмазбек Атамбаев да электр энергиясынын өздүк баасы 8 тыйын экендигин айтып, 18 эсе кымбат сатылып жатканын билдирген эле.

 Электрдин баасы көтөрүлүшүндө негизинен бөлүштүргүч компаниялардын салымы чоң. Ал эми бөлүштүргүч компаниялар электр энергиясын 35 тыйындан 42 тыйынга чейин сатып алат. Булардын ичинен мамлекеттик ишканалары “табийгый жоготуу” шылтоосу менен уруп калышат. Мындай жоготуу бир учурда 50%га чейин чыккан. Азыр болсо 22%дын айланасында экени айтылууда. Бул деле 3 миллиард кВт саат, тактап айтканда, бүтүндөй бир Күрпсай ГЭСинин иштеп чыккан энергиясы дайынсыз жоголот дегенди түшүндүрөт. Өлкөдө, бөлүштүрүүчү компаниялардан сырткары, аларга кардар болгон ортомчу компаниялар иш алып барат. Бул ортомчу жеке ишканалар деле элдин эсебинен марыган ишканалар болуп саналат. Алардын көпчүлүгү учурунда трансформаторлорду, ток өткөргүч линияларды текейден арзан менчиктеп алышкан. Алардын ар бири мурунку же кийинки энерго-чиновниктердин бирине караштуу.

 Мындан тышкары, расмий өкмөт эл аралык каржы уюмдарынан карыз жана гранттарды алуу үчүн да электр эенргиясынын баасын көтөрүп келет. Себеби, ал сүткор банктар өздөрү жаткырган каражат бир нече эсеге өсүп кайтышын кепилдөө үчүн карыз алуучу мамлекетке ар түрдүү – салыктарды көтөрүү, мамлекеттик чыгымдарды кыскартуу же электр энергияга болгон бааны көтөрүү сыяктуу – шарттарды коёт. Жаз мезгилинде Жапаров Садыр Жапаров электр энергиясынын тарифтерин өзгөртүүнү сунуштаган. Көп өтпөй тарифтин кымбатташын колдогон Дүйнөлүк банк Кыргызстандагы коронавируска каршы күрөшкө каралашып, 20 миллион доллар бере турган болгон.

 Ошондо Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбор Азия аймагы боюнча вице-президенти Анна Бьерде: “Бул чыгымдардын ордун толтуруу үчүн жасалган кадам болгондуктан Дүйнөлүк банк колдоду. Арзан тарифтер зарыл болгондон да көбүрөөк колдонууга түртөт. Биз анын өзгөрүшүн колдойбуз”, – деген.

Кыскасы, бардык балээ карапайым калктын башына түшүүдө.

Түпкүлүгүндө электр энергиясы жалпы элдик мүлк болуп, Исламда анын пайдасына мамлекет же жеке компаниялар ээ болуусу мүмкүн эмес. Анын өзүнүн пайдасы же андан түшкөн киреше ар бир жарандын өзүнө келип түшүүгө тийиш. Исламда электр энергиясы өздүк наркы менен гана элге жеткирилет. Ал эми чет өлкөлөргө сатылган энергиядан түшкөн пайда болсо элге бөлүштүрүп берилет.

Демек, калк капитализмден баш тартып, Исламды тикелөөгө аракет кылган жетекчилер аркылуу гана мындай кор абалдан чыга алат.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here