АКШнын “терроризмге” каршы күрөшү 60 миллион качкынды пайда кылды

52
0

АКШнын терроризмге каршы күрөшү 60 миллион качкынды пайда кылды

AКШ 2001-жылдын 11-сентябрындагы окуядан соң терроризм терминин ойлоп тапты. Натыйжада, терроризм шылтоосу менен каалаган өлкөсүн басып ала турган болду. Анын мындай баскынчы согуштарынын натыйжасында 60 миллион качкын мекенинен чыгууга мажбур болду.

Америкадагы Браун университетинин изилдөөсүнө ылайык, АКШ аскерлери аралашкан 20 жыл ичиндеги согуштарда расмий эсеп менен 38 миллион киши качкынга айланган. Өздүгү аныкталбаган жарандарды кошкондо бул сан 60 миллионго жетет. Маселен, 2003-жылы Иракка кол салуусу 9,2 миллион, 2014-жылы Сирияга согуш ачуусу 7,1 миллион, 2001-жылы Афганистанды басып алуусу 5,9 миллион, 2002-жылы Йемендеги согушка аралашуусу 4,6 миллион, 2002-жылы Сомалидеги согуштан 4,3 миллион, 2001-жылы Пакистанга кол салуусу 3,7 миллион, 2002-жылы Филиппинде 1,8 миллион, 2011-жылы Ливиядагы согушта 1,2 миллион киши качкынга айланган. Бул сандар 2-дүйнөлүк согуштагы качкындардын санынан да ашып түшөт.

Мындан тышкары, Америка «терроризмге» каршы күрөш үчүн 8 триллион каражат бөлүп, миллиондогон адамдын өлүмүнө себеп болгон. Анын  ичинен 350 миңден ашыгы АКШ колдогон режимдердин аскери. Ага каршы күрөшкөндөрдүн жоготуусу 200 миң. Ал эми Америка жана анын союздаштары өлтүргөн жай тургундардын саны 450 миңге жетет. Бул курман болгондор согуш майданындагы гана жоготуулар.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here