Хасина режими саламаттыкты сактоо тармагындагы жемкорлугун жашыруу үчүн карантин саясатына өтүүдө

195
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Хасина режими саламаттыкты сактоо тармагындагы жемкорлугун жашыруу үчүн карантин саясатына өтүүдө

Бангладеште коронавирус жуктургандардын жүздөгөнү кислород жабдыгы жана реанимация бөлүмдөрү жетишпестигинин натыйжасында каза болууда. Себеби, адамдарды сокур тыйынчалык кадырлабаган Хасина режими бир жарым жыл ичинде саламаттыкты сактоо тармагында зарыл иш-чараларды жасаган жок. Тескерисинче, режимдин башында тургандар медициналык жабдыктарды жана вакциналарды сатып алууну жүйөлөп миллиарддаган каражаттарды чөнтөктөрүнө салып алышты. Өкмөт саламаттыкты сактоо тармагындагы ийгиликсиздигин башкаларга шылтоолоо үчүн бардык айыптарды адамдарга жүктөп келет. Бийлик аларга мажбурлап жаткан жан чыдагыс карантинди актоо ниетинде маалымат каражаттары аркылуу адамдар саламаттыкты сактоо эрежелерин аткарбай жатышканы жөнүндө кабарларды таратып жатат.

Бул туурасында Хизб-ут-Тахрир–Бангладеш вилаятынын маалымат бөлүмү билдирүү жарыялап, ушуларды баса белгиледи: «Туруктуу карантин чаралары себептүү өлкө экономикасы талкаланды. Адамдар күнүмдүк оокатын табуу үчүн чоң кыйынчылыктарды башынан өткөрүшүүдө. Ал тургай, адамдар балдарына тамак таап бере албай же төлөй албай турган даражада карызга батып калгандыктан айрымдары өз өмүрүнө кол салууда. Бийлик болсо адамдарды басууда карантин саясатын колдонуудан пайдаланып жатат. Мына ушундайча, адамдар негизги муктаждыктары боюнча өз укуктарын талап кылып демонстрация чыкпашы үчүн карантинге алынып жатат».

Билдирүүдө Бангладештеги күч-кубат ээлерине кайрылуу жасалды: «Эй, армия жана коопсуздук кызматындагы калыс офицерлер! Өз өмүрүн куткарып калуу үчүн көчөлөрдө демонстрация өткөрүп жаткан ачка-алсыз жана жумушсуз адамдар камакка алынышууда же айыпка салынышууда. Бул, Хасина режиминин тогуттугунан башка нерсе эмес. Демек, мындай жырткыч тартип-эрежелерге баш ийүү менен силер да режимдин зулумуна шерик болуп калбагыла. Расулуллахз ﷺ айтат:

«مَنْ رَأَى مِنْكُمْ مُنْكَراً فَلْيُغَيِّرْهُ بِيَدِهِ فَإِنْ لَمْ يَسْتَطِعْ فَبِلِسَانِهِ فَإِنْ لَمْ يَسْتَطِعْ فَبِقَلْبِهِ وَذَلِكَ أَضْعَفُ الْإِيمَانِ»

«Кимде-ким бир мункарды көрсө, аны колу менен өзгөртсүн. Ага кудурети жетпесе, тили менен өзгөртсүн. Ага да кудурети жетпесе, жүрөгү менен өзгөртсүн. Бул болсо, ыймандын алсызы». (Сахих Муслим).

 

Роя гезити, №353, 2021-жыл, 25-август.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here