Бийлик Орусияны ыраазы кылуу үчүн уран кендерин кайрадан иштетүүгө аракет кыла баштады

208
0

Бийлик Орусияны ыраазы кылуу үчүн уран кендерин кайрадан иштетүүгө аракет кыла баштады

Кыргызстанда уран жана торий кендерин иштетүүгө уруксат берүүчү мыйзам долбоору иштелип чыкты. Энергетика жана өнөр жай министрлиги даярдаган “Жер казынасын пайдалануу маселелери жөнүндө” мыйзам долбоору өкмөттүн сайтына коомдук талкууга чыгарылды.

Эгер ал жактырылып, кабыл алынса 100% мамлекетке караштуу ишканаларга уран жана торий иштетүүгө мүмкүнчүлүк берилет. Алар инвестор таап, биргелешкен компания түзүп иштей алышат.

Эске салсак, 2019-жылы Кыргызстанда уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө жана иштетүүгө тыюу салган мыйзам кабыл алынган. Анын астында Ысык-Көл облусундагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө байланыштуу чуу чыккан. Коомчулуктун нааразылыгынан улам өкмөт кенди казганы жаткан «Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясынын лицензиясын токтоткон.

Белгилүү болгондой, 2019-жылы Путин баштаган россиялык делегация Кыргызстанга мамлекеттик сапар жасаган эле (мамлекеттик визит башка визиттердин бардыгынан жогору турат). Сапардын учурунда көптөгөн ачык жана жашыруун келишимдер түзүлгөн. Натыйжада, экономикалык жактан бардык кен байлыктарды Россия энчилеп, андан артканы гана Россиянын уруксаты менен башкаларга бериле турган болгон. Бирок, бул убадаларды аткарууда Жээнбековдун бийлиги алсыздык кылды. Элдин каршылыгынан улам Жээнбеков Кыргызстанда уран казып алынбастыгын убада кылууга аргасыз болду.

Кыргызстандагы уран кендерин иштетүү Орусиянын кызыкчылыгындагы иштерден болуп эсептелет. Маселен, Кызыл-Омпол кенин чалгындаган «Кыргызстандагы ЮрАзия» ишканасы Канадада катталганы менен, анын 60 пайыздык үлүшү орусиялыктарга, 40 пайызы Кыргызстанга таандык. Ошондуктан, Кыргызстандагы АКШ кадрлары “жарандык активисттер” наамы менен элдин “ЮрАзия” ишине нааразылыгын көтөрүүдө активдүү иш алып барышты.

Тилекке каршы бүгүнкү бийлик дагы өз кызыкчылыгы үчүн уран жана торий кендеринин  иштетилиши элге зыяндуу экенине карабастан мурункулардын кылмыштарын улантууга камынып жатат. Кумтөр боюнча саясий упай үчүн кылган аракеттерин Таластагы «Жерүйдү» Орусияга карматып жаткан учурда унутуп калууда.

Жыйынтыктап айтканда, бүгүнкү күндө капиталисттик система пайдага негизделгендиктен, үммөттүн мүлкү болгон кен байлыктарды жеке компанияларга тапшырып коюу менен бирге анын адамдарга зыяндуулугу эске алынбайт. Зыянсыз ыкмалар менен иштетебиз деп жатышканы – алдоодон башка нерсе эмес. Буга Кумтөрдөгү мөңгүлөрдүн талкаланышында, цианиддин сууга төгүлүшүндө ачык күбө болдук.

Андыктан, Кыргызстан калкы уран маселесинде сергек болуп, бийликтин Орусту ыраазы кылам деп кайрадан элге зулум кылуусунан этият болуусу, аны бул жолдон кайтаруусу шарт. Анткени, бүгүнкү капиталисттик түзүмдө кен байлыктар элдин кызыкчылыгы үчүн эмес, колонизатор каапырлардын гана кызыкчылыгы үчүн иштетилет!

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here